Аймак

АКШ КАРА-СУУДА ЖАПЖАҢЫ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫН АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ

АКШ КАРА-СУУДА ЖАПЖАҢЫ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫН АЧУУГА  ЖАРДАМДАШТЫ

 3 Бардыгы /

​​«Евразия Групп» компаниясы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жаңы тигүү фабрикасын расмий түрдө ишке киргизди. Бул ишкана АКШ Өкмөтүнүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу аркасында гана жүзөгө ашырылды.

Жапжаңы заманбап тигүү фарбрикасы жергиликтүү деңгээлде 600 жумушчу орундарын түзүп, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк рыноктордогу катышуусун мындан ары кеңейтет деп күтүлүүдө. Аталган ишкананын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Сара Верт катышышты. Аталган тигүү фабрикасы жалпы инвестиция көлөмү 27 миллион АКШ долларын түзгөн ири текстиль жана тигүү комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. «Евразия Групп» жаңы ишканага 3,4 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция жасады. Ал эми USAID продукциянын сапатын бара-бара жакшыртууга, натыйжалуу өндүрүш жараяндарын жана веб-сайтты түзүүгө, ошондой1 эле фэшн хакатонун уюштуруу максатында техникалык жардам дагы көрсөттү.

Аталган фабрика толук кандуу ишке киргизилгенден кийин продукциясын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага, Европа Биримдигине жана КМШ өлкөлөрүнө байма-бай экспорттоону гана пландаштырууда. Азыркы учурда ишкана 160тан ашуун тигүүчүнү иштетип, өндүрүшүн активдүү жана дагы ого бетер кеңейтип жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17