Аймак

ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ

ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ

 3 Бардыгы /

“Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында темир-бетон чыгаруучу цех ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында “Электр станциялары” ААКга караштуу Шамалды-Сай шаарындагы “Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында ачылган цехтин ачылыш аземине катышты.

Министр буга чейин иштебей, токтоп калган цехтин курулуш иштерин “Электр станциялар” мекемеси каржылап, кайрадан жаңылап, пайдаланууга бергенин айтты.

Цехтин 1 сааттагы өндүрүмдүүлүгү 60 куб метр, ал эми бир күндө 1440 куб метрди түзөт. Ишкана бетон мамыларын, плиталарды, регилдерди жана түрдүү бетон иштерине керектүү каражаттарды чыгарат.

Учурда 20дай киши жумуш орду менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, цех 1956-жылдан тартып 2020-жылга чейин иштеп келген. Чыккан өндүрүмдөр “Токтогул” ГЭСи жана “Үч-Коргон” ГЭСинин курулушунда колдонулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17