Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар! Ардактуу агай-эжейлер! Өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет! Ошентсе да эртеңки келечегибиз болгон балдарыбызга […]
2 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар! Ардактуу агай-эжейлер! Өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет! Ошентсе да эртеңки келечегибиз болгон балдарыбызга […]
ПРЕЗИДЕНТ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ ЖАНА ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАКТАРЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ
20.11.2024 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:
“Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар!
Ардактуу агай-эжейлер!
Өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет! Ошентсе да эртеңки келечегибиз болгон балдарыбызга кам көрүүдө мынакей сиздердин, мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларынын орду өзгөчө экенин баса белгилеп кетейин. Бекеринен мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип катары сыпатталбаса керек. Чындыгында эле биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалим менен тарбиячынын талыкпаган эмгегинин үзүрү экенин эч ким тана албайт.
Бүгүн биз ошол мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыздын эмгегин татыктуу баалоо, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими“, “Мыкты тарбиячысы“ сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында турабыз.
Эң алды өмүрүн балдардын туура тарбия, терең билим алуусуна арнаган, келечекке жол чапкан, “мугалим“, “тарбиячы“ деген улуу атты алып жүргөн сыйлык ээлерин чын дилимден куттуктап кетейин. Мен сиздерге жана сиздердин бардык кесиптештериңиздерге баа жеткис эмгеги үчүн таазим кылам, ыраазычылык билдирем. Бар болуңуздар, түйшүктүү кесипке өмүрүн арнаган ардактуу мугалимдер жана тарбиячылар!
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын, жалпы эле көп этностуу элибиздин тагдыры мектептеги билим берүүнүн абалы менен тыгыз байланыштуу экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошондой эле кайсы заман болбосун, тандаган мугалимдик, тарбиячылык кесибин жандай сүйгөн татыктуу адистер мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойноору, коомдун алдыга жылышына чоң таасир тийгизери белгилүү. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө мугалимдин ролу жогорулап, ага жасалган мамиле да барган сайын өзгөрүп жатканына күбө болуудабыз. Жер-жерлерде балдары үчүн мектеп же бала бакча тандабай, „мугалими, тарбиячысы кандай экен“ деп сураштырып, окутуучу-тарбиячы тандаган ата-энелердин саны барган сайын артып барат.
Мындан улам, жалпы мамлекеттик саясаттын негизи катары мектептик билим берүүнү эл аралык талаптарга ыңгайлаштыруу милдети коюлган. Бул багыттагы “Алтын Казык” программасы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө атаандашууга жөндөмдүү болууга тарбиялай турган, ага жараша билим бере турган программа катары кабыл алынды. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, класс жетишсиздигин жоюу максатында мектептер, бала бакчалар, кошумча корпустар курулууда. Муну менен катар эле окуу-методикалык базаны, бардык окуу китептерин, стандарттарды толугу менен жаңылоого даярдыктар көрүлүүдө. Шартка жараша кыска мөөнөттүү бала бакчалар дагы уюштурулууда.
Учурда билим менен маданиятты боюна терең сиңирип, аларды кийинки муунга жайылтууга жан үрөгөн, мындай бийик сапаттары менен интеллигент инсан катары башкалардан айырмаланып турган мугалимдер менен тарбиячыларга ар тараптан колдоо көрсөтүү менен көңүл буруп жатабыз. “Мыкты мугалим”, “Мыкты тарбиячы” сынактары мурдатан эле жарыяланып келе жаткан болсо дагы, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” атайын жарлык кабыл алган элем. Буюрса, бул жарлыктын негизиндеги мамлекеттик камкордук жыл сайын уланат.
Ушул жерден жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга токтоло кетейин. Бир окуучунун апасы мектеп мугалимин “баламды урушасың” деп тилдеген жагдайды көрүп, абдан капа болдум. Мен билгенден сабак маалын – 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок. Ал эми жогорудагы жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, “мугалим” деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды. Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек. Биз мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз кажет. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!
Урматтуу билим берүүнүн кызматкерлери !
Урматтуу агай-эжейлер!
Сиздер боорукердикти акылмандык менен айкалыштырып, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүү менен балдарыбызга мээрим төгүп, татыктуу тарбия, терең билим берип келатасыздар. Ошондуктан сиздердин колуңуздарда өлкөнүн тагдыры, анын келечеги турат. Сиздердин ак эмгегиңиздер эч нерсеге алмашкыс!
Урматтуу жыл мыктылары, силерди бүгүнкү сыйлыкка жеткирген терең билимиңер менен бай тажрыйбаңар ошол мектептерде же ошол бала бакчаларда эле калып калбашы керек. Башка мугалимдер, тарбиячылар менен педагогикалык чеберчилигиңиздерди бөлүшүңүздөр. Министрлик уюштуруп берсе, бир нече жолу окутуу-семинарларын өткөрүңүздөр. Элибизде “Акыл оошот, ырыс жугушат” деп айтылган жакшы кептей, сиздердин билимиңер башкаларга да жуксун.
Анда эмесе, сиздерди сыйлыгыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын.
Кыргызстандын келечегин, жаш муундарын окутуп, тарбиялап жаткан ак эмгегиңиздерди чыгармачылык ийгиликтер коштосун!
Бар болуңуздар!”
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫК ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.