Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫК ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫК ЧАРАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарынын абалы тууралуу жыйын өттү.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Мындан сыркары район, шаар башчылары, күз-кышка даярдык боюнча облустук штабдын курамы, электр тармактар жана жылуулук ишканаларынын жетекчилери чакырылган. Ага катар Тогуз-Торо, Чаткал жана Токтогул райондорунун башчылары онлайн тартипте катышты.

Жыйында ар бир район, шаарлардын кышка карата даярдык аракеттери боюнча маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине көмүр камдоо иштери 100 пайызга аткарылган. Ал эми, калкка керектелүүчү 201,4 миң тонна көмүр-отундун 74,6 пайызы камдалган. Учурда облустун аймагында 183 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.

Бакыт Торобаев, көмүр камдоо боюнча пайыздык көрсөткүчү төмөн район, шаар башчылары жана жылуулук ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди. Мындан сырткары отканалардын жана электр чордондорун кышка карата даярдыктарын сурап, белгиленген тарифти сакталышын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17