Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Анда президент Садыр Жапаров “Биздин максатыбыз, ар бир Кыргызстандык үй-бүлөөнү үй-жайлуу кылыш”,- деп белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу мекендештер! Ордо калаабыздын кымбаттуу тургундары! Өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден […]
2 Бардыгы / Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Анда президент Садыр Жапаров “Биздин максатыбыз, ар бир Кыргызстандык үй-бүлөөнү үй-жайлуу кылыш”,- деп белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу мекендештер! Ордо калаабыздын кымбаттуу тургундары! Өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден […]
ПРЕЗИДЕНТ БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК БАТИРЛЕРДИН АЧКЫЧЫН ТАПШЫРДЫ
16.12.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна3 Бардыгы /
Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин ачкычтарын тапшыруу аземи болду.
Анда президент Садыр Жапаров “Биздин максатыбыз, ар бир Кыргызстандык үй-бүлөөнү үй-жайлуу кылыш”,- деп белгиледи.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ордо калаабыздын кымбаттуу тургундары!
Өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден болуп келген.
Ушундан улам, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган башка маселелер менен катар Мамлекеттик ипотекалык компанияны уюштуруу аркылуу турак жай маселесин чечүүгө белсендик эле.
Келип түшкөн арыздардын негизинде азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталган.
Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы!
Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чеүүгө киришкенбиз.
Билесиздер, муктаждарга турак жай куруп берүү максатында
мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталган.
Мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилчү.
Мындай жагдайда өлкөбүздө турак жай фондунун тартыштыгы
турак жайлардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келди.
Бул дагы элдин чөнтөгүнө туура келбей, турак жай маселеси чечилбеген бойдон туруп калды.
Ошондо жарандарга жардам болсун деп, аларды жеткиликтүү шартта камсыз кылуу максатында мамлекет Турак жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга кириштик.
Мына ошол аракетибиздин алгачкы үзүрүн эми көрө баштадык деп айтсак болот.
Мындан улам, мамлекеттин эл үчүн кам көргөн ийгиликтеринин бири – Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган
бүгүнкү турак-жай комплексинин ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу агайын-туугандар!
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Алар да жакынкы жылдары бутуп калат.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
16.12.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕПТЕН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
-
16.12.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЧКАЛОВ АЙЫЛЫНДА ЖАЙГАШКАН МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
-
-
16.02.2024 / Автор anarkan_kg СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ ЖАТПАГАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН СУДЬЯГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg Бактыбек АТТОКУРОВ: “АЛАЙКУУГА ЖАЗ ДАЙЫМА КЕЧИГЕТ!”
-
04.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ СҮЗҮП, КАЧЫП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
Маек
Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”
Жашырып не. Азык-түлүк коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууда суу чарба…
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.