Аймак

МЕКТЕПТЕ ОКУБАГАН ОКУУЧУЛАРДЫ КЛАССТАН КЛАССКА КӨЧҮРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

МЕКТЕПТЕ ОКУБАГАН ОКУУЧУЛАРДЫ КЛАССТАН КЛАССКА КӨЧҮРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарында жайгашкан №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан мектепте окубаган окуучуларды класстан класска көчүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

КРдин Башкы пркуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарында жайгашкан №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектепте окубаган балдардын өздүк иштерине жана класстык журналдарга чыныгы мазмунун бурмалаган жалган жазууларды киргизишүү менен класстан класска көчүрүшкөн.

Алсак, 2013-жылы туулган С.С. аттуу бала 2019-2023-жылдары Россиянын аймагында жүргөндүгүнө карабастан расмий иш-кагаздарга аны 1-класстан 5-класска чейин аталган мектепте окугандыгын далилдеген жалган маалыматтарды киргизишкен.

Ушундай эле жагдай, чет өлкөдө жүргөн 2008-жылы туулган Р.Ю., 2014-жылы туулган А.И. аттуу балдар боюнча да орун алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш КРнын УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгына жиберилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17