Аймак

БАТКЕНДЕ ЫМЫРКАЙЫН МЕЧИТКЕ ТАШТАП КЕТКЕН 16 ЖАШТАГЫ ЖАШ ЭНЕ КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ ЫМЫРКАЙЫН МЕЧИТКЕ ТАШТАП КЕТКЕН 16 ЖАШТАГЫ ЖАШ ЭНЕ КАРМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке ымыркайын таштап кеткен жаш эне табылгандыгын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ушуш жылдын 10-январында Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Ушул тапта тергөө иштери кызуу улантылууда.

Баса,  ушул жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаарындагы «Аль-Гуфран» атындагы мечитке эртең менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталган. Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17