Аймак

«АСМАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ АЛГАЧКЫ «ОШ — КАРАКОЛ — ОШ» КАТТАМЫН АТКАРДЫ

«АСМАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ АЛГАЧКЫ «ОШ — КАРАКОЛ — ОШ» КАТТАМЫН АТКАРДЫ

 6 Бардыгы /

        «Asman Airlines» компаниясынын учагы «Ош — Каракол — Ош» багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, Караколго Ош шаарынан  50гө жакын жүргүнчү учуп келишти. Булардын дээрлик көпчүлүгү Ысык-Көлдүн кышкы табиятына суктанып, эс алууга келгендер экен.

Маалыматка ылайык, каттамдар ар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, болгону 1 саат 20 мүнөткө гана созулат. Билет баасы 4100 сомдон башталат. Билеттерди Asman Airlines мобилдик тиркемесинен дагы сатып алса болот. Мындан тышкары аталган  авиакомпания төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды кошо сунуштайт:

— Бишкек — Талас (жумасына бир жолу)

— Бишкек — Ош (күн сайын)

— Бишкек — Жалал-Абад (жумасына 5 жолу)

— Бишкек — Баткен (жумасына 3 жолу)

— Бишкек — Раззаков (жумасына 3 жолу).

— Бишкек — Каракол (жумасына 2 жолу)

Жогоруда баса белгиленгендей, ушул жылдын январь айынын аягында Бишкек — Кербен багыты боюнча дагы авикаттам ачылаары күтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17