Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1 Бардыгы / Өлкөдө ырааттуу түрдө жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформага ылайык Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон жана Нурабад Айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип, ушул тапта Дөбө-Коргон Айыл өкмөтү деп аталып олтурат. Анын башчылыгына Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы вазийпасын аркалап келаткан Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ дайындалды. Ишине жаңыдан гана киришкен […]
2 Бардыгы / Өлкөдө ырааттуу түрдө жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформага ылайык Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон жана Нурабад Айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип, ушул тапта Дөбө-Коргон Айыл өкмөтү деп аталып олтурат. Анын башчылыгына Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы вазийпасын аркалап келаткан Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ дайындалды. Ишине жаңыдан гана киришкен […]
Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ: «КЫСКАРТУУДАН ТРАГЕДИЯ ЖАСООНУН КАЖЕТИ ЖОК»
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна

3 Бардыгы /


Өлкөдө ырааттуу түрдө жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформага ылайык Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон жана Нурабад Айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип, ушул тапта Дөбө-Коргон Айыл өкмөтү деп аталып олтурат. Анын башчылыгына Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы вазийпасын аркалап келаткан Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ дайындалды. Ишине жаңыдан гана киришкен аткаминерди капыл-тапыл кепке тарттык.


– Иброхимжон мырза, биздин билишибизче, Сиз буга дейре Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы эмес белеңиз. Анан дагы деле Ноокат районунун Барын кыштагында туулуп-чоңойгонсуз да. Демек, айып этпесеңиз, бейтааныш Араван жергесине кантип жана ким аркылуу келип калдыңыз?


-Жумурткадан кыр издебей эле коюңуз. Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүндө деле эч камчы салдырбастан иштеп жаткамын. Эң башкысы: мен артымдан жаман сөз ээрчиткен жокмун.
Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: мага Дөбө-Коргон Айыл өкмөтүнүн башчылыгын Араван районунун акими Сейтек Кулубаев өзү сунуш этти. Ошол себептүү демилгеден баш тарткан жокмун. Мындайча айтканда, Ноокат районунан Араван жергесине ротацияланып – орун гана которуштуруп келдим. Анткени, мен – мамлекеттик кызматкермин. Жетекчиликтин буйругун эки кылууга эч кандай акым жок!


–Түштүк жергесинде, билесиз, кошоматчылык абдан күч! Жаза тайып Сиз деле мындай шылуундарга Араванда алданып калбас бекенсиз?
-Жо-жок! Чоочулабай эле коюңуз? Бул өңүттө менин жетиштүү тажрыйбам бар. Шайтандарга таптакыр азгырылбайм. Эң ириде Араванда менин дос-жарым, тааныш-тунушум, мындайча айтканда, дегеле илинчегим жок! Мен өзүм деле таптаза иштегенге катуу аракет жасаймын.
–Экономикалык кыйын кезеңде Административдик-Аймактык реформанын дегиңкиси зарылчылыгы бар беле?
-Ананчы! Айыл өкмөттөрүн ирилештирүү ушул тапта абдан ырааттуу жүрүп жатат. Мына, Араван районунда Дөбө-Коргон жана Нурабад Айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип олтурат. Ушуга ылайык 38 штатыбыз дагы кыскарды. Мындайча айтканда, чоңдор армиясы дээрлик азайды. Ошол себептүү, менимче, мындан трагедия жасооонун деле таптакыр кажети жок!
–Мындан ары кыскартылган аткминерлер армиясын андан ары кантесиздер?
-Албетте, кыскартууга тушуккан 38 кызматкерибизге мамлекет тарабынан акчалай компенсация толөнөт. Андан ары алардын ишке жайгашуусуна көмөктөшөбүз
–Колубуздагы маалыматка караганда, Сиз Ноокатта иштеген кезиңизде Ата Мекендик жана Дүйнөлүк Донор Уюмдар менен абдан тыгыз кызматташыпсыз. Эми бул аракетиңизди Араван жергесинде деле улантасызбы?
-Албетте! Бул аракетимди мен Ноокатта заманбап жаңыртылган ыкма менен гана улантмакчымын. Маселен, АВП, СОВП, БУУнун Азык-Түлүк- Программасы, ЕККУ, МерСико жана АРИС менен дагыле тыгыз кызматташмакчымын. Ошентип, менин тажрыйбам бай Араванда дагы байма-бай колдонгонго далалат кыламын.
–Иброхимжон мырза, Сиз дегеле жаңыдан гана уюшулган Дөбө-Коргон Айыл Өкмөтүнүн болочогун кандайча элестет элеңиз?
-Менимче, Дөбө-Коргон өрөөнүнүн болочогу абдан эле кең. Буюрса, аймакта логистикалык борбор курулат. Мөмө-жемиштерди кайрадан иштетүүчү консерва заводун дагы тикелейбиз. Муну үчүн биздин дагы жетиштүү ресурстарыбыз бар. Эң башкысы: Аймакта мындан ары темирдей тартипти орнотом!
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Араван районундагы Дөбө-Коргон Айыл өкмөтүнүн башчысы Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ 1978-жылы 22-июнда Ноокат районунун Барын айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Ноокат районундагы А. Мирмахмудов Айылдык Кеңешинин депутаты. Абдукарим Ата дыйкан чарбасынын жетекчиси, Ноокат районундагы А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы кызматтарын абийирдүү аркалаган.
Жергиликтүү жетекчи Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ – үч кыз, эки уулдун атасы. Жубайы Шахноза КАРИМОВА – үй кожейкеси.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор Акбермет Орозалиевна
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕНДЕ БЫЛТЫР 5 АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРЫЛДЫ
-
-
-
15.02.2024 / Автор anarkan_kg РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНӨ АКЫРЫ МӨӨР БАСЫЛДЫ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫЛМЫШ ТОБУ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТАН 6,5 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАГАН
Маек
Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ: «КЫСКАРТУУДАН ТРАГЕДИЯ ЖАСООНУН КАЖЕТИ ЖОК»
Өлкөдө ырааттуу түрдө жүрүп жаткан Аймактык-Административдик реформага ылайык Ош…
-
30.01.2025 / Автор anarkan_kg Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.