Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
40 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун […]
41 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун […]
УКМК АРАВАН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ
22.02.2025 / Автор anarkan_kg42 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун аймагында жайланышкан жер тилкесине менчик укугун таанып, билип туруп адилетсиз чечим чыгарган. Ошол эле учурда бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза тапкан күбө А.К. нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылган. Деген менен өлүм күбөлүгүнө ылайык, аталган жаран 2023-жылдын 1-январында эле өлгөн экен. Мындан тышкары сот отурумунун протоколуна ылайык процесстин жүрүшүндө Г.Э. жана Ю.Т. күбө катары дагы суралгандыгы белгиленген. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга таптакыр катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судья Д.Н.Б. эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталды.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталды. Ошентип, 2025-жылдын 13-февралында Судьялар кеңеши судья Д.Н.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга аргасыздан макулдук берип олтурат. 2025-жылдын 17-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Д.Н.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.