Аймак

БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ

БАТКЕНДЕ АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИРИ ЭКИНЧИСИН АТЫП ТАШТАДЫ

 3 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Түштүк-Батыш ыкчам аскер командачылыгынаа караштуу аскер бөлүгүндө октолгон курал колдонулган окуя катталды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын тарбия иштери башкармалыгынын маалыматына караганда, бул окуяда аскер кызматкеринин бири экинчисине кадимкидей эле ок аткан. Ушул фактынын негизинде Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүүнү дароо баштады. Баса, иликтөөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө караштуу Түштүк-Батыш ыкчам аскер командачылынын кол башчысы – коргоо министринин орун басары жеке көзөмөлүнө алып, а түгүл чырдын чыныгы чоо-жайын аныктоо максатында аталган аскер бөлүгүнө өзү деле баш бакты.

Баса, буга дейре айрым жергиликтүү сайттар «Илбирс» атайын отрядынын аскер кызматкери экинчисин атып таштагандыгын кабарлашкан. Андагы маалыматта келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан эки аскер уруша кеткени, ага кайтарылбаган карызы себеп болгондугу айтылган. Ал эми 2022-жылы 10-январында Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып салып, ок тийген 19 жаштагы жоокер каза тапкан. Дегеле Кыргыз армиясында аскер өлүмү, суицид, жана дагы уруп-сабоо фактылары дагыле катталып келатат. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайгандыгын шарлданы кылган.  

        Баткенде жараланган аскер кызматчысынын саламатчылыгы ушал тапта дээрлик канааттандыраарлык. Баса, атайын териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык ээнбаш аскер кызматкерине мыйзам чегинде чаралар дагы көрүлмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17