Аймак

ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО

ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО

 6 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору (БЧБ) Гүлчө кыштагындагы №5-Парманас атындагы орто мектебинин «Б» блогунда жайланышкан. Мында өспүрүмдөрдүн ар тараптуу жана ыкчам өнүгүүсүнө эң мыкты гана шарттар жаратылган. Тоо койнундагы бул борборго кабарчыбыз дагы атайын баш багып, БЧБнын жетишкендиктерин жеринде көрүп кайтты.

Айдана АБДАШИМОВА, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун бий ийриминин жетекчиси:

Борборубузда Кыргызстанды жердеген көп улуттардын бийлеринин түрүн үйрөтобүз. Албетте, бул – чоң өнөр. Ал көтөргөн талантты, бекем эркти жана дагы кооз өнөргерчиликти гана талап кылат. Көз тийбесин! Менин окуучуларым булардын баарын тең ыкчам жана мыкты өздөштүрөт. Эми менден адепкисиндей катуу тил угушпайт!

  Чынара КАЛМУРЗАЕВА, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун англис тили мугалими:

Жашырып не. Азыркы бүт тармактар улам санариптештирилип бараткан заманда къптъгън тилдерди билген адам эч качан кор болбойт! Мунун арасында англис тили – дүйнө жүзүнө кеңири урунулуп жаткан бай тил. Ошондуктан, мен муну болочок муундарыбызга астейдил гана үйрөтүп жатамын. Биздин тайпабызда Ямина Нургазиеванын, Нурайым Өзгөнбаеванын, Мадина Сыдыкованын жана Аэлита Закированын аркети абдан күч! Буюрса, булардан болочокто эң мыкты менеджерлер жана дагы дасыккан дипломаттар чыгаарына мен өтө бекем ишенем!

Чыныгүл ЖОЛДУБАЙ кызы, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун IT жана креатив ийриминин жетекчиси:

– Танып не. Биздин доорубуз ыкчам өзгөрүп жана деле баратпайбы. Мында  IT технология жана креативдүүлүктү алдыңкы гана орунду ээледи. Биз дагы мезгил менен тең жарышып, анын агымынан сүрүлүп калбоого бекем кам урдук. Башка жолубуз жана аргабыз дагы жок, эй!

Айчүрөк БЕГМАТОВА, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Өнөр кесип тандабайт!» ийриминин жетекчиси:

– Бизге окуучулар бош учурунда, көп сабактан кийин гана баш багышат. Ошол себептүү буларды кол өнөрчүлүккө дагы байма-бай ыктатып келе жатабыз. Анткени, окуучуларыбыздын колунан жаралган сопсонун жана дагы заманбап буюм-тейимдерибизди биз кадимкидей эле кардарларга апачык соодалайбыз. Ал эми мындан түшкөн каражаттарга – акчаларга абдан керектүү материалдарды зарыкпастан сатып алабыз.

Ошентип, ара чолодо Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Замирбек САРЫБАЕВ кеп учугун улады. Агай – къп кырдуу билимдин ээси. 1985-жылы Ош пегагогикалык окуу жайынын музыка бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. Ушуга эле улай Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайын дагы бүтүргөн. Ал эми эң акырында 1993-жылы ОшМУнун музыка факультетинде билимин жогорулаткан.

–  Биздин Алай райондук балдардын чыгармачылык борборубуз Гүлчө кыштагындагы №5-Парманас атындагы орто мектебинин «Б» блогунда жайланышкан. Демек, бул жерде биз квартирантпыз десем деле жаңылышпаймын! – деди Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Замирбек САРЫБАЕВ.

– Ошого карабастан борборубузда беш багытта иш жүргүзүлөт. Техникалык-чыгармачылык, Көркөм кол өнөрчүлүк Экология, туризм, край таануу, Улуттук маданият жана тил, Айыл чарбасы жана өндүрүш абдан катуу эмгектенип келе жатабыз. Жалпы жонунан биздин борборубузда 36 ийримибиз бар. Булардын баарында тең дасыккан эже-агайлар эмгектенишет. 

Жыйынтыктап айтканда, Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору акыркы жылдарда заман талабына ылайык болочок энергетиктерди, электриктерди, радио жана автотехниктерди, механиктерди, кол өнөрчүлүк, тигүүчү, ырчыларды, край таануучуларды, спортчуларды, экологдорду, мал жана айыл чарба адистерин даярдоого бекем ыктады. Эмесе, ак жол Силерге Кыргызстандын болочок ээлери!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17