Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
1 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Барпы айыл аймагында жаңы төрөт үйү жана балдар ооруканасынын имараттарын ачты. «Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын жаңы имаратынын […]
2 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Барпы айыл аймагында жаңы төрөт үйү жана балдар ооруканасынын имараттарын ачты. «Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын жаңы имаратынын […]
СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна

3 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров Сузак районунун Барпы айыл аймагында жаңы төрөт үйү жана балдар ооруканасынын имараттарын ачты.
«Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылышында баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири экенин ырастады. Ошондуктан энелерге жана балдарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген.
«Бул боюнча кайрылуу каттар да келип, жолугушууларда өтүнүчтөр дагы айтылган эле. 65 орунга ылайыкташкан Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү суткасына төрөт көп болгон учурларда кошумча орундардын, дарыгерлердин жана заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгынан улам бир топ эле кыйынчылыктарды тартып келишкени белгилүү болчу», – деп белгиледи Президент.
Заманбап төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы жайгашкан үч кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Объектти курууга жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер бөлүнгөн. Медициналык мекеменин курулушуна 570 миллион сом сарпталды.
«Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, мына ушундай заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө. Бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар», – деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.
Ал буга чейин ишкерлер Кыргызстанда акча таап, бирок аны чет өлкөгө которуп, башка мамлекеттерге фабрика, заводдорду курууга жумшашканын баса белгилей кетти. Ал эми Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү алар сыяктуу болбостон, мунай базасын сатып, андан түшкөн каражатты Кыргызстанда заманбап оорукана курууга жумшашты.
Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылы республикалык бюджеттин каржылоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын 100 орундуу имараты, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 96 орундуу имараты курулуп, пайдаланууга берилгенин эске салды.
«Базар-Коргондо, Ала-Букада аймактык оорукананын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жалал-Абад шаарында 100 орундуу балдар ооруканасы жаңыдан курулду. Аксыда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты салынса, Сузакта жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмү, Чаткалда хирургия бөлүмү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Токтогулда болсо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компьютердик томография, облустук клиникалык оорукананын урология бөлүмүнө бөйрөктөгү ташты операциясыз талкалоочу медициналык жабдыктар коюлган. Облус аймагында фельдшердик-акушердик 10 пункт курулуп, мамлекеттик 8 дарыкана ачылган», – деди Президент.
Ал быйыл бир катар медицина мекемелеринин курулушу уланарын, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, облустук перинаталдык борбор, Сузак районунун аймактык ооруканасынын 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараттары жана башка курулуштар жүрүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн клиникаларында ата мекендик дарыгерлер тарабынан орган алмаштыруу операцияларын бекер жасоону актуалдуу маселе катары белгиледи. Алар медицинасы күчтүү өнүккөн ар кайсы өлкөлөрдө окушту жана окутуулар азыр да жүрүп жатат. Медициналык тейлөөнүн сапатына жана жогорку технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
«Бөйрөктү алмаштыруу боюнча 70тен ашуун операция жасалса, боорду алмаштыруу боюнча операциялар дагы ийгиликтүү башталды. Мына ошентип, биздин башкы байлыгыбыз болгон элибиздин арасындагы оор операцияларга муктаж жарандарыбыздын өмүрүн өзүбүздөн, өзүбүздүн алтын колдуу дарыгерлердин жардамы менен сактап калууга кириштик», – деп белгиледи Мамлекет башчы.
Андан соң Мамлекет башчысы бейтаптарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн төрөт бөлүмүн жана Эне жана баланы коргоо борборун көрүп чыкты, ошондой эле орнотулган заманбап медициналык жабдуулар менен таанышты.
Жамаат менен баарлашкан соң алардын маянасы тууралуу сурап, жакынкы арада көбөйөрүн айтты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев медициналык мекеменин кызматкерлери кызматтык турак жай жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан батирлер менен камсыздала турганын кошумчалап, ошондой эле эмгек акы фондун эки эсеге көбөйтүү жөнүндө айтып берди.
Соңунда Мамлекет башчы ооруканага бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган эки тез жардам унаасын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү эл менен да жолугушту, алар облуска көңүл бургандыгы жана жүргүзүлүп жаткан реформалар үчүн ыраазычылык билдиришти. Баарлашуунун жүрүшүндө алар жаңы төрөт үйүндө Мекенине сыймык менен кызмат өтөй турган Кыргызстандын татыктуу уул-кыздары төрөлсүн деген тилектерин айтышты.
Администрация Президента КР
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ
-
23.05.2024 / Автор anarkan_kg Бактыбек ЭРГЕШБАЕВ: “ГЕНЕРАЛ БОЛУУНУ ЭҢСЕБЕГЕН ЖООКЕР ЖООКЕР ЭМЕС!”
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕН МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ ЖАШ КАДРЛАРГА АБДАН МУКТАЖ
Маек
ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
Ош облусуна караштуу Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору (БЧБ) Гүлчө…
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.