Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЛТЫН АЛАКАН” ЖАШ БАЛДАР МАССАЖ БОРБОРУ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТАРАДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
4 Бардыгы / “Массаж (укалоо) — жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн жалпысынан эки эсе азайтат” -деп изилдөөчүлөр айткандай, массаж өсүүнү тездетет, организмдин бактериялык инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат. Массаж органдарга жана ткандарга атайын аппарат же кол менен механикалык, рефлекстик таасир кылуучу дарылоо ыкмасы. Массаждын таасиринен териде биологиялык активдүү заттар пайда болот, зат алмашуу жакшырат. Теринин ийилгичтиги, туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу […]
5 Бардыгы / “Массаж (укалоо) — жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн жалпысынан эки эсе азайтат” -деп изилдөөчүлөр айткандай, массаж өсүүнү тездетет, организмдин бактериялык инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат. Массаж органдарга жана ткандарга атайын аппарат же кол менен механикалык, рефлекстик таасир кылуучу дарылоо ыкмасы. Массаждын таасиринен териде биологиялык активдүү заттар пайда болот, зат алмашуу жакшырат. Теринин ийилгичтиги, туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу […]
“АЛТЫН АЛАКАН” ЖАШ БАЛДАР МАССАЖ БОРБОРУ
07.10.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
“Массаж (укалоо) — жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн жалпысынан эки эсе азайтат” -деп изилдөөчүлөр айткандай, массаж өсүүнү тездетет, организмдин бактериялык инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат.
Массаж органдарга жана ткандарга атайын аппарат же кол менен механикалык, рефлекстик таасир кылуучу дарылоо ыкмасы. Массаждын таасиринен териде биологиялык активдүү заттар пайда болот, зат алмашуу жакшырат. Теринин ийилгичтиги, туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу функциясы, тонусу оңолот, байламталардын кыймылы күчөйт. Массаж жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат. Массаждан кийин организмдин жалпы абалы оңолуп, чарчоо жоголот.
Жаш балдарга туура жана жумшак массаж – алардын ден соолугу үчүн эң пайдалуу көнүмүш. Бул тууралуу биз Манас шаарындагы “Алтын алакан” жаш балдар массаж борборунун жетекчиси Венера Курманалиеваменен кененирээк маалымат алып, баарлаштык.
Венера КУРМАНАЛИЕВА – Жалал-Абад шаарында, азыркы Манас шаарында 1981-жылы 16-сентябрда төрөлгөн. Шаардагы Р.Санатбаев атындагы №9 орто мектебинен билим алган. 1999-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайына тапшырып, аны 2001-жылы бүтүргөн. 2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырып, окууну 2007-жылы аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад областтык ооруканасынын клиникалык лабораториясында баштап, 14 жыл эмгектенген. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын бактылуу энеси.
– “Алтын алакан” массаж борборун ачууга эмне себеп болду, качан ачылды, алгачкы иш-аракеттер кандай болду?
-Массажды ачып калганымдын себеби, жолдошум экөөбүз Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында жумуштап жашап жүрүп, эң кичине кызыбыз ошол жакта төрөлүп калды. Ал төрөлгөндөн кийин поликлинникага каттоого туруп, ошол жерден кызыбыз 3 айлык болгондо врачыбыз массажга алып баргыла деп жазып берди. Биз ошол жактан 1 жашка чейин толук массаж алдык. Мына ошондо менин массажга болгон кызыгуум артты. Кызым да убагында оодарылып, убагында жөрмөлөп, убагында отуруп, убагында баскандыктан мен массажга кызыга баштадым. Ошол жерде массажга окуй турган окуу борборлорду издеп жүрүп ушул “Алтын алакан” окуу борборуна туш келип, Гүлмира Бекбоевадан окудум. Менин биринчи шакиртим ошол эже болду. Ал жактан 2019-жылы окуп үйрөнүп, 2020-жылы Жалал-Абадга келип ачып калдым.
Биздин борбор 2020-жылы 15-декабрда ачылды. Быйыл буйруса 5 жыл толот. Алма-Атада мен окуп келген жеримде ата-энелер балдарды саат-сааты менен жазылуу аркылуу кабыл алат эле. Мен да бул жакка келип ошол эле иштөө тартибин колдонуп, жазылуу менен кабыл ала баштадым. Башында баары оңой болгон жок, аябай кыйналдым. Ал жерде өзүм жалгыз иштедим. Балдарды саатына жазылуу боюнча кабыл алууда ата-энелер жакшы түшүнө беришпедиби, айтор убагында келип-кетүү жакшы болбой, кыйналган учурум көп болду.
-Массаждын жаш балдар үчүн пайдасы кандай?
– Массаж булчундардын туура өсүшүнө, сөөктөрдүн бекемделишине жардам берет. Жаш балдарга массаждын пайдасы абдан чоң. Биринчиден, массаж кан айланууну жана дем алуу системасын жакшыртат. Экинчиден, булчуңдардын туура өсүшүнө, сөөгүнүн бекемделишине жардам берет. Үчүнчүдөн, массаж нерв системасын тынчтандырып, балада жакшы уктоо, жакшы маанай түзүлөт. Ошондой эле ашказан-ичеги системасына оң таасир берип, тамак сиңирүүсүн жакшыртат. Эң негизгиси – массаж эненин жылуулугун, мээримин сездирип, бала менен эмоционалдык байланыш бекемделет. Ошондуктан жаш курактагы массаж баланын ден соолугу үчүн өтө маанилүү.
–Сиздерде массаждын кандай түрлөрү жасалат?
-Бизде негизинен: дарылоочу (лечебный) массажга врачтардын дайындоолору менен коюлган диагноздорго жасалат; денени чыңдоочу массажда (оздоровительный) мында ата-эне оорубаган балдарын өз убагында оодарылып, жөрмөлөп, отуруп- туруусуна карата жасалат; түзөтүүчү (коррекционный) массаж – бул баланын денесинде, кыймылында же өнүгүүсүндө бар болгон айрым кемчиликтерди оңдоого, тууралоого жана туура нормага алып келүүгө багытталган; дренаждык массаж – бул баланын дем алуусун жеңилдетип, өпкөдөгү былжырды, какырыкты чыгарып, жөтөлдү тезирээк айыктыруучу эң натыйжалуу жардамчы ыкма; жалпы бекемдөөчү (общеукрепляющий) массаж — бул баланын денесин толук чыңдоо, туура өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу жана оорулардын алдын алуу максатында жасалат; гидротерапия – бул суу менен жасалуучу массаж, бул терең жаткан булчуңдарды ойготуп, кан айланууну жакшыртып, уйкуну нормага алып келет, табитти ачат; логомассаж – бул тили чыкпаган, так сүйлөй албаган балдарга жасалат. Ошондой эле өзгөчө ЗПРР, ДЦП, СДВГ, РАСС диагнозу бар балдарга жардамчы болгон методдор: ЛФК, сенсордук интеграция жана АВА терапиясы бар.
ЛФК (дарылоо-кыймыл терапиясы) – буулчуңдарды жана кыймыл-аракет координациясын өнүктүрөт, туура басууну жана дене турумун калыптандырып, жалпы ден соолукту чыңдайт жана энергияны көбөйтөт. Сенсордук интеграция – баланын көрүү, угуу, сезүү жана кыймыл-аракет системаларынын айкалышкан ишин жакшыртып, тынчсыздануу жана стрессти азайтууга жардам берет, баланын дүйнөнү туура кабыл алуусуна өбөлгө түзөт. АВА терапиясы (колдонмо жүрүм-турумдук талдоо) – жаңы көндүмдөрдү натыйжалуу үйрөтөт, жүрүм-турумду башкарууга жана туура моделдерди калыптандырууга жардам берет, социалдык көндүмдөрдү өркүндөтүп, ишенимди арттырат.
– Көбүнчө сиздерге кандай оорулуу балдар келишет?
– Бизге ар кандай муктаждыгы бар бөбөктөр келет. Айрымдары кадимки эле профилактикалык максатта, баласынын ден соолугу чың, булчуңдары туура өсүшү үчүн алып келишет. Айрымдар болсо медициналык көрсөткүч менен келишет. Мисалы, булчуңдардын тонусу жогору же төмөн болгондо, мойнун жакшы кармай албай жатканда, бут-колдорунда тең салмактуулук жок болгондо массаж абдан жардам берет. Ошондой эле кичинекей балдардын уйкусу бузулганда, көп ыйлаганда, ичеги-карын системасында газ топтолгондо массаждын пайдасы чоң. Бизге көп учурда ымыркайдын туура өнүгүшүн каалаган жаш ата-энелер да кайрылышат. Алар баласынын ар бир кыймылы, ар бир кадамы жаш курагына туура келип жатканына ишенгиси келет. Анткени массаж – бул жөн эле денени майлап жиберүү эмес, бул баланын нерв системасын, булчуңдарын, ички органдарын комплекстүү колдоого алган эң коопсуз жана табигый ыкма. Ошондуктан биздин борборго келген бөбөктөр ар кандай абалда болушат, кээси толук соо, кээси кичинекей көйгөй менен, бирок баарына массаж өз таасирин берип ата-энелер да, балдар да оң өзгөрүүнү байкашат.
Биздин борборго көбүнчө ата-энелер өзүбүздүн областтык ооруканаларда, жеке менчик клиникаларда иштеген невропотолог, ортопед врачтардын сунушу жана багыты менен, ошондой эле Ош шаарынан да, Бишкек шаарынан да келгендер бар. Кочкор-Ата шаарындагы санаториянын невропотологу Абылбек Темирбаевдин, “Жалал-Абад” клиникасындагы невропотолог Адилет Бакытовичтин жолдомолору менен келишет. Ал эми баспаган балдар үчүн Казакстандан Атыбаев Абзал Маратовичти – жогорку даражадагы инструктор-реабилитолог ДЦП боюнча балдар үчүн иштеген дарыгерди чакыртып, кыздарды окуттурдук. Ошондой эле 2-3 ай сайын Оштон, Бишкектен күчтүү врач-вертебролог, мануалдык терапия боюнча врач, ортопед врачтарды жана балдар психологун чакырып турабыз.
– Балдарды кабыл алуу канча мезгилден башталат, дарылоо курстары кандай?
– 3 айдан баштап 10 жашка чейин балдарга ден соолукту чыңдоочу массаждарды жасайбыз. Ал эми бала жаңы төрөлгөндө эле диагноздору менен төрөлүп калса, врачтын жолдомосу менен келген балдарга да массаж жасай беребиз. Бизде 1 курс массаж 10 күн болот. Негизи врач-педиатрлар нормада профилактика иретинде ар бир балага 1 жашка чейин 4 курс массаж алган жакшы деп айтышат.
– Борбордо канча кызматкер иштейт жана канча бөлүмдөрүңүздөр бар?
– Алгач 1 жылча өзүм жалгыз иштеп, андан кийин 4 кызды окутуп чыгардым. Азыр колумда физкабинеттеги кыздар менен 7 кыз иштейбиз. Биз менен чогуу өзүмдүн сиңдим Кызжибек Курбаналиева да иштейт. Ал Москва шаарындагы Е.Малышова клиникасынан окуп келген, ал учурда Ошко, Бишкекке 3 айда, 6 айда билимин жогорулатып турат, өзү педагог, логомассажды жасайт, ошону менен бирге дефектологду жана АВА-терапияны да кошо алып барат.Өзүм жыл сайын квалификацияны жогоруулатуу максатында Ташкент, Алма-Ата, Москва шаарларына барып окуулардан өтүп турам. Кыздарымды да Ошко окутууларга жөнөтүп турабыз. Ошондой эле Германия өлкөсүнөн келген физикалык терапевт, бобат-терапевт, волонтер -тренер Луиза Регерден эмгек жамаатыбыз менен 10 күндүк окуутудан өткөнбүз.
Бизде 3 филиалыбыз бар.Алар: Пушкин, Токтогул көчөлөрүндө жана Сузакта жайгашкан. Иштөө графигибиз 1 аптада 6 күн, дүйшөмбүдөн ишемби күндөрү саат 8ден баштап 16:30 га чейин иштейбиз. Балдарды сааты менен жазылуу түрүндө кабыл алабыз.
– Ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Мен ата-энелерге эң биринчи кезекте айтаар кеңешим – балаңыздын ден соолугуна көңүл буруу кеч эмес, тескерисинче эрте башталган сайын жакшы болот. Жаңы төрөлгөн бөбөктөргө тийиштүү кам көрүү, туура массаж жасоо алардын келечектеги өсүшүнө чоң таасир этет. Ошондуктан ата-энелер балага массажды жөн гана дарылоо катары эмес, профилактика катары да кабыл алышы керек.
Экинчи маанилүү нерсе – ар дайым адистин кеңешин угуу. Бүгүн интернеттен көп маалымат табууга болот, бирок ар бир баланын абалы, өнүгүүсү өзгөчө. Ошондуктан ар бир бөбөккө жеке мамиле керек. Массажды үй шартында туура эмес жасоо, кээде пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, ата-эне массажды бала үчүн оюн, жылуулук, мээрим катары кабыл алса, анын таасири мындан да күчтүү болот. Себеби массаж – бул жөн гана денени иштетүү эмес, бул бала менен эмоционалдык байланыш түзүү, анын өзүн коопсуз сезүүсүнө жардам берүү.
Менин чоң кеңешим – баланын денесиндеги майда өзгөрүүлөрдү көңүл кош карабай, убагында адиске кайрылуу. Бала өзүн сөз менен айта албайт, бирок анын кыймылынан, уйкусунан, көз карашынан көп нерсени байкаса болот. Ушундай майда белгилерди байкап, массажистке алып келсеңиздер, чоң көйгөйлөрдүн алдын ала аласыздар.
Дагы бир нерсе – ар дайым сабырдуу болуп, балаңызды башка балдар менен салыштырбаңыздар. Ар бир бөбөк өзүнүн ыргагы менен өсөт. Массаж ошол жеке ыргагын туура нукка бурууга жардам берет. Ошондуктан ата-эне катары сиздерден талап кылынган эң негизги нерсе – сүйүү, көңүл буруу жана убагында адиске кайрылуу.
Биздин дарек:
Манас ш. Токтогул көч.23. Болжол: Эмаком
Филиалдар: Пушкин көч. 27/А. Болжол: Али дүкөнү
Сузак району Дакан-Палван көч.119. Болжол: “Азия” гипермаркети
Байланыш телефондору: 0(779) 81 16 16, 0(502) 81 16 16.
Инстаграм: @altynalakan_jld














Арууке ОРОЗАЛИЕВА, Аймак
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg МЭР КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН АЛАКАН” ЖАШ БАЛДАР МАССАЖ БОРБОРУ
-
05.10.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
17.10.2024 / Автор anarkan_kg АЛАЙДА ЭЛ КӨМҮР КАЗГАНДАРГА НААРАЗЫ
-
25.10.2024 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА “А-ФРЕЙМ” ТИБИНДЕГИ КОТТЕДЖДЕР АЧЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.