Аймак

АЛИМЕНТ ТӨЛӨБӨГӨН ЖАРАН ЭКИ ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

АЛИМЕНТ ТӨЛӨБӨГӨН ЖАРАН ЭКИ ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Алимент төлөбөгөн жаран 700 миң сом карызы үчүн эки жылга кесилди.

Манас шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү маалымдагандай, Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдын 8-апрелиндеги чечиминин негизинде жаран Т.Ш.Адан өндүрүп алуучу К.Ш.Анын пайдасына 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин 1/2 бөлүгүн алимент катары өндүрүү белгиленген. Аткаруу иштеринин жүрүшүндө карызкор тарабынан алимент толук төлөнбөй, 2025-жылдын март айына карата карыздын суммасы 700 000 сомго жеткени аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Манас шаардык соту тарабынан айыпталуучуга карата пробациялык көзөмөл колдонулган.

Бирок Жалал-Абад облустук сотунун 2026-жылдын 26-февралындагы өкүмү менен соттун чечими өзгөртүлүп, жаран 2 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан токтоосуз камакка алынган.

Эскерте кетсек, алимент төлөө – ата-эненин мыйзам алдында милдети. Алимент төлөөдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17