Аймак

Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО

 2,295 Бардыгы /

Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО

КРнын ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун “Турмуш-тиричилик коопсуздук негиздери” кафедрасынын ага окутуучулары жана Ысык-Көл облусунун башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз айыл аймактарында жашаган калкка табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары боюнча окуу уюштурушуп жана практика жүзүндө көрсөтүшкөн. Мындай маалыматты КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай бул окутуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдын 17-июлундагы № 632 “Жеринде барып окутууну уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде, “Турмуш-тиричилик коопсуздук негиздери” кафедрасы тарабынан уюштурулган.
Окуу убагында потенциалдуу кооптуу аймактардагы жана жашаган калкка өзгөчө кырдаалдар убагында өзүн кандай алып жүрүү боюнча кеңири маалыматтарды берүү менен сабактар өтүлдү.
Ошондой эле сабак учурунда Өзгөчө кырдаалдардын коркунучу боюнча эскертүү бере турган жана ӨК убагында өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча видеотасмалар көрсөтүлдү.
Мисалы: “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет”, “Апаат”, “Жер титирөө”, “Сел жана суу агындары”, “Жер көчкү” жана башка материалдар көрсөтүлдү.
Окуу процессинин аягында жарандарга, айыл өкмөттөрүнүн адистерине жана айыл башчыларына өзгөчө кырдаалдардан кантип сактануу боюнча буклеттер жана плакаттар, окуу материалдары катары таркатылды.
Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО
Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО
Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО
Ысык-Көл облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча жеринде барып окутуулду (ФОТО

http://aymak.kg/

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17