Аймак

Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт (Фото баян)

 9,137 Бардыгы /

Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылы башка аймактарга салыштырмалуу табият тартуулаган кооз керемет жерлери менен айрымаланат. Жайын-кышын башынан ак кар, көк муз кетпеген айтылуу Бабаш-Ата тоосунан агып түшкөн суудан чоң жана кичи Арстанбап шаркыратмалары бул жерге келишкен туристтер менен эс алуучуларды өзүнө такай магниттей тартып, азгырып турат. Анан дагы эң башкысы Арстанбап айылынын борборунда, Арстанбап дарыясынын сол жээгинен орун алган Арстанбап-Ата күмбөзү зыярат кылуучулар менен сыйынгандардын ыйык жана касиеттүү жайына айланып калган.

Арстанбап-Ата күмбөзү же илгери эл оозунда Арстанбап Тагы деп аталган бул күмбөздүн курулушун 16-18 кылымдарга таандык деп эсептеп келишет. Аптаптуу жай айынын азыркы ысык күндөрүндө Арстапка келишкен миңдеген туристтер менен эс алуучулар Арстанбап-Ата күмбөзүнө зыярат кылышып, куран окутуп, сыйынмайынча кайтышпайт. Анткени тээ илгертен эле Арстанбап-Ата күмбөзүнө ким кандай аруу үмүт-тилек, ак ниети менен чын дилинен жакшылыктарды тилесе анысы сөзсүз ишке ашат деп бекем ишенишкен. Пенденин башына түшкөн ар кандай оору-сыркоолор менен ар кандай дарттардан дагы ушул жерге келип, зыярат кылышса адам баласы жакшы болуп сакайып кетишет деген ишеним элдердин аң-сезимине бекем сиңген жана андай дарттардан куландай соо сакайып кеткендер дагы көп болгон. Анан калса Арстанбап-Ата күмбөзүнүн дагы бир ыйык касиети балалуу болбогон жаш жубайлар дагы бул жерге келишип, зыярат кылыщып, сыйынышса алардын дагы перзентүү болуу тилектери кабыл болот деп коюшат. Дүйнөгө көз жарган ымыркайлар көкүлү менен төрөлүшсө аны кырктырууну Арстанбап-Атага багыштап атап коюшкан жана наристе бала же кыз 1 же 3 жашка чыкканда Арстанбап-Ата күмбөзүнө алып келишип, куран окутушуп, шайыкка көкүлүн кестиришет. Курмандыкка атаган жандыктарын жана канаттууларды сойдурушат.
-Арстанбап-Ата күмбөзүнүн курулушун илимпоздор 16-18 кылымдарга таандык деп эсептешет. А бирок чындыгына келгенде андан дагы мурун курулган болушу мүмкүн. Аны так айта албайбыз. Бирок, эски күмбөз азыркыга караганда бир топ эле чоң болгон. Арадан көп жылдар өтүп, күмбөз дагы эскирип, кар менен жамгырдан, шамалдан дубалдары урап, бузула баштаган. Анын үстүнө СССР доорундагы Комунисттик партия мындай ыйык жана касиеттүү жерлерди дайыма динге байланыштырышып, атайылап басмырлашып, элдерди бул жерге келишип сыйынууларына жана зыярат кылууларына ачык эле тоскоолдук кылып, тыюу салып келишкен. Арстанбап-Ата күмбөзү 1975- жылы кайрадан курулуп оңдолгон. Өкүнүчтүү жери мурдагы эскисине караганда бир топ эле чакан болуп калган. Кудайга шүгүр, элибиздин бул касиеттүү ыйык жайга келишип, зыярат кылуулары жыл сайын көбөйсө көбөйүүдө, бирок такыр азайганы жок. Бул жер биздин ата-бабаларыбыз илгертен ыйык тутуп, аздектеп келген ыйык жана касиеттүү жай,- дейт Арстанбап-Ата күмбөзүнүн шайыгы Асылбек Атакозуев.
Ушундай эле ыйык жайлардын катарына ушул эле Базар-Коргон районундагы Каба айылындагы темирдин пири болгон Дөөт-Ата күмбөзүн, Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылындагы Шах-Фазыл күмбөзүн жана Чаткал районундагы Ыдырыс пайгамбар күмбөзүн кошууга болот. Аттары аталган касиеттүү ыйык жайларыбызга жыл сайын миңдеген чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулар зыярат кылып турушат.
Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)
Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)
Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)
Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)
Арстанбап-Ата күмбөзүндө сыйынуучулардын аягы үзүлбөйт                   (Фото баян)

Жолдошбай Осмонов,журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17