Аймак

Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагалыгына кайрадан талапкерлигин коюп жаткан М.Тагаевке өзүнүн фракциялаштары да каршы, – серепчи О.Карасартов

 1,549 Бардыгы /

Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагалыгына кайрадан талапкерлигин коюп жаткан М.Тагаевке өзүнүн фракциялаштары да каршы, - серепчи О.Карасартов

Саясий кризистен чыгуу үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги үч фракция элге, шаарга кызмат кылып берели деген максатта биригип, бир мэрди жана шаардык кеңештин төрагасын шайлап, калган эки жылды натыйжалуу пайдаланалы деп жатабыз. Бирок ал каалообуз азырынча сөз жүзүндө гана айтылып, иш жүзүндө жакшы болбой жатат, деп билдирди «Өнүгүү» фракциясынын лидери Нурлан Маматов.

Анын айтымында, мэрликке С.Авазов шайланабы, же өзү шайланабы жергиликтүү депутаттар менен биримдикте иш алып барбаса жакшы иш болбойт.
Ал эми мэрге экинчи талапкер С.Авазов эгерде жеке, топтук, партиялык кызыкчылыктардан чыгып шаардын кызыкчылыгы үчүн бириксе тез эле шаарды оңдо койсо болорун билдирди.
Анын пикиринде, мындай сунуш депутаттардан түшүп жатат, бирок баягы эле лидерлердин пикир келишпестиги себеп болуп жаткандыгын белгилейт.
Серепчи О.Карасартовдун айтымында, С.Авазовду сунуштаган КСДП партиясынын ичинде да биримдик жок, ошондуктан үч фракция биригип шайласа гана өтө алат. Ал эми шаардык кеңештин төрагалыгына кайрадан талапкерлигин коюп жаткан Мураталы Тагаевдин талапкерлигине башка фракциялар эле эмес өзүнүн «Ата Журт» фракциясынынын айрым депутаттары да каршы.

Булак: www.turmush.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17