Аймак

“Кыргыздарга кудай бейиштин төрүн берген экен” дешти чет элдиктер же каректе калган элестер (Фото баян).

 2,558 Бардыгы /

“Той болот, тойдун эртеси дагы болот” дегендей көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндары дагы өз соңуна чыгып, анын жогорку деңгээлде өтүшү эл оозунда дале кызуу талкууланып жатат. Кыргыз бермети, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине жайгашкан, Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплексиндеги тогуз коргоол, ордо, кыргыз жана казак күрөштөрү, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөрүлгөн көк бөрү, эр эңиш жана аламан байге, Семёнов капчыгайындагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан, 200 боз үйлөр тигилген этно-шаарча келген коноктор менен спортсмендерди мыкты даярдыгы жана табиятынын кереметтүү кооздугу менен аябай таң калтырды.
Манастын 1000 жылдыгы, байыркы Ош шаарынын 3000 жылдыгы сыяктуу эле Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында зор ийгилик менен өткөрүлгөн көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндары Кыргызстандын тарыхында өз ордун татыктуу таап калаарында шек жок. Анткени биз дүйнө элине кыргыздар өзүнүн бай тарыхы, өз эне тили жана маданияты бар улуу байыркы көчмөн эл экендигин дагы бир ирет иш жүзүндө айгинеледик. Турмушта оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан кыргыз эли көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндарын өткөрүүдө бир муштумдай биригишип, 7 областтан, Бишкек менен Ош шаарынан келишип, Кырчын жайлоосуна боз үйлөрдүн этно-шаарчасын тигип коюшту. “Чума мезгилинде той өткөрүүнүн” зарылдыгы бар беле дегендердин дагы ооздору жап болду.
Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын өткөрүү менен Кыргызстан касиеттүү Ысык-Көлдү чет элдиктерге дагы бир жолу кеңири рекламалап алдык. Анын жүрүшү дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине телевидение аркылуу кеңири чагылдырылып турулду.Муну оюндардын өтүшүнө күбө болушкан Европа менен Америкадан жана Азия өлкөлөрүнөн келишкен чет элдик меймандар өздөрү дагы тастыкташты.
-Мен Америка Кошмо Штаттарынан конок катары келдим. Кудайым силерге нукура бейиштин эле төрүн тартуулаган экен. Алган таасирлерим менен сүйүнүчүмдө чек жок. Эмдиги жылы туугандарым менен тааныштарымды Ысык-Көлгө жана Кырчын жайлоосуна сөзсүз алып келемин. Болгон жерлеримдин баарын сүрөткө тартып алдым. Байыркы көчмөн элдеринин башында турган кыргыздар аябагандай бактылуу эл экенсиңер,- дейт Молли Стоун.
-Кыргыз жергесине биринчи жолу сапар тартып келдим. Дүйнөдө жок касиеттүү жана кереметтүү Ысык-Көлдөй көлү бар кыргыздар эң бактылуу жана таалайлуу эл экенсиңер. Кырчын деген жайлоонун өзү эле эмне деген керемет кооздук, эмне деген ажайып сулуулук. Мен көргөн бул жерлер Кыргызстандын бир гана чакан бөлүгү экендигин айтып жатышат. Жараткан кудайым силерге табияттын эң кооз жерлерин ыраа көргөн экен. Мен силерге бир гана нерсени каалар элем—ушул кереметтүү кооз жайларыңарды көзүңөрдүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга өз калыбында өткөрүп бергиле,- дейт Россия Федерациясынын Каменск-Уралск шаарынан келген конок Екатерина Богуславская.
Айтоор кыргыз эли меймандос жана кең пейил эл экендигин чет элдерден келишкен коноктор менен спортсмендерге дагы бир жолу кулач жайып тастыкташты. Кең пейил элдин кереметтүү кооз жерлери келгендерди аябагандай таң калтырып, аларды кайрылып келүүгө аргасыз байлап койгонсуду. Ар дайым бар бол, касиеттүү жана керемттүү кыргыз жери!

Жолдошбай Осмонов, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17