Аймак

Айбек ТААЛАЙБЕК УУЛУ: “Жаштар мындан ары саясатчылардын колундагы куралга айланбайбыз!”

 2,433 Бардыгы /

Айбек ТААЛАЙБЕК УУЛУ: “Жаштар мындан ары  саясатчылардын колундагы куралга айланбайбыз!”


Акыркы иликтөөлөргө караганда, Кыргызстандын элет жериндеги жумушсуздар армиясынын 70-75 пайызын жалаң жаштар түзөт экен. Мунун айынан алар соңку жылдарда жосунсуз жоруктарга көбүрөөк азгырылып, а түгүл Сирия өңдүү мамлекеттердеги согушка дагы арбын тартылып жаткандыгы жаңыдан эле көз жарган “Жетиген” жаштар коомдук бирикмесинин алгачкы жыйынында абдан баса белгиленди. Ошондуктан, аталган коомдук уюмдун төрагасы Айбек ТААЛАЙБЕК уулун ат жалында кепке тарттык
.

– Айбек мырза, мындан аз убакыт мурда жаштар, миграция
жана жумушсуздук министрлигинде иштечү эмес белеңиз. Эми моминтип мамлекеттик кызматты таптакыр таштап “Жетиген” жаштар коомдук бирикмесин түптөшүңүздөрдүн негизги себеби эмнеде?

– Танып не. Эмдиги жылы Жогорку Кеңешке, анын артынан
президенттик шайлоолор жүрөт. Ага эмитен эле жер-жерлерде, айрыкча түштүк тарапта административдик ресурстарды кең-кесири пайдаланып, а түгүл улан-кыздарды айрым жосунсуз жоруктарга түртүү аракеттери абдан күрчалды.
Маселен, былтыр Алайда Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бир нече күн бою Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун кадимкидей бөгөп, мурдагы депутатынын түрмөдөн токтоосуз бошотулушун талап кылышпады беле. Бул нааразычылык акциясына анын уюштуруучулары атчан жаштарды абдан көбүрөөк тартууга далбаса жасашты. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик дагы жол тоскондорго каршы жалаң жаш жарандарды ачык эле тукуруп, чагымчыл аракеттерин жүргүзүштү. Мындай арам далбаса жакында Ош шаарында дагы толук кайталанышы күтүлүүдө. Кудайдан миң тилегенибиз: бул сапар оюндан от чыкпаса экен.
Биз, жаштар, бул сапар кимдир бирөөлөрдүн, айрыкча арам ойлуу саясий күчтөрдүн колундагы куралга айланбашыбыз кажет. Ошондуктан, биз элетте орто жана чакан ишканаларды катарынан түптөгөнгө жана аларды туруктуу иштеткенге түздөн-түз көмөктөшмөкчүбүз.

– Өлкөбүз итке минген кедей болсо, ушундай шартта каражатты кайдан табасыңар?

– Кол куушуруп, кудайдан тилеп жамбаштап жата бергенибиз менен майнап жок. “Жетиген” бейөкмөт уюму азыртан тарта бир катар эл аралык абройлуу уюмдарга расмий түрдө кайрылдык. Алардын айрымдары сөзүбүздү эки кылбастан, чукул арада жаңы долбоорлорду иштеп чыгуубузга жана аларды токтоосуз каржылоого бекем убада кылышты. Буюрса, жакында бир катар мүдөөлөрүбүз чындап эле жүзөгө ашчудай.

– Демек, колоктоп бош жүрүшкөн курбалдаштарыңардын далайын жакында көчөдөн көрбөй калат экенбиз да
?

– Ооба. Антпесек, саясатчыларыбыздын бал тилине азгырылып, анын айынан жер-жерлерде тынбай нааразычылык акциялары күчөп, мунун кесепетинен өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө дагы чындап эле абдан доо кетчүдөй.
Мындайда Кыргызстанда, айрыкча түштүк жергесинде эл аралык уюмдардын туруктуу иштешине абдан кыйын болот. Алардын Оштогу жетекчилерине жолукканыбызда, муну өздөрү деле ачык эле моюндашты. Ошону үчүн “Жетиген” жаштар коомдук бирикмесин түрдүү долбоорлор аркылуу мындан ары туруктуу кубаттоого алууну катуу убада кылышты.

– А Сирия өңдөнгөн араб мамлекеттерине согушка аттанып
жатышкан курбалдаштарыңарды кантесиңер
?

– Мунун деле учугу, чынында, дал ошол жумушсуздукка
барып такалат. Бош жүргөндөн көрө алдын ала акчасын алып, кимдер менен болсун согушуу айрым теңтуштарыбыздын негизги маселесин чечип жатпайбы. Тилекке каршы, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, ошондой эле башка укук коргоо органдары оппозицияны, ага улай чындыкты бетке айткан сергек жарандарды тымызын да, ачык дагы куугунтуктап жатышат. Бийлик ушундан көрө биздин демилгебизди кубаттап, чын дилден көмөктөшсө, утаар эле.

– Айбек мырза, ошентип, түштүктүн гана жаштарынын
көйгөйлөрүн чечүү менен гана чектелесиздерби?

– “Жетиген” жаштар коомдук бирикмеси – бул
республикалык бейөкмөт уюм. Ал бара-бара Кыргызстандын бардык аймактарына кулачын кеңири жаят. Бул аркылуу кендирди кескен түндүк-түштүк маселесине биротоло чекит коймокчубуз. Иши кылып кандай шартта, кайсыл аймакта болбосун жаштар мындан ары өлкөбүздөгү саясий күчтөрдүн туруктуу куралына айланбайбыз!


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨ: 1), 2) “Жетиген” жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Айбек ТААЛАЙБЕК уулу.

Сүрөттөр автордуку

Айбек ТААЛАЙБЕК УУЛУ: “Жаштар мындан ары  саясатчылардын колундагы куралга айланбайбыз!”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17