Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

Бөтөлкө ичиндеги бир тагдыр же кыздын ыйы

 3,286 Бардыгы /

Бул макаланын жазуу ойго да келген эмес. Бул өкүттүү теманын көйгөйүн мен жан дүйнөмө батыра албай турган себептери бар эле …
Ал эми макала маңызына келсек, гезитибиздин электрондук дарегине каарманым бир үзүм каалоо-тилеги менен кошо жер көтөргүс арман, асиретин жазыптыр. Тизмектеп, ирээттеп, гезит бетине ылайыктап жазууга чыгармачылык дареметим жетсе да негедир кайратым кайтып туруп алды.
Каарманымды бет келишип жолугушуп, күйүтү күч бул маселени биргеликте талкууга алалы деген сунушуман кыз баш тартты. Кайдандыр кыялыма кылт эткен ой келип: – Кел, анда интернет маек куралы, сен тушуккан тагдыр башкаларга сабак болсун – деген сунушум каарманыма да жакты. Ушундай шартта колуңуздагы зээн кейинткен интернет маек жаралды. Алгач маегибиздин башы бул өңүттө башталды:

– Сиздерге жеке тарыхымдагы кара тактарды ачуудан максатым эмне экенин өзүм да түшүнбөймүн… Дегеним, барыбир мага жардам бере албасыңарды билем, кеңешиңиздер да менин «жүгүмдү» жеңилдете албайт деп ойлойм.

– Неге андай дейсиң? Жашоодо өлүмдөн башкасынын чарасы бар го. Дүйнөң түгөнүп, асман үзүлүп түшчүдөй болуп, көңүлүңдү мынчалык чөгөргөн эмне арманың, дартың бар? Тартынбай, көөдөнүңдү бошотчу.
– Эже, мендеги кайгы мени менен байланышта эмес. Андан арылууга менин эрким жетпейт. Мен болгону ошол кайгынын туткунундамын. Баарына атам айыптуу. Менин жана мен сыяктуу эжем менен сиңдимдин бактысыздыгына атамдын араккордугу жана аракечтер жолунан ажырай албастыгы себеп.

– Түшүнүктүү… Демек, атаң ичкиликке берилип, үй-бүлөсүн азап отуна салгандардан турбайбы?

– Дал ошондой. Эми баарын сизге бир баштан айтып берейин. Балалыгымды элес-элес эстесем, атамдын кишиде жок мээримдүүлүгү көз алдыма тартылат. Апама, өзгөчө биз кыздарына ширин-ширин сөздөрүн айтып, күн кур эмес ишинен кайтканда таттууларын көтөрө келчү. Атам иштен келгенде биздин үй майрамга айланат болчу. Бирибиз туруп бирибизди желкесине көтөрүп, баары кинодогудай сезилет. Апамдын айтымында атам облустук керек-жарак мекемесинде текшерүүчү болуп иштечү экен. Мен беш жашка чыкканымда, 95-жылдары атам ишинен кыскартылып, ишсиз үйдө олтуруп калат. Биздин үй-бүлөбүздөгү бардык бактысыздыктар дал ошол атам иштебей калган күндөн башталыптыр. Өзүнө ылайык иш таппай, акырын ич күптүсүн арак менен басып жүрүп, бөтөлкө ичине кантип байланып калганын өзү да байкабай калган окшойт. Баягы бейиш болгон үйүбүз, ызы-чууга толуп, апам байкушка кыйын болуптур.

– Атаңа кеп-кеңешин айткан тууган-урук, жоро-жолдоштору болбоптурбу?

– Жоро-жолдоштору иш деле таап беришиптир, бирок, алар тапкан ишке атамдын моюну жар бербей, эрмеги арак. Баскан жолу үй менен камок экени эсимде. Ичкендин эртеси, «эми эч ичпейм, иштейм» – деп бизге сөз берчү. Эртеси күн шашкеде атамды кайра мас көрчүбүз. Көчөдөн келе жатканын көрүп, баарыбыз туш-тушка качып, бекинер элек. Чоң атам менен чоң энем да атамды арак деген балээден адаштыра албай арман менен көздөрү өттү.
– Ичкен адамдын эрки бош болсо, эч ким, эч нерсе ага жардам бере албайт. Туура жолго сала албайт, сиңдим. Мен баарына түшүнүп турам…
– Ошентип, жетип-жетпеген турмушта балалыгыбыз өтүп, эжем, синдим үчөөбүз бой жеттик. Апам иштеген кондитердик цехке ишке орноштук. Дале болсо атам өзгөргөн жок. Чоң энем раматылык айткандай «мурдагыдан мурду чоң, баштагыдан башы чоң» – болуп, тартыштыктан арылганыбыз менен чырдан арыла албадык. Ар дайымдагыдай апамдын тапканын тамак-ашка сарптап, ал эми биздин кирешебизди илгери үмүт менен чогулта баштадык. Эжемди эл катары турмушка берсек деп себин камдадык. Ал эми атамда биздин келечек бактыбыз туурасында камкордук эмес, жылт эткен ой да жок эле. Бар бактысы аракка байлангандай тиричилик туурасында кыпындай аракетин жасабаган.

– Ашырып жиберген жоксуңбу? Ал да тирүү жан го мас болсо, соолугат. Соолуккан соң өзүнө аздыр-көптүр отчетун берет дегендей.

– Кайдан, эже. Эсимде. Бир күн апам эжемдин көңүл салган жигити бар экендигин, буюрса, турмушка чыгаарын айтканда, билесизби, атам эмне дегенин? «Билгениңерди кылгыла, болгону менин «оокатыма» шишеме акча берип турсаң болду» – деген. Төртөөбүз үйдүн төрт бурчунда ыйлап-ыйлап олтурсак, атам камырабай төшөктүн катына каткан акчабызды алып, эч бир кайрылбастай, кол шилтеп басып кеткен. Так айта албайм, бир жумадабы, же он күндөбү айтор баягы эжемдин ак тоюна деп жыйган, анын ичинде кудалар берген акча түгөнгөндө бою башын тиктеп болбой турган абалда эшик аттап кирип келди. Бул учурда биз той каражаттарына акча таба албай, акча издеп таманыбыз тургай жүрөгүбүз тешилип, не бир азап тарткан элек.

– Эжеңдин тоюу эмне болду? Кийит кече, төшөк-жууркан, мебель дегендер аз эмес акчага келет эмеспи.

– Айта көрбөңүз! Апам колу-кошуна, тууган-уруктан акча жыйып, карызга батып, колго илинер-илинбес сеп даярдоого үлгүрдү. Жупуну сеп, жупуну дасторкон, жупуну той өттү. Атам той башталбастан туруп «өчүп», бөтөлкө жазданып уктап, эртеси эси-көөнү арак менен ойгонгон эле…

-Деги бактылуу жашап калдыбы?

– Кайдан, тойдон бир, эки жума өтпөй атам эжемдикине, жаңы кудалардыкына аракка тойбой калган абалында, акча сурап барууну адат кылып, эжемдин жүзүн жер каратты.

– Эжең, байкуш кантти, анан?

– Ата экен да, уруп-сөгүп жолго сала албаса, уялганын сездирбей, кубат болсун деп, ысык тамагын алдына коюп узатып жүрдү. «Тексиз жерден келин алыпмын» – деп күндө баласын жемелеп, кайын энесинин каарын угат. Мындай шартта көпкө жашай албасын түшүнүп, көзүн жумуп, үйүбүзгө кайтып келген. Ызага баткан байкуш эжем көпкө боорун жерден албай, бүк түшүп жатып калганы эсимде.

– Кызынын бул абалы атаңа сабак болгондур.

– Атам уялмак тургай, кайра аларды «мен өлтүрөм, жейм, жутам» – деп, бет тырмачылык кылды. Бир, эки күн ичпей жүргөнү менен атама кыздарынын бактысынан да арак кымбат экенин дагы бир жолу бизге далилдеди. Кайрадан баягы арак жыттанган кунарсыз үйдө максатсыз жашообуз улана берди.

– Өзүңдүн жеке жашооң кантти, сиңдиң турмушка чыктыбы?

– Эжемдин тагдыры биздин бактыбыздын эшигин биротоло бекитип койгондой сезилет мага. Араккордун үйүнө араккордун кызынын колун сурап ким келмек эле. Келсе да атам сыяктуу жаштайынан аракка азгырылгандар, колунан иш келбеген бекерчилер бирин серин сөз салбаса. Балдарына татыктуу ата болуп бере ала тургандары бизден ат чабым алыс качышат. Эжемдин жашы 27де, менин жашым 24тө, ал эми сиңдимдин жашы 21де. Инимди кошпогондо да үчөөбүз бой жетип калдык. Жалгыздап да, биригип да тепсек темирди үзө тепчү кайратыбыз, күчүбүз болгон менен атамды арактан адаштырууга акылыбыз дарманыбыз жетпей, бул жарык дүйнөгө келгенибизге да бушайман болуп, тирүүбүз бирок, жаныбыз жоктой жашоо кечирип жатабыз.

– Кыздар бири-бириңерге арман-муңуңарды айтып, жеңилдеп аласыңар дейли. Иниңдин абалы кандай? Деги иниңер акылдуу чыксын эми.

– Эжеке, эмне деп айтаарымды да билбейм. Дарыгерлердин айтымында анын майыптыгына да ичкич атам себептүү экен. Тубаса майып төрөлгөн. Апам шордуу азапка жаралган пенде экен. Үч жашка чейин угуп, кадимкидей сүйлөйт болчу. Адаттагыдай эле мас болгон күндөрүнүн биринде чуу чыгарып, колундагы таш менен апамды атып урганда, таш апама эмес жанында турган иниме тийген эле. Иним жыгылып, эсинен таанып, ооруканага алып барганбыз. Башынан жарат алган жери айыгып, негедир иним уккан менен сүйлөй албай калды. Кээ күндөрү эки, үч жолудан басып баратып катуу жыгылып, кайра эле туруп басып кете берет. Башында жыл сайын дарыланып турчу. Өзгөрүү жок болгондуктан азыр ооруканага деле жатпайт. Жашоо кызыкчылыктары менен түк иши жок. Курсагы тойсо болду. Инимдин аянычтуу абалын көргөн сайын атамды жек көрүп кетем. Атам экен көңүлүнө тийчүү катуу сөз айта албайм.

– Атаңа ыйман тилегенден башка арга жок. Акылың тунук, ыймандуу кыз экенсиң, «жашоодо бир эшик сен үчүн жабык болсо, анын артында беш эшик ачык бойдон сени күтүп турат» – деп айтылат, хадисте. Андыктан, башыңды ийип, тизе бүгүп олтура бербе. Сени күтүп турган бакытыңды өзүң издеп тап. Жашоо сен ойлогондой бир чекитте бир түс менен тура бербейт. Ар дайым жан дүйнөң азап тартып кыйналганда артыңды, айланаңды кара. Анткени сенден да оор турмушта жашоо кечирип жаткандар, эң өкүнүчтүүсү дал ушул мүнөттөрдө өмүр суусу түгөнүп, жан таслим болуп жаткандар бар. Билесиңби, сенде айрымдарда жок чечкиндүүлүк, зээндүүлүк сапаттар бар экен.

– Чын эле ошондойбу, эже?

– Албетте. Ушул сапаттарың сени бактылуулук жолуна жетелейт. Буюрса баары жакшы болот. Апаңа, бир туугандарыңа ак жарык из таап берүүчү сенсиң. Андыктан, башыңды көтөрүп, жалаң гана жакшы ойлор менен алдыга кадам ташта!

– Рахмат, эжеке!

P.S. «Тагдыр жолу табышмак» – дегендей, гүлкайырдай кулпура турган мезгилинде тагдыр далысын салган кыздын (атайын аты-жөнүн жазбадым) муңга толгон мунарык маеги сиздерди да кайдыгер калтырбаса керек. (Пикир жазсаңыздар болот).

Гулжамал ЖОРОЕВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17