Аймак

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдаган 13 жогорку окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калганын билдирди.

Жаңы талаптарга ылайык, бардык медициналык окуу жайлар 2026-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек болчу.

Бул талапты аткара албаган окуу жайлар эми билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана диплом берүү укугунан ажырайт.

Аккредитациянын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети, Кыргызстандын Эл аралык университети, Эл аралык жогорку медицина мектеби жана С. Тентишев атындагы Азия эл аралык университети 6 жылдык мөөнөткө аккредитация алышты.

Ал эми «Авиценна» эл аралык медициналык университети, АДАМ университети, Салымбеков университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Ош эл аралык медициналык университети баш болгон жалпы 13 окуу жай талаптарга жооп бере алган жок.

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү окутуучулардын курамы, клиникалык базалар, материалдык-техникалык камсыздоо жана билим берүү программаларынын сапаты боюнча жүргүзүлгөн.

Учурда Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдаган 34 жогорку окуу жай бар. Алардын ичинен 24ү аккредитациядан өтүү үчүн арыз берген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17