Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1 Бардыгы / Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Манас шаарындагы Барпы театрынын аянтчасында “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш – чара болуп өттү. 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш-чара Манас шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. Иш-чарада балдарга жакшы маанай тартуулоо үчүн кызыктуу оюн-зооктор, концерттик программалар, спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр […]
2 Бардыгы / Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Манас шаарындагы Барпы театрынын аянтчасында “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш – чара болуп өттү. 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш-чара Манас шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. Иш-чарада балдарга жакшы маанай тартуулоо үчүн кызыктуу оюн-зооктор, концерттик программалар, спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр […]
МАНАС ШААРЫНДА “БАЛДАР – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК” АТТУУ ИШ – ЧАРА ӨТТҮ
01.06.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Манас шаарындагы Барпы театрынын аянтчасында “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш – чара болуп өттү.
1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө арналган “Балдар – биздин келечек” аталышындагы иш-чара Манас шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.
Иш-чарада балдарга жакшы маанай тартуулоо үчүн кызыктуу оюн-зооктор, концерттик программалар, спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр Манас шаардык мэриясы тарабынан баалуу белектерди, сыйлыктарды алышты.
Бул тууралуу Манас шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бегимай Тойгонбаева төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул жылы Манас шаарынын мэриясы тарабынан балдарды коргоо күнүнө карата өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү иш-чарага тогуз жүз миң сом акча каражаты бөлүнүп, социалдык колдоого муктаж болгон балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле башкармалыктын каттоосунда турган 1300 балага беш жүз сомдон акчалай көмөк көрсөтүлдү. Андан сырткары шаардагы аз камсыздалган 200 үй-бүлөгө “Данек” оюн-зоок борборуна жана Galaxy кино театрына бекер билеттер белеке берилди. Ал эми бүгүнкү иш-чаранын демөөрчүлөрү болгон “Билайн” компаниясы тарабынан бекер суусундуктар, шириндиктер таратылды. Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, концерттик программага “Ариет” балдар чыгармачыл борборунун окуучулары катышышты”, – деди Б.Тойгонбаева.
Бүгүнкү майрам балдардын маанайын көтөрүп, кубаныч тартуулады.
Саадагүл Маматмуктар кызы, Манас шаарынын тургуну:
“Бүгүнкү балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чара аябай мыкты деңгээлде өтүп жатат. Эң негизгиси балдарыбыздын маанайы жакшы. Балдарды коргоо күнүнө ушунчалык көңүл буруп, концерт уюштуруп бергендиги үчүн мэрия кызматкерлерине ыраазыбыз”.
Азамат Токтосунов, сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүсү:
“Мен №19 мектептин 6-классынын окуучусумун. Бүгүн сүрөт тартуу сынагына катышып, биринчи орунга ээ болдум. Жеңүүчү болгонумду угуп, кубануу менен белек алдым”.
Мээрим Кубанычбекова, бийчи:
“Ариет” балдар чыгармачыл борборунун “Кыз бийке” бийчилер тобунун бийчисимин. Биз мындай иш-чараларга 5 жылдан бери катышып келебиз. Бүгүнкү иш- чарада уйгур бийин бийледик. Маанайыбыз эң мыкты деңгээлде, ушундай майрамдык кечелер ар дайым болуп турушун каалайт элек”.
Айсезим Тургуналиева, окуучу:
“Бүгүн мен мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жатам. “Ариет” балдар чыгармачыл борборунда кол өнөрчүлүк боюнча 2 жылдан бери окуп, үйрөнүп жатам. Мага бүгүнкү иш-чаранын өзгөчө жаккан тарабы – балдардын ар бирине жакшы көңүл бурушуп, көптөгөн кызыктуу оюндарды уюштурушуптур”.








Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
01.06.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА “БАЛДАР – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК” АТТУУ ИШ – ЧАРА ӨТТҮ
-
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН КЫДЫРДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.