Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1 Бардыгы / ЭАУнун студенти Нуркамила Черикова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” сынагында эл тандоосу менен байгелүү III орунду ээледи. ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети билдиргендей, 1-июнда Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык этно-ыр сынагынын улуттук тандоо сынагы өткөрүлдү. Финалдык бөлүгүндө 10 мыкты ырчы катышкан, алардын ичинде атактуу […]
2 Бардыгы / ЭАУнун студенти Нуркамила Черикова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” сынагында эл тандоосу менен байгелүү III орунду ээледи. ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети билдиргендей, 1-июнда Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык этно-ыр сынагынын улуттук тандоо сынагы өткөрүлдү. Финалдык бөлүгүндө 10 мыкты ырчы катышкан, алардын ичинде атактуу […]
ЭАУнун СТУДЕНТИ “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
03.06.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
ЭАУнун студенти Нуркамила Черикова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” сынагында эл тандоосу менен байгелүү III орунду ээледи.
ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети билдиргендей, 1-июнда Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык этно-ыр сынагынын улуттук тандоо сынагы өткөрүлдү. Финалдык бөлүгүндө 10 мыкты ырчы катышкан, алардын ичинде атактуу ырчы, “Көчмөн бийи” автордук композициясы менен белгилүү болгон, Борбордук Азиянын алтын үнү Нур Чолпон да катышкан. Аталган тандоого К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Манас ш.) Гуманитардык –экономикалык колледжинин “Чет тили” (англис тили) адистиги боюнча 2-курстун ПДо-1-24 тайпасынын студенти, “Ала-Тоо жазы-2026” чыгармачылык сынагынын ыр боюнча жеңүүчүсү Нуркамила Черикова “Дарак ыры” (сөзү: Б. Чотуров, обону: Ж. Апасов) жана “Rolling in the deep” (“Туңгуюкта тоголонгон”, музыкасы жана тексти: Адель, Пол Эпуорт) ырлары менен катышып, эл тандоосунда 3-орунга жетишип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдоого уруксат берилди.
Бул ийгиликтерге Нуркамила Черикова ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборунун директору, маданияттын мыктысы Муктар Гайымовдун жетекчилиги астында жетишти. Сынактын эртеси байгелүү орундарга жетишкендерди, анын ичинде Нуркамила Черикова менен Муктар Гайымовду Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тарабынан кабыл алынышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында ырдай тургандыгы тастыкталды.
“Нуркамила менен Муктар агайды аталган ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ийгилик үчүн активдүү добуш берген ыр сүйүүчүлөрүнө, анын ичинде Жалал-Абад областынын, Манас шаарынын тургундарына чоң ыраазычылык билдиребиз!”,- дейт ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТИ “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ АЧЫЛДЫ
-
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭДИЛБЕК ТАЖИМЫРЗАЕВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.