Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
5,968 Бардыгы / Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. […]
5,969 Бардыгы / Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. […]
Жаныбек ИСАКОВ: “ЭКОНОМИКАБЫЗ ЭМИ ЧЫНДАП ӨЙДӨЛӨЙТ”
23.12.2017 / Автор anarkan_kg

5,970 Бардыгы /


Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.
-Жаныбек мырза, 2017-жылды деги кантип жыйынтыктадыңыздар?
-Айтылуу Бүргөндү өрөөнү көп жылдар бою дың бойдон жаткан эле. Эми муну толук кандуу өздөштүрүү максатында 350 миллион сом сарптап, аймакка заманбап ирригациялык системалар жеткирилди. Буга улай Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 700 гектар жер дагы кошумча өздөштүрүлдү. Жети чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетти абдан сарамжалдуу пайдаланып, 4,5 миллион сом коротуп, районубуздагы 134 чакырым ички чарбалык жолдорду бүтүндөй асфальтттадык. 14 миллион сом жумшап, 13 мектептин спорт аянтчаларын дагы бүтүрүп, биротоло ишке түшүрдүк.
-Кечиресиз, мында айтылуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматынан неге пайдаланбадыңыздар?
-Кантип? Сүттү кайра иштетүүчү цехтин тушоосун кестик. Буга улаймөмө-жемиштерди кайра иштетип, андан сок чыгаруучу цехти дагы бүтүрдүк. Азыр буларда иш кадимки ыргагына түшүп калды. Экөөнө тең Орус-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун эсебинен жалпысынан 31,5 миллион сом чыгымдалды. Бүгүнкү кебетесинде аталган эки ишкана тең биздин мээнетибизди жакынкы жылдарда актайт деп терең ишенем!
-Демек, абройлуу ата мекендик жана эл аралык уюмдар менен ушул тапта ийиндеше иштешип жатыпсыздар да?
-Ооба. АКШнын ЮСАИД уюму атайын Агро Горизонт долбоорунун алкагында логистикалык борбор ачты. Аны тикелөөгө 9 миллион сом жумшадык. Эми бул логистикалык борбордо 500 тоннага дейре мөмө-жемиштерди сыйдырууга жана сапатын бузбастан сактоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушуга улай АРИС уюмунун түздөн-түз каржылоосу аркасында /ч-Коргон айылында бир мектеп курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Мындай жигердүү аракеттерибиз мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.
-Тээ Союз маалында Сиз жетектеген район Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап комбинаты менен ыраса даңкталчу. Бул эки гигант ишкана неге дагыле токтоп турат?
-Кадамжай сурьма комбинатына ушул тапта казактар ээлик кылат. Алар эмдиги жылдан ири көлөмдөгү каражат жумшап, ишкананы туруктуу иштетишет. Ал эми Айдаркен сымап комбинаты “Север-Стал” Орус-Кыргыз биргелешкен компаниясына таандык. Алар атактуу ишкананын эң негизги фабрикасын бүгүнкү күндө реконструкциялап бүтүштү. Эми саз баскан шахталарга заманбап насосторду орнотуп жатышат. Бул комбинат дагы 2018-жылы толук кандуу ишке түшүрүлөт.
-Жаныбек мырза, айтылуу Бел-Алма көмүр кенинин ызы-чуусу дагыле басыла элек. Андагы коррупциялык жоруктарды ооздуктоого неге катаал чара көрбөй жатасыздар?
-Бал-Алма көмүр кени 6 гектар аянтты ээлейт. Ал 2015-жылы ачылган. Мамлекеттик ЭкоТехинспекция бул кенди өз алдынча иштетип келаткан Беш-Арча жоопкерчилиги чектелген коомун дыкаат текшерип, айрым мыйзамсыз аракеттери үчүн ишкананын лицензиясын убактылуу токтоткон. Ушул тапта сот жараяны жүрүп жатат. Менимче, бул талаш-тартыштарга Фемида гана акыркы чектитти коет деген терең үмүттөмүн.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
18.11.2025 / Автор anarkan_kg ГЭСтердин ГИДРОАГРЕГАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
-
19.01.2026 / Автор anarkan_kg АШУУЛАРДА ЖОЛ АЧЫК, КАТТАМ БАР – 11:00ГӨ КАРАТА МААЛЫМАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.