Аймак

АВТОКЫРСЫКТАРДАН КАНТКЕНДЕ АЗАЯТ?

АВТОКЫРСЫКТАРДАН КАНТКЕНДЕ АЗАЯТ?

 3,774 Бардыгы /

Расмий маалыматтарга карганда жыл башына бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Алардан кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдаган. Жарадар болгондордун саны 7 миңге жакын. Былтыркы жылы 6 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 900дөн ашуун адам өмүрү менен кош айтышкан эле.  Ал эми Жалал-Абад облусунда 547 жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 113кө жеткен. 917 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 562 болуп, каза болгондордун саны 129, ал эми жаракат алгандар 982ни түзгөн. Статистикалык маалыматтар салыштырмалуу азайгандыгы менен быйыл үрөй учурган, көп адамды каза кылган оор авто кырсыктар көп болду. Жогоруда айтылган кырсыктардын көбөйүшүн себебин айдоочулук күбөлүккө оңой ээ болуудан көрүп жаткандар басымдуулук кылат. Бирок эч ким чечкиндүү милдет ала элек.  Тескөө иштериндеги кашайган коррупция. Кырсыктар көп катталган Ош-Бишкек каттамындагы жол коопсуздугун күчөтүп, автокырсыктардын санын азайтуу багытында кандай жаңылыктар жүрүп жаткандыгы тууралуу Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынын башчысы Авазбек ДОСОВ маалымат берди.

  • Бизде ар бир айдын жыйынтыгы чыгарылып турат. Мисалы 2017-жылдын 10 айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак кырсык катталган. Былтыркы жылы жол кырсыктарынан 129 адам каза болгон болсо, быйыл 113 адам. Жол транспорт кырсыктарынын, денесинен жаракат алгандардын да саны бир аз болсо да азайган. Бирок акыркы жылдары Ош-Бишкек жолунда резонанс жараткан, элдин көпчүлүгүнүн көңүлүң буруп, бир эле кырсыкта бир канча адамдардын өмүрүн алган кырсыктар катталып жатты. “Степ-вагон” жүк ташуучу машина менен каршы чыгып 8 адам каза болгон. Жакында кайра эле бир жол кырсыгында 10 адам каза болуп калды. Мындай кырсыктар мурда да катталчу. Бирок акыркы мезгилдерде интернеттин жана сайттардын оперативдүү иш алып барып жатканынан, элдин көпчүлүгү социалдык тармактар аркылуу жаңылыктарга көп басым жасап калгандыктан аталган кырсыктар тез эле резонанс жаратып, талкууга түшүүдө. Ошондуктанбы аз катталып жаткандыгына, жабыркагандадын саны азайгандыгына карабай өкмөттүк деңгээлде жакшы көңүл бурула баштады. Көбүнчө жол кырсыктарында айдоочу карама-каршы тилкеге катуу ылдамдыкта чыкканы байкалууда. Оң рулдуу авто унаалар, же болбосо билип туруп эрежеге баш ийбегендик, уктап кетүү. Мына ушулар негизги себептерден болууда. Албетте, узак жолдордогу жол чийимдерим, жол эрежелеринин белгилерин жаңыртуу иштеринде кемчиликтер бар. Биздин Жалал-Абад облусу түндүк – түштүк регионунун ортосунда болобуз. Өзгөчө Ноокен районунан Токтогул районуна чейинки аралыктар. Баткендиктер бул жагынан, ар жактан келаткан Бишкек, Чүйлүктөр келип ушул аймакта чарчап уктаган абалда болуп калышат. Оор жол кырсыктарында айдоочулар катуу ылдамдыкта баратканы байкалат. Ошондой учурда кырсык көп адамдын өмүрүн алат. Эгер адам уктаган абалда болбой тормоз берсе, же унааны алып качса анчалык оор кырсык болбойт эле. Ал эми алдын алуу максатында фото-видео фиксацияларды орнотуу, стационардык посторду ачуу, мыйзамдык укуктук актыларга өзгөрүулөрдү киргизүү сунуштарын берип жатабыз. Ар бир айдоочуга GPS системасын киргизүү. Бул дегени ар бир унаада канча километр тынымсыз жүргөнү аныкталып турат. Эгер ал коюлса биздин кызматкерлер токтотуп текшерип, эгер көп жүргөн болсо мисалы 200-300 километр, жолдун чекесине алып бир аз уктап алыңыз дегенге укуктуу болуш керек. Бул бир эле система, мындай системалар көп. Азыр бул сунуштар кырсыктардын алдын алуу максатында  өкмөткө сунуш катары берилип жатат. Фото-видео фиксация жөн эле тартып койбойт. Анын коопсуздук эрежесин бузугандыгын да тартып калат. Андан сырткары видео регистратр коюлушу керек. Ал өзүнүн да каршы чыккан унаанын да эреже бузганын тартып, сактап калат. Тоолуу аймактарда ар бир объектерге патрулдук милиция кызматкерлерин жеткирүү кыйын. Андыктан видео-байкоо орнотууну колго алыш керек. Видео-байкоолорду орнотуу жергиликтүү бийликтегилерге жүктөлгөн. Анткен менен ал жердеги видео-байкоодон тартып алынган эреже бузуунун салыгынын 50% жергиликтүү казынага түшөт. Ага карабастан биздин жергиликтүү бийликтегилер видео-байкоону колго алыша элек. Ал эми посттор боюнча айтсак, чынында толук пост коюууга кызматкерлер, штаттык бирдиктер  жетишсиз. Мисалы бизде ар дайым постто туруучу болгону 22 кызматкер бар. Азыр болушунча оор кырсыктар көп катталып жаткан Таш-Көмүр, Кара-Кол, Токтогулга көбүрөөк койгону аракет кылып жатабыз.

Беш күнчөлүк бир келген жашоо деп айтып келебиз. Берилген өмүрүбүзгө өз жоопкерчилигибизди да алуубуз керектигин унутпашыбыз керек. Дегеле сапар алдынан материадык жактан гана кам көрбөстөн руханий жактан да даярдык көрүү керектир. “Жол азабы көр азабы” деп бекеринен айтылбагандыр. Андыктан сапар даярдыгы тууралуу Жалал-Абад облустук казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Алибек БАТЫРАЛИЕВ айтып өттү.

  • Жол кырсыктары боюнча Куранда бакара сүрөөсүнүн 195-аятында айтылган. Өзүнөрдү коркунучка, кыйроого себеп болчу нерселерге салбагыла деген. Ниса сүрөөсүндө да, 29-аятында “өзүңөрдү өзүңөр өлтүрүп албагыла, себеби кудай таалам өтө боорукер” дейт. Бул аяттын түшүндүрмөсүндө кээ бир аалымдар айтышат. Унааларды катуу ылдамдыкта айдоо адам өз өмүрүн коркунучка салуу бар дешет. Ошон үчүн бул аятка амал кылбаганыбыз болуп калат деп эскертет. Пайгамбарыбыздын дагы бир хадиси бар. Шашылган шайтандын иши. Кырсыктарга дуушар болунун дагы бир себеби шашылуу. Мисалы жол белгилеринде 60 ылдамдыкта кетүү эскертилген болсо, бирок аны көрүп туруп, андан да катуу ылдамдыкта жүргөндүк да өз өмүрүн коркунучка салгандыкка жатат. Пайгамбарыбыз айтат тобокел кыл, бирок төөнү байлап туруп анан тобокелге сал дейт. Бир жакка чыгар кезде да адам материалдык жана башка жактардан даярдык көрүп алып чыккыла деп эскерткен. Ар бир иш кылаарда ойлонуп андан соң кадам ташта деп айтылат динибизде. Негизи амалдар ниетке жараша болот. Демек баары ниетибизге жараша. Жакшы ниет менен, ал жакка баргандан кийин эмне кылам деп ойонуп жакшы ойлор мене сапарга чыгуу керек. Бизге муфтияттан жума намаздарында айтылчу хутбалар, баяндардын темалары келет. Жол кырсыктары көбөйүп кеткендигине байланыштуу, ошондой эле милиция кызматкерлеринин суранычы менен жума күндөрү мечиттерде аталган көйгөй жөнүндө баяндар айтылып келет. Андан сырткары да иш чаралар каралган. Буга чейин да өтүп келген буюрса мындан кийин да улантабыз.

 

Коомчулукта “айдоочулук күбөлүктү толук окубай, тааныш аркылуу сатып алгандар көп болгондуктан жол эрежесин билбеген жарандар унаа башкарып жатышат. Кырсыктардын бирден бир себеби жол эрежесин билбегендик” деп жоромолдогондор бар. Мына ошол автомектептердин бири Транспорт каражатынын айдоочулар союзу автомектебинин директору Бакытбек КАЛБАЕВ төмөнкүлөргө токтолду:

  • Биздин мектеп союз мезгилинен түзүлүп калгандыктан, азыр ар бир облустарда бар. Автомектептердин өзүнүн президиуму бар. Жыл сайын кеңешме өткөрүп, жаңы киргизилген жол эрежелери жана башка мыйзамдык, укуктук өзгөрүүлөр менен таанышып, талкуулап турабыз. Ал эми лицензия боюнча айтсам. Мурда беш жылда бир текшерчү, азыр жыл сайын лицензиялык текшерүү болуп турат. B, C категориялары үчүн 3 жарым ай окуу мөөнөтү белгиленген. Акыркы эки жылдан бери окуйм деп келгендердин саны көп. Алтымышка чыккан аксакалдар да келүүдө. Мурда окуучу айымдар көп эле. Азыр мырзалардын да саны жогорулай баштады. Жеке менчик автомектептердин аябай көбөйүп кеткен. Акыркы жылдары автомектептерге болгон текшерүүлөр жүргүзүлүп көбү жабылып кетти. Чындыгында автокырсыктардын  көбөйүшүнө автомектептерди күнөөлүү караган пикирлер коомчулукта көбөйүп кетти. Бирок баса белгилеп кетүү керек, биз айдоочулук күбөлүк бербейбиз, биз окутабыз. Автомектептен окуган деген күбөлүк беребиз. Мамлекеттик  каттоо кызматы экзамен алат жана айдоочулук күбөлүгүн берет. Окугандар экзаменден өтпөй калышса, кайра башынан окушат. Ошондой эле жол кырсыгына биринчи себеп жолдордун абалы. Мисалы Финляндияда бизге караганда унаа көп, бирок кырсык аз. Анткени алардын жолдоруна жакшы көңүл бурулган. Бизде акыркы күндөрү оң рулду унаалар көбөйүп кетти. Ош-Бишкекке каттаган унаалардын көпчүлүгү, жада калса кырсыкка көп кабылгандар оң рулду унаалар. Кырсыктардын көбүндө алар карама-каршы жол тилкесине шашылыш чыкканы айтылып жатат. Жол кырсыктарына автомектептер күнөөлүү деген сөз жан кейитет.  Биз жада калса күбөлүктү да өзүбүз бере албайбыз. Экзамен да департамент, мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу ишке ашат. Кырсыкка кабылгандар 30 жаштагы адам болсо деле, ал унаа айдап жүргөнүнө беш жылдан ашык стажы болот. Анан кантип билбей калсын. Бул жерде адамдар өздөрү эрежелерге баш ийбейт, кырсык айттырбай келет дегендей шашылып кетет,  тирилик деп дем албай жумушка чыгып алып уктап калат. Дагы бир тарабынан барган сайын адамдардын сабыры суз болуп калган. Жада калса светофордун эки-үч минутасын күтө алышпайт.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17