Аймак

СУУ ТҮТҮКТӨРҮН АЛМАШТЫРУУ ИШТЕРИ КАЧАН БҮТӨТ?

СУУ ТҮТҮКТӨРҮН АЛМАШТЫРУУ ИШТЕРИ КАЧАН БҮТӨТ?

 2,573 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп келе жатат. Шаар аталгандан бери жаңыланбаган суу турбалар эскирип, авариялык өчүрүүлөр тез-тез кайталанып калган эле. Ал эми жаңылоо иштери 2014-жылдын жаз айларында башталган. 2017-жылы аякташы керек эле. Бирок учурда иш дагыле кызуу жүрүүдө. Иш жүрүп жаткан жерлерде жол каттамдарына ыңгайсыздык жаратпайт койбойт. Андыктан шаар тургундарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери качан аяктайт деген суроо кызыктырып келет.

 

Айтпай МУСАЕВ, Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын башчысы:

“2018-ЖЫЛДЫН ИЮЛЬ АЙЫНДА БИРИНЧИ ФАЗА АЯКТАЙТ”

Долбоор 2014-жылы башталган. Жалпы 7 миллион евро каралган. Анын 3 миллион евросу кредит катары, ал эми 4 миллион евросу грант катары берилген. Белгилей кетсек, долбоорго Спутник жана Жеңиш кичи шаарчасы кирген эмес. Алардан сырткары башкача айтканда шаар аймагына суу түтүкчөлөрү алмаштырылып, жер үйлөргө сууэсептегичтер коюлат деген план болгон. Бүгүнкү күндө долбоордо көрсөтүлгөн жумуштар 70% аткарылды. 600 километр суу түтүгү алмаштырылышы керек болгон болсо, азыр 400 километри алмашып бүттү. График боюнча 2018-жылдын июль айына бүтүшү керек. Ошондо 600 километр суу түтүктөрү жаңыланып, 9000 даана суу эсептегичтери орнотулат. Туура 2017-жылы аякташы керек болчу. Бирок объективдүү жана субъективдүү себептер менен кийинки жылдын жарымына чейин жылды. Биринчиден долбоорлор иштери кечикти. Тендер өтпөй калып, кайра кайра жарыяланып туруп калды.

Долбоордо каралгандай төрт лотко бөлүнгөн. Азыркы учурда “Алым-Ата”, “Ак-бата” “Уста”, “Артлас” деген компаниялар иш алып барууда. Темир жол тарапта “Артлас менен Ак-бата” иштеп жатса, Достук микро районунда жана Осмонов көчөсүндө “Алым-Ата” компаниясы иштеп жатат. Калган жактарда “Уста” иш алып барууда.

Суук түшкөндүгүнө байланыштуу тоң түшкөндөн баштап иш токтойт. Тоңуп калган түтүктөрдү коюууда алар сынып калышы мүмкүн. Ошондой эле, аны кармап туурчу майда кум салынат. Суукта кум да эленбей калат. Эми жазда күн жылыганда кайрадан жумуш башталат. Туруктуу жумушчулар иштейт. Техникалык база жетиштүү. Суу эсептегичтердин да жетиштүү келген.

 

“ЖАҢЫ ТҮТҮКТӨР БИЗГЕ 100 ЖЫЛ КЫЗМАТ КЫЛАТ”

Бул союз учурунда 50-60-жылдары коюлган суу түтүкчөлөрү. Алар бүгүнкү күнгө чейин чирип бүткөң, сыртынан ылай менен оролуп тургандыктан кармалып турган. Шаар тургундары да жакшы билишет авариялык абалдар, өчүрүүлөр көп катталып калды эле. Долбоор өз убагында келди. Эми бул түтүкчөлөр кеминде 50 жыл иштейт. Негизи 100 жылга кепилдик берилген. Себеби өзүнүн сертификаты менен тастыкталган, сапаттуу түтүкчөлөр. Суу эсептегичтер да Франциядан келген “Айтрон” компаниясына тиешелүү. Буюрса, оңдоп түзөө иштери шаарда кескин азаят.

Ал эми Спутник жана Жеңиш кичи шаарчалары бюджет жетишсиздигине байланыштуу эски бойдон калды. Бирок алар 2-фазага киргизилген. 2018-жылдын жарымында биринчи фаза аяктаса, Евро өнүктүрүү банкынан акча каражатын сурап жатабыз. Азырынча 8 миллион евро каралып жатат. Буга албетте шаардык кеңештин макулдугу керек. Эми сессияда каралгандан кийин аныкталат.

 

“СУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛСА КАРЫЗДАРДЫ ӨНДҮРҮҮ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Жаңы орнотулган суу эсептегичтер иштебей калды деген бир эле жолу катталды. Аны биз компания менен байланышып билип, оңдогонбуз. Андан кийин андай учур боло элек. Көп кабаттуу үйлөргө суу эсептегичтерин коюуу экинчи фазага каралган. Мурдагыдан көп төлөп калабыз деген туура эмес. Анткени үйдө канча адам жашаса ошого жараша суу иштетилгени анык болот. Мурдагыга караганда аз төлөп калдык дегендер да болууда. Албетте, буга чейин адам башына эсептегенде үйдө 10 адам жашап туруп, эки адамга жаздырып койгондор көбүрөөк төлөп калышат. Көбүнчө  көп кабаттуу үйлөрдө биздин кызматкерлер байкайт. 10 адам жашаса да, 2 адамга жаздырып, калганын конок деп коюшат. Сууга болгон тариф өзүнүн баасынан арзандатылып берилет. Андыктан чынында канча адам колдонсо ошого жараша эле төлөм болот. Биз теоретикалык жактан жерден 15-16 миллион куб суу тартып чыга турган болсок, анын 5 миллиону гана сатылат. Калганы 10 миллиондун эсеби чыкпай калчу. Элдер суу эсептегичке чейин кандай кылчу. Жөн эле агызып коюшчу, жайында пиво, дарбыз муздатып, сууга ысырап көп болчу. Суу эсептегич мына ушундай маселелерге чекит коёт.

Дагы бир жакшы тарабы буга чейинки карыздарды өндүрүү жеңилдеди. Буга чейин 5-10 миң сом карыздар болгон. Эсептегич коюлса рычаг пайда болот. Төлөм берилбесе карыздарды шкафтан эле суусун өчүрүп коёбуз. Азыркы күндө элдин сууга болгон 4 миллион сом карызы бар. Ишкана мекемелерден да 4 миллион сом, жалпы 8 миллон карыздары бар.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17