Аймак

Чакмак-Суу мектебинин директору Бактыбек Турсункулов: «БАРДЫК ШАРТЫБЫЗ БАР, ЭМИ ИШТЕШИБИЗ ГАНА КЕРЕК»

Чакмак-Суу мектебинин директору Бактыбек Турсункулов: «БАРДЫК ШАРТЫБЫЗ БАР, ЭМИ ИШТЕШИБИЗ ГАНА КЕРЕК»

 5,676 Бардыгы /

Чаткал районунун эң төрүндө, Талас менен чектешкен жеринде Чакмак-Суу деген айыл бар. Ал айылда чакан мектеп жайгашкан. Аны заңгыраган, заманбап, райондо тургай облуста алдыңкы мамлекеттик билим уясына айландырган мектеп директору Турсункулов Бакыт агай десек жаңылыштык болбос. Анын ынтымагы күч эмгек жамааты бар экен. Мына ошол биримдик, элдик колдоо ийгилик жаратып, окуучулардын чексиз кубанычына ээ болууда. Демөөрчүлөрдүн деми менен 9 жылдык негизги мектеп, жалпы негизги билим берүүчү мектепке айланып олтурат. Бул үчүн кеткен эмгекти, жетишкендиктерди жетекчи менен маектешип олтурдук. 

МЕКТЕПТЕ:

20 мугалим,

10 класс,

136 окуучу,

6 тех.кызматкер бар.

 

– Алгач айылдагы биринчи мектептин тарыхына токтолуп кетсеңиз?

– Чаткал районуна караштуу Чакмак-Суу негизги мектеби 1984-жылы ишке берилген. Негизи башында мектепке деп салынган имарат эмес болчу. Айылдыктар үчүн салынган үй болгон. Анткени ошол 1980-жылдары Чакмак-Суу айылы жаңы негизделген эле. Мектеп муктаждыгынан улам бул  жер билим мекенине айланган. Анда 80 окуучуга ылайыкталган. 2011-жылы мен ушул мектепке окуу бөлөмүнүн башчысы болуп Ала-Букадан которулуп келдим. Ошондо 51 окуучу бар эле. 2015-жылга чейин 9 жылдык толук эмес орто мектеп катары иштеп келди. Анан элдин демилгеси менен жаңы мектеп куруу пландаштырылган жана аны «Кичи Чаарат» ЖАКынын жетекчилиги менен сүйлөшсөк алар демөөрчүлүк кылып бермей болушту. Курулуштун баштан аяк чыгымын көтөрүү милдетин алышты. Жылдан жылга окуучулар көбөйгөндүктөн эски мектепке батпай бараткан. Ал  класстык бөлмөлөр 10 дон гана окуучуга ылайыкташтырылган. Жыл сайын окуучулардын саны өсүү менен класстык бөлмөлөргө окуучулар батпай баштады. Ошентип  жаңы мектеп салуу зарылдыгы келип чыкты. 2015-жылы башталган мектебибиз 2017-жылы аяктап, мына кудайым буйруп жаңы мектепке да кирдик. Жалпысынан 27 миллион сомго курулду. Жаңы мектептин толук шарты бар, заманбап мектеп, көрүп турасыз. Азыркы мектеп биз мурда окуган мектепке салыштырмалуу айырмачылыгы өтө чоң. Класстык бөлмөлөр 25-30 окуучуга  чейин ылайыкташтырылган. Бөлмөлөр көп, чоң, жарык. Бөлүм башчыларга, уюштуруучуларга, усулканага, соцпедагогго, профкомго баарына өзүнчө бөлмөлөр уюштурулган. Жаңы мектебибизде 100 окуучуга ырасталган ашканабыз бар. Ысык, муздак суу менен толук камсыз болгон. Балдар сабак учурунда сыртка чыгышпайт. Ушул жерде колун жууп, ушул жерде тамактанышат. Мурда 9-классты аяктап башка айылдарга, туугандарыныкына барып окушчу. Быйылкы 9-классыбыздын бүтүрүүчүлөрү эч жакка кетишпей, ата-энелери, бир туугандары менен өз үйүндө, өз мектебинде калышты. Учурдан пайдаланып, айыл башчыбыз Искендер Максымбековго, айылдык кеңештин депутаттары Ч.Абдыкеримов. Э.Таштанбаев. А. Иманбеков  А.Дозоновго  ыраазычылык билдирем. Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ушундай ийгиликтерге жетишип жатабыз.

– Жакшы экен, бирок мектепти куралы деп сунуштап эле жомоктогудай болуп бүтүп калбаса керек. Эмне кыйынчылыктар болду?

– Албетте, алгач биздин айылыдыктар 2 кабаттуу мектеп куралы деп демилгелешкен. Демөөрчү болуп жаткан «Кичи Чаарат» жабык акционердик коому 1200 метр квадраттан турган имаратты гана куруп бере тургандыгын билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде мектептин план проектиси сызылып, даярдалып демөөрчүлөргө берилди. Алар  биздин берген долбоорду жактырып анын негизинде курулуш иштери  башталды.

 

– Жергиликтүүлөрдүн, эмгек жамааттын салымы эмне болду?

– Мектептин курулушунда  эмгек жамааттыбыздын, айылдыктардын салымы да чоң болду. Курулуш ишин баштоо үчүн курамы  40 устадан турган курулуш бригадасынын келиши менен аларды жатакана менен камсыз кылуу көйгөйү жаралган.Мына ушул көйгөйду чечиш үчүн  мектептин спорт залына жайгаштырдык. Айылдыктар кезек кезеги менен 5-6дан үй-бүлө биригип тамак ашын көтөрүп келип, усталарды багып жатышты. Айыл башчы, айылдыктар, мектеп жамааты 4 союш алып беришти. Андан сырткары мектеп бүткөндөн кийиин эмгек жааматыбыз 74 миң сомго видео көзөмөл орноттук. Бул деген мектептеги рекетчиликти жоюуга бөгөт болот. Андан сырткары Фонта фирмасынын башкы инженери Ташбаев  Абдыалымдын демилгеси менен өз убагында кум, шагал, таш, эмне керек болсо тынымсыз жеткирилип турду. Усталардын иши бир күнгө да үзгүлтүккө учураган жок. Андан сырткары ата-энелердин  колдооосу менен  ар бир класска жалюзилер алынды. Алар тарабынан 35 миң сом акча каражаты чогулуп  класстык бөлмөлөргө доскалар жасалды. Кошалиев Ыдырысбек деген атуулубуз 25 миң сомдук колдоо көрсөттү.Ал акча каражатына мектептин класстарын сырдоо үчүн краскалар алынды.

– Спорт залыбыз деп калдыңыз, жаңы курулган окшойт? Ал качан курулду эле?

– Ал  спорттук зал 2013-жылы демөөрчүлөр тарабынан  8 млн 450 миң сомго Фонта фирмасы куруп берген. Окуучулар дене тарбия сабагын өтүшөт, андан сырткары айылдыктар спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгат. Анын негизинде биздин мектеп райондук мелдештерге катышып 1-,2-орундарды багындыра башташты. Мугалимдерибиз да райондо спорттук мелдештерде ийгиликтерди жаратышууда. Былтыркы окуу жылында мугалимдер арасында өткөрүлгөн спорттук мелдеште “агайлар” командасы 1-орунду ээлешти.  Айыл тургундары да спорттун ар кайсы түрүндө мелдештерге катышып ийгиликтерге жетишүүдө. Окуучулар да быйыл райондук мелдеште үчүнчү орунду ээлешти. Бул биз үчүн чоң жетишкендик, анткени биз буга чейин райондук деңгээлге чыга албай жүргөнбүз. Ага чейин спорт залыбыз жок болчу да. Бир класска стол теннисин жайгаштырып койгон элек. Ошол жерде балдар теннисти гана үйрөнүшчү. Жайкысын сыртта ойношсо, бизде кыш узун болгондуктан дээрлик ошол кабинетте дене тарбия сабагы өтүлчү.

– Мектеп имараты жаңы, ал эми материалдык база кандай? Китептер жетиштүүбү?

– Китеп менен камсыз болуу жагыбыз 80%га жетип калды. Калган китептерди ата-энелер өздөрү демөөрчүлүк менен алып беришет. Андан сырткары фирмалар тарабынан демөөрчүлөр бар, Фонто фирмасынын башкы инженери Ташбаев Абдыалымдын демөөрчүсү менен керектүү, муктаж болгон китептерибизди алып берет. Андыктан бизде азырынча китеп көйгөйү жок. Болгону бизде азыр жаңы мектеп болгонуна карата мурда айтып кетпедимби орто мектеп болчу эми негизги мектеп болуп 10-класс ачылды деп. Аларга китеп көйгөйү жаралды эле, аны РайОНО менен биргеликте чечтик. Бизде азыр 7 жаңы өзгөчө доска жасап жатабыз. Аны биздин мектептин чарба иштери боюнча адиси Таштаев Абдулла  жасап жатат. Мурдакы доскалар 4-5 жылда жараксыз болуп калат экен, ал эми бул доска 20-25 жылга чейин колдонууга болот. Андан сырткары 7 класска 7 интерактивдүү доска, 7 проектор, 7 ноутбук, ар бир класска маркердик доска коюлду. Интернетке мектебибиз туташкан. Ошондой эле мугалимдер тарабынан актовый залга пионина алынды.

– Окууда кандай илгерилөөлөр бар, «кадр маселеси» деген кыйынчылыктар барбы?

– Бизде кадр тартыштыгы буга чейин болуп келген. Бирок аны акырындык менен  жоюп келатабыз. Химия, математика, дене тарбия боюнча райондогу күчтүү деген адистерди тарттык. Атап айтсам Жыпар Түкеева  эжекейдин окуучусу райондук олимпиадада 2-орунду, англис тили мугалими Нарила Рысбаеванын окуучусу  3-орунду ал эми улуттук тесттин жыйынтыгында Гүлдарика Усупбаева эжекейдин даярдаган окуучусу «4» деген баага, кыргыз тили мугалимдери Гүлмира Долокеева, Малюда Торубаева эжекейдин  окуучусу “5” деген баага жетишти. Бул деген иштин башталышы деп билебиз. Кудай буйруса ушундай темп менен барсак 2-3 жылда облустук деңгээлге чыгабыз деген пландарыбыз бар. Азыр бизде 90% кадр маселеси чечилди. Бир гана география мугалимибиз жок болуп атат. Дене тарбия мугалимин Ала-Бука районунан, башталгыч класс мугалимин Ош шаарынан, математика, химия мугалимдерин Чаткалдын Айгыр-Жал айылынан алып келдик. Ушуну менен бирге дагы эң жагымдуу жетишкендигибиз, бизди кубандырган ушул айылдын тургуну Чакмак-Суу мектебинин бүтүрүүчүсү музыка мугалими Рысалиев Нургазынын мектептеги жетишкендигин белгилеп кетүүбүз керек. Ал мектепте “Вокал” ийримин түзүп, балдарды областык деңгээлге чыгарып, областык балдар чыгармачылык үйүнүн  “Ардак грамотасын” алууга жетишти. Ал эми башка жактан келген мугалимдерди батир, отун, суу менен камсыз кылып жатабыз. Азыр бизде жаңы мектеп курулду, шарттарыбыз түзүлгөн бир гана иштеп, жыйынтык чыгарышыбыз гана керек.

– Алдыда кандай пландар бар, дагы кандай, эмне кемчилдиктер калды?

– Биз эми билим сапатын көтөрүүнү максат кылуудабыз. Райондук, облустук деңгээлдеги олимпиадаларга окуучуларыбызды чыгаруу башкы планыбыз. Андан сырткары негизги мектеп катары материалдык базаны дагы да чыңдоо. Окуучуларды ысык тамак менен толук кандуу камсыз кылуу. Буга чейин толук ысык тамак бере алчу эмеспиз, азыр эми дүйнөлүк азык түлүк программасы менен иштеп баштадык. 2018-жылдан баштап ушул максатыбызды ишке ашырууну ойлоп турабыз. Андан сырткары негизги тилегибиз бир смен менен балдарды окутуу. Эски мектебибиз азыр убактылуу балдар бакчасына берилген. Аны капиталдык оңдоодон өткөрүп башталгыч класстар үчүн корпус кылсак деп турабыз. Ошондо түштөн кийин  окуучулар менен жекече жана ийримдер менен гана иштеп калабыз.

12-декабрда аталган мектептин расмий ачылышы болду

Директордун оң колу, оң буту, өзү айтмакчы «Абиштей эки жардамчың болсо тоону оморсоң болот» деген техникалык кызматкерди кепке тарттык.

Абдулла ТАШБАЕВ, чарба иштери боюнча адис: «КАДИМКИ ЭЛЕ АЙНЕКТЕН ДОСКА ЖАСАДЫК»

– Директорубуз бир мектептен айнектен жасалган  досканы көргөн экен. Ошондо оюна алып койгон турбайбы. Мага сунуштады, аракет кылып көрөлү дедим. Анан кадимки эле терезеге койгон айнекти наждак менен кырып даярдадык. Антпесе бети жылмакай да, бор алмак эмес. Анан ДСПны кара сыр менен сырдап, атайын клей менен тиги айнекти жармаштырдык. Эски доскалар жараксыз болуп калды эле, анан жаңы жыгач доска сатып алгандан көрө ушундай кылып жасайлы деп пландаштырдык. Бир доска 3000 сомго айлынды. Колдон келишинче жардамыбызды берип жатканыбызга, ушул мектепте менин да жардамым тийип жатканына кубанычтамын.

ЭРМЕК кызы Айзада, 10-класстын окуучусу: «МЕКТЕПКЕ ШАШЫП КЕЛЕБИЗ»

– Биз жаңы мектепке жаңы дем менен келдик. Мурдагы мектептен таптакыр башкача. Интерактивдүү доскалар келди. Шарттары аябай жакшы. Сабакка кызыгуубуз да жогору болуп жатат. Мектепке келгибиз келип, шашып келебиз. Эгер мектеп салынбаганда менден улуу айылдаштарым сыяктуу туугандардыкына барып башка мектептен окууну улантмакмын. Бирок азыр мектебибиз бүтүп калып мен ата-энемдин жанында калдым. Туугандардыкына барган менен баари бир өз үйүңдөй болбойт эле, жакындарымды сагынып куса болмокмун. Жаңы чөйрөгө адаптация болуу убакытты алмак. Келечекте болсо И.Ахунбаев атындагы медициналык академияга тапшырайын деп аракет кылуудамын. Сабактан кийин химия предметинен кошумча  билим алып жатам.

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17