Аймак

Айпери КОЗУГУЛОВА, Америкадагы Pages эл аралык циркинин кызматкери: «МЕКСИКА, АМЕРИКА, КАНАДА ЦИРКТЕРИНДЕ ИШТЕДИМ»

Айпери КОЗУГУЛОВА, Америкадагы Pages эл аралык циркинин кызматкери: «МЕКСИКА, АМЕРИКА, КАНАДА ЦИРКТЕРИНДЕ ИШТЕДИМ»

 3,347 Бардыгы /

 

Океандын ары жагында циркте иштеген бир кыргыз кыз бар. «Чет өлкөдө көп гезиттерге интервью бердим, бирок Кыргызстанга биринчи жолу» деген жайдары кызды кепке тарттык. Ал Америкадагы цирк дүйнөсүнө кантип аралашып калганын, жараткан ийгилиги тууралуу баяндап берди. Анда, Жалал-Абаддын бир кызы – Америкада.

 

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Бою – 172 см;

Салмагы – 65-70 кг;

Бош убактысында – өзү циркте кийчү кийимдердин дизайнин чийип, тигет;

Иштеген цирктери – Hermanos Vazquez (Mexico), Supper Sirque (Canada), Jordan world circus, Piccadilli circus, Circus spectacular, Tarzan Zerbini, Pages Эл аралык цирки (Америкада);

Өзү бойдок.

 

– Саламатсыңбы, кыргызда эң популярдуу суроо «каятан болосуң» деген эмеспи? Анын сыңары сенин бактылуу балалыгың кайсы жерде өттү?

– Мен 1992-жылы 11-мартта Ош шаарында жарыкка келдим. Анда ата-энем студент экен. Анан бир жашка чыкканымда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак Жол айылында көчүп кетиптирбиз. Ошентип алтын балалыгым Ак Жолдө өткөн. Биз үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Алты кыз, бир уул. Мен экинчисимин үйдө. Кичинемде биздин үйдө аталаш агам жүрчү. Ошол агама жакын өстүм. Экөөбүз жайлоого чоң энеме көп барат элек. Мен 3-4-класстарда окуп жүргөнүмдө ал Америкага циркке ишке кетти. Аны атамын бир тууган агасы Райышбек авам Америкада KAMBAROV RIDERS деген жалаң кыргыз жигиттерден турган топ ачкан эле ошого кошуп  алып кетти. Топто өзүнүн авамдын жубайы менен кызы да иштечү. Агам кеткенден кийин үйдө анын ордун атам басты. Эркелигим ого бетер күчөдү. Апам же чоң энем кичине бир нерсе десе эле атама ыйлактап барам. Топту көп ойнодук. Жаз келип жер көгөрө баштаганда биздин короодогу эки алма дарагынын ортосуна аркан байлап алып кошуна кыздар менен чогулуп алып волейбол ойнойт элек. Эртең менен таң аткандан, күүгүм кирип кеч киргенге чейин тынчычу эмеспиз. Ал убакта интернет, смартфон жок. Кечке эшикте жүрчүбүз. Жайкысын күн ысып калганда суудан чыкчу эмеспиз. 6-класстан кийин волейбол ийримине катышып, топко кызыгып калып үйгө кеч болуп кетчү. Күүгүм киргенде келип алып, эшиктин астында атам мал жайгарып келгиче күтүп турчум. Анткени үйгө чогуу кирбесек, чоң энем менен апам дагы урушмак да. Айрыкча кыштын суук күндөрү мага эле кыйын болчу. Чоң энем кыз кишиге кечке талаалаган болбойт деп сүйлөнүп калчу.

– Ата-энең эмне менен алек болушчу. Кимдин кызысың?

– Атам Кебелбек Камбаров. Азыркы учурда Ак Жол айылындагы №17- Матен Сыдыков мектебинде директор. Апам Айгүл Казматова экөө кесиптеш. Ал да ошол эле мектепте математика мугалими болуп эмгектенет.

 

– Мугалимдердин кызы болсоң сабакты кандай окудуң?

– Мектепте окуп жүргөндө алгебра, информатика жана англис тили сабактарына кызыгат элем. Англис тилден Наарын деген эжекем окутат эле. Аябай токтоо, окуучуларга болгон мамилеси да бир укмуш. Бейбаштык кылгандарга жини келип урушканын эч көрбөгөн экем. 3-4-класстан баштап эле англис тилинен сөздүктөрдү калтырбай жаттап сүйлөгөнгө аракет кыла берчүм. Мектепте болсо сиз айткандай мугалимдердин кызы болсом, жакшы окудум да. Сүрөтүм мыкты окугандардын катарынан түшчү эмес.

 

– Анан цирке кантип аралашып калдың, акелериңдин таасири го э?

– Мен 5-6-класстарда окуп жүргөндө циркте иштеген видео касетасын айылга алып келди. Алардын иштегенин көрүп чоңойгондо баары бир циркке ушулардай болуп иштейм деп ойлоно баштадым. Ушунчалык кыялданчуумун. Кээде ойлойт элем балким максатыма жетпесем керек деп, Чоң энем айтып калчу кечкисин жатып тиленсеңер, кудай жаштын тилегин берет деп. Чын эле тилегим орундалып 2009-жылы авамдын сүйлөшүүсү менен Бишкектеги кыргыз циркинде ат үстүндө ойноону үйрөнүп баштадым. Эки айда үйрөндүм. Ошентип 2009-жылдын декабрынан 2011-жылдын ноябрынын аягына чейин Hermanos Vazquez (бир тууган ага инилер) деген циркте Камбаров группасында Мексикада иштеп баштадым. Канча эл, жер көрсөм анын баары авам Райышбек жана жубайы Римма Камбаровлардын колдоосу менен болду. Аларга сиздердин гезит аркылуу терең ыраазычылык билдирип, рахматымды айтам. А 2011-жылдын декабрында Америкага кеттим.

 

– Биринчи сапар Мексикадан башталдыбы?

– Ооба, биринчи жолу чет өлкөгө гостролго Мехикого сапар тарткам. Мен, анан 4 байкем болуп Мексикага 1-декабрда түшкөнбүз. Бизде күн суук болуп калган, ал жакта болсо  ысык. Абасына көнө албадымбы айтор кускум келип, тамак жесем аш болбой кыйналгам. Бир айча ошентип жүрдүм. Кийин көнүп кеттим. Барган бешөөбүздөн бир байкем экөөбүз цирке жаңы келгенбиз. Даярдыктар башталды, декабрдын ортолорунда биринчи жолу эл алдына атта ойноп чыктым. Болгондо да чет өлкөдө. Шоунун аягында баардык артистердин аттары айтылып манежге чыгып жатышты. Алыскы Кыргызстандан келген «Kambarov riders» дегенде биз чуркап чыктык. Ушунчалык сүрдөгөнүмдөн буттарым титиреп зорго тургам. Азыр эстесем күлкүм келет. Ошондо Мексикада биринчи жолу колума аябай чоң суммадагы акча тийди. Корктум. Дароо эле толугу менен ата-энеме, үйгө салып жибергем. Баарына белек алып бергиле дедим. Айтканымдай эле болуптур. Эки үч жумадан кийин Канадага жаңы жылдык шоу коюп, иштеп келдик. Монтереалда 10 күндөй жүрдүк. Ал жак болсо ушунчалык суук. Жолдор көкмөк муз. Америкага келгенче шаштык. Ошентип Америкада иштейм деген кыялым орундалды. Чын эле жаштын тилегин берет экен.

 

– Дагы кайсы өлкөлөрдө иштедиң? Бир өлкө менен экинчисинин өзгөчөлүгү бар бекен?

– Кийин Мексикада 2 жыл, Америкада 4 жарым жылдай иштедим. 2016-жылы Канадада жарым жыл иштедим.  Жумуш деп жүрүп мекениме келе албай жүрдүм. 5 жылдан кийин 2016-жылы августа Кыргызстанга барып 4 ай туруп, жаңы жылды ак кар менен туулган жеримде тостум. Кайра эле америкага кеттим. Циркте иштеген ушул 8 жыл ичинде 6 циркте иштептирмин. Ар коллективде анча мынча көңүлү жакшы адамдар менен таанышып достошуп калдым. Гостролдоп жүргөндө ошол досторум иштеп аткан шаардан өтүп баратсак токтоп, учурашып, сүйлөшүп чер жазышып өтөбүз. Ал эми ар бир өлкөнүн өзүнүн кызыктары бар. Мисалы Мексикада шаардын борборун айланган, кыдырган аябай жагат эле. Базарларында кийимдери арзан. Канадада европа стилдеги магазиндер көп. Ал жакта кымбатчылык. Америкадан кеткен күндөрү телефондук байланышты сагынам  Анткени бул жакта бирдик салып мегабайт түгөнөт демей жок. Айына төлөйсүн, бүттү. Интернет да, чалуу да Америка ичинде лимитсиз.

 

– Жумушуң оорбу? Циркте буту колу чыккан, жараат алган учурлар болсо керек?

– 2011-жылдын февраль айынын башында иштеп жатып манеж кичине суу болуп калган экен ал жерде атым тайып жыгылып сол бутумдун үч манжасы сынган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Мексикада операцияга кирдим. Бир жарым ай иштебей жаттым. Балдак колдонгондон жадап бир буттап секирип кетип калат элем. Аны ата-энеме айтпаган элек. Эки жылдан кийин апам чалып алып ыйлайт. Бутуң кандай, биз эми уктук деп. Өзүң жактырган жумушка иштесең кыйынчылыгы көзгө көрүнбөйт экен. Циркке көнүп калдым. Кетсем кантип чыдайм дей берем.

 

– Бир туугандарың кайсы тармакта?

– Иним Нурберген, синдим Керемет Эл аралык РРУЛА циркинде эмгектеништи. Иним Америка, Канадада мени менен чогуу иштеп жүрдү. Ал үйдө жалгыз уул болгондуктанбы атамдар кайра Кыргызстанга чакырып алышты. Азыр Ошто окуп жатат, студент. Сиңдим Керемет да РРУЛАда 2010-жылдан баштап артист болуп иштеди. 2016-жылы Турцияга барып иштеп келди. Азыр Ошто сырттан окуп жатат. Эжем турмушка чыгып эки балалуу болуп калды. Ал өзү менен өзү. Кичинекей 3 сиңдим 8-,5-,3-класстарда окушат, мектеп окуучулары.

 

 

– Сөз айткан жигиттер барбы, кандай жигиттер жагат?

Кыргызстанда, Москвада иштеген классташтарым, досторум менен ватсап аркылуу байланышып турам. Баары эле «качан той жейбиз» дешет. Кудай буйруган күнү да деп коем. Жигиттерден сөзүнө турган, өзүн сыйлаган, өзгөнү да сыйлай билгендигиндерди баалайм. Келбетине эмес мүнөзүнө карайм.

 

– Кыргызстанга кайтып келгиң келеби?

–  Америкада циркте иштеген аябай жагат. Бирок эй чоң максатым Кыргызстанды да кыдырып, жок дегенде бир жыл цирк коюп өзүбүздүн кыргыз жеринин кооздугун көрүү. Ушул 8 жылда циркте ат үстүндө ойноп эле токтоп калбастан, «воздушный гимнаст» катары номерлерди үйрөндүм. Көптөр жанынан көрүүнү самаган пилдерге олтуруп эл алдына чыгууга жетиштим. Кыргызстандан алыста жүрүп тууган урукка, кыргыз жериме болгон сыйым, урматым көбөйдү. Бардын баркы жок дегендей, алыстап кеткенде баалап калат экенсиң. Азыр деле жакындарымды, мекенимди сагынып жүрөм. Алыста жүрүп көнүп калдым деп ойлойм. Бирок күн сайын сагынычтар күчөй берет… Кыргызымдын даамдуу тамагын да сагынам. Кичинемде атама жакын болуп жүрүп ашканага, тамак ашка эч аралашпаган экенмин. Бирок бул жакка келип байкемдерден кантип тамак кылышты анча мынча үйрөндүм. Чынында гастролдоп жүрүп тамак өзүбүз жасап жегенге убакыт деле болбойт бизде. Дем алыш күндөрү гана шишкебек жасап, аш басып өзүбүздү кыргызстанда, жайыл дасторконубузда олтургандай сезип калбасак. Чикагого жакын барып калсак сөзсүз кыргыз ресторандарына кирип, ал жакта жашаган эжелер, байкелер менен жолугушуп сүйлөшүп, олтуруп кетебиз. Кудай буруса 2018-жылы күздө Кыргызстанга барам.

 

Күнүгө эртең менен саат 7де туруп, аттардын жем, чөбүн беребиз. Кезек менен албетте :)

Ат үстүндө эле ойнобой, гимнатастиканы да өздөштүрүп алдым

Алтындай ата-энем менен

 

Цирктен кетсем кантем билбейм, жашоомду цирксиз элестете албай калдым

Бош кезде сахнага кийчү кийимдеримди минтип өзүм эле тигип алам

 

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17