Аймак

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ “УЛУТТАР АРАЛЫК БИРИМДИК – МАМЛЕКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ “УЛУТТАР АРАЛЫК БИРИМДИК – МАМЛЕКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Бүгүн, 30-октябрь Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Улуттар аралык биримдик – мамлекеттин келечеги” аталышындагы иш-чарага катышты.

Саамалык быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгы жана президенттин 2021-2026-жылдагы “Кыргыз Жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында уюштурулган. Ага облустагы жети улуттун маданий борборлорунун өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-аш көргөзмөсү жана концерттик программа тартуулашты.

Облус башчысы ар түрдүү улут жана этностор менен жашаган коомдо, алардын биримдиги жалпы мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

– Биздин күчүбүз биримдикте жана ар түрдүүлүктү сыйлоодо жатат. Бул ынтымакты сактоо – ар бирибиздин башкы милдетибиз. “Кыргыз жараны” концепциясы Кыргызстандагы улуттук биримдикти жана жарандык өздүгүн бекемдөөгө багытталган маанилүү идея болуп саналат. Бул концепция ар түрдүү улуттар жана этностордун өкүлдөрү үчүн Кыргызстанда жарандык бирдейликти калыптандырууну көздөйт”–деди Тилек Текебаев.

Иш-чара “Кыргызстан элинин ассамблеясы”, “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана “Кыргызстан Кызыл Ай” коому тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 20дан ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17