Аймак

2024-ЖЫЛДЫН 17-НОЯБРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО КҮНҮ!

2024-ЖЫЛДЫН 17-НОЯБРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО КҮНҮ!

 6 Бардыгы /

Бүгүн, 30-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жыйындар залында 2024-ж. 17.11. боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселелери боюнча ачык маалыматтык иш-чара болуп өттү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, бул иш-чара Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан “Катыш! Танда! Шайла!”- урааны менен демилгеленген. Демилгени “Жаштар кыймылы” уюму (төрагасы Жакшылык Бекназаров), “Интербилим” эл аралык борборунунОштогу филиалы (менеджер Гүлгакы Мамасалиева) жана башка өнөктөштөр (блогер-журналист Азирет Осмонов) колдоого алышкан. Аталган иш-чарада уюштуруучулар студенттерге шайлоого катышуу боюнча жеткиликтүү форматта маалымат беришти. Иш-чара мазмуну боюнча абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17