Аймак

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК МЕЙМАНКАНАЛАРДА КУМАРКАНА АЧУУНУ КОЛДОДУ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК МЕЙМАНКАНАЛАРДА КУМАРКАНА АЧУУНУ КОЛДОДУ

 6 Бардыгы /

Жогорку Кеңеш мамлекеттик, муниципалдык мейманканага казино ачууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 30-октябрда дароо үч окууда кабыл алынды.

Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык же мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууга тыюу салынган. Мындан улам өкмөт ал норманы алып салуу үчүн бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Экономика министрлиги мындай чара туристтерди тартып, жаңы иш орундарын түзүп, республикалык бюджетке кирешени көбөйтөрүн айткан.

Аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17