Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
9,803 Бардыгы / Таш-Көмүр шаарынын тарыхын жазып, калтырган гезит «Таш-Көмүр жарчысы» — «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору Каратаев Сатыбай 1957-жылдын 4-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кой-Таш кыштагында туулган. КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Кесиби– журналист. Үй бүлөлүү, 6 баланын атасы, 1993-жылдын 19-январынан бери кайрадан түзүлгөн «Таш-Көмүр жарчысы»– «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору болуп […]
9,804 Бардыгы / Таш-Көмүр шаарынын тарыхын жазып, калтырган гезит «Таш-Көмүр жарчысы» — «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору Каратаев Сатыбай 1957-жылдын 4-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кой-Таш кыштагында туулган. КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Кесиби– журналист. Үй бүлөлүү, 6 баланын атасы, 1993-жылдын 19-январынан бери кайрадан түзүлгөн «Таш-Көмүр жарчысы»– «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору болуп […]
Таш-Көмүр шаарынын тарыхын жазып, калтырган гезит
08.11.2013 / Автор Orozaly9,805 Бардыгы /
Таш-Көмүр шаарынын тарыхын жазып, калтырган гезит
«Таш-Көмүр жарчысы» — «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору Каратаев Сатыбай 1957-жылдын 4-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кой-Таш кыштагында туулган. КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Кесиби– журналист. Үй бүлөлүү, 6 баланын атасы, 1993-жылдын 19-январынан бери кайрадан түзүлгөн «Таш-Көмүр жарчысы»– «Вестник Таш-Кумыра» гезитинин башкы редактору болуп 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат.Шаардын саясий, экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салым кошкондугу жана көп жылдык натыйжалуу эмгеги үчүн бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон.
«Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт» республикалык конкурсунун лауреаты.
2007-жылы «Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу Атуулу» наамы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүндө эл алдында салтанаттуу тапшырылган.
2011-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы» төш белгисинин ээси.
Таш-Көмүр шаарынын ураан ырынын жана «Мезгил агымы», «Тарыхы тамшанткан издер» жаңыдан жарык көргөн «Тарыхы тамшанткан издер» (экинчи китеп) аттуу тарыхый китептердин автору.
Газетанын тарыхы
1937-жылы шаарда басмакана ачылып иштей баштаган. Басмаканадан «Көмүр үчүн» деген кыргызча гезит жарык көргөн.
1943-жылы «За уголь» аттуу гезит жарыкка чыгарылган. Чыккан гезиттер редколлегия тарабынан, же редактордун милдетин аткаруучулар тарабынан чыгарылып турулган. Эмнегедир редактордук милдет аткаруучулар да тез тез алмашылган. Мисс. 1953-жылы эле Попов Р.И., Бебан П.И., Ганиев Р.А., кайрадан Бебан П.И., Ганиев Р. А. алмашышкан, кийинчерээк редактордун милдетин аткаруучу болуп В. Т. Таланин иштеген.
Бул ошол кездеги идеологиялык мамиленин өтө катаалдыгынан жана көзөмөлдүн курчтугунан болсо керек.
1954-жылы редколлегия, кийинчерээк жооптуу катчы Н.Д.Пономарев тарабынан жарык көргөн. 1954-жылы «За уголь» гезитинин окурмандары менен конференция өткөрүлүп, анда гезиттин кемчиликтери катары сынматериалдардын аз санда берилиши каралган. Биринчи жолу шаардык гезитти кыргыз тилинде чыгаруу, же тиркеме берүү маселесин 1958-жылы «Северный» шахтасынын жумушчусу Т. Карабаев көтөргөн.
Алгачкы редакторлор В.Т.Таланин, Лепендина, Еланская М.А. Цукерман жана башкалар.
1990-жылы 12-майда шаардык гезити «Вестник Таш-Кумыра» – «Таш-Көмүр жарчысы» гезити жарыкка чыгарылып, редактору Молорбаев Алымжан Сейитович иштеп, кийин М.АЦукерман редактор болуп иштеген.1992-жылы чөлкөмдүк «Нарын нуру» гезити түптөлүп, Таш-Көмүр, Кара-Көл, шаарларын, Токтогул, Үч-Терек райондорун өзүнө камтыган, башкы редактору Жоробек Бекилов болгон.
1993-жылы чөлкөмдүк гезит өз ишин токтотуп, кайрадан «Таш-Көмүр жарчысы» – «Вестник Таш-Кумыра» гезити жарыкка чыгарылып, анын редакторлугуна мурда чөлкөмдүк гезиттин жооптуу катчысы болуп иштеген Каратаев Сатыбай Каратаевич дайындалат.
Учурда гезит 1000 нуска менен жарык көрүп, редакцияны жыйырма жылдан ашуун убактан бери С. К. Каратаев жетектеп келет.
Орозалы Карасартов, “Аймак”
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ НООКАТТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИН АТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.