Аймак

Кыял САБИРАХУНОВА, ЭлТР теле радио компаниясынын  Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы: “ЖУРНАЛИСТ БОЛБОСОМ, БИР БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ БОЛМОКМУН”

Кыял САБИРАХУНОВА, ЭлТР теле радио компаниясынын  Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы:  “ЖУРНАЛИСТ БОЛБОСОМ, БИР БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ БОЛМОКМУН”

 5,121 Бардыгы /

БЛИЦ ИНФО:

Туулган жылы: 09.24.1977

Туулганжери: Өзгөн району, Көлдүк айылы

Билими:  жогорку, ОшМУнун журналистика факультети

Идеал туткан адамы: Тойгонбай Сабирахунов

Жактырган тамагы: манты

Жактырган түсү: ак

Жашоодогу урааны: кечиримдүүлүк

Үй-бүлөлүк абалы:  4 баланын мээримдүү апасы

-Журналисттик жолуңуз качан башталган?

-Алгачкы кадамым 1998-жылы республикалык «Кыргыз руху» коомдук-саясий газетасында эмгектенип баштагам.

-Бул кесипти аркалооңузга эмне түрткү берген?

-Бала кезимде Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында таенемдин колунда чоңойдум. Таятам Алимбек комузду мыкты чертчү, ошону менен катар өзү комуз чапчу, жыгач уста эле. Таенем Мөлмөл кошокчу, ырчы, ооз комузду ийине келтире чертчү. 4 жашымда алардын колуна барып өзгөчөрөөк тарбияланып калдым. Эркелик, өзүмчүлдүк, анан да көздөгөн ой-максатымдын өтөөсүнө чыгууга аракетчилдикти ушул кишилердин чоң таасири деп билем.

Журналист деген ким жана ал кандай болуш керек?

– Журналист эл менен бийликтин ортосундагы адилеттүү көпүрө. Негизгиси ар ким эле өз пикиринен кайтпайт. Мен үчүн журналистика мамлекеттин өнүгүшүнө кайсы бир багытта салым кошсо деген пикирдемин. Акты ак, караны кара, кээде караны ак, акты кара деп айткан учурларыбыз көп болууда. Андыктан өз көз карашыбыз, калыстыгыбыз менен ар бирибиз орун таап келебиз. Анын баарын эл билет. Кимдин дарамети кандай экендигин эл таразалайт, эл сындайт. Бүгүнкү күндө алдын ала 6 саат маалыматты кечиктирип берсе да, мамлекеттик телевидениенин өз орду, көрөрмандары калдайган калың журту бар. Өлкөдө маалыматты жайылтууда ЭлТР менен КТРКнын көрүүчүлөрү миллиондогон калк. Чет өлкөлөрдө да спутник аркылуу маалыматты алып турушат. Учурдун талабына ылайык санариптик ыңгайлуулукка өттүк.

Журналист – эң жөнөкөй, адамкерчилиги жана мыкты кесипкөйлүгү менен бийиктикти багындыра алат.

-Атыңыз (ысымыңыз) биринчи жолу гезиттен же эфирден чыкканда кандай сезимдер болгон?

-Эмгек жолумду газетада баштаганым үчүн атам ыраматылык “Кыргыз рухунун” ар бир санын тиркеме кылып сактачу. А мен болсо кубанып, кайра-кайра аты-фамилиямды окуй берчүмүн. Телевидениеде ар бир жаңылыкты даярдап, кайра күтүп көрчүмүн. Азыр да унутта калтырбай убактым болгондо көрүүгө аракеттенем. Бирок тилекке каршы убактым болбойт.

Журналисттик кесип ары түйшүктүү, ары кызыктуу болот эмеспи… Съемка учурунда кандай кызыктуу окуяларга кабылгансыз?

– Кызыктуу учурларыбыз албетте көп. Айрыкча Кара-Көл шаары менен Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы жолдо мындан 8 жыл мурда “Жигули” машинабыз бузулуп калды. Айдоочу 1 саат ары-бери чукулады. Анан оператор экөөбүздү “түрткүлө”- деди, мен аябай берилип түртүп баратам. Бир аз жүрүп кайра токтоп калат. Чарчадык, съемкага жетип баруу керек. Жолдо бара жаткан бир унаа токтоду. Ичиндеги 2 жигит түртүп жардамдашты. Андан соң, “Кыял Сабирахунова, сизге машина түрткөн жарашпайт. Жетекчилигиңиз жакшыраак унаа сатып бербейби” – деп аябай мени аяп кетишкен.

2011-жылы Тогуз-Торо жайлоосунан көчүп келе жаткан малчылардан экөө карда Сары-Кыр ашуусунда калып, тоңуп каза болушкан. ӨКМдин адистери менен тик учакта бардык. Каза болгон бир жаранды табууга 2 саат убакыт кетти.Түн болуп, күүгүм кирип баратат. Октябрь айынын башы болчу, ызгаар бороон, мен болсо туфличен… Бир оокумда өлгөн кишинин денесин сүйрөп алып келишти. Үңкүргө кирип, ошол бойдон тоңуп калыптыр. Иттин достукка бектигине таңдандым. Анткени кожоюндун ити өлүктү таштап кетпей, жанында олтуруптур. Иттин кыңшылаган үнүнөн ӨКМдин адистери таап келишкен.

-Иштеги жетекчилик тарабынан уруш уккан күнүңүз болгонбу? Кайсыл катачылыгыңыз үчүн…

– Кемчилик көп, күн сайын, кээде саат сайын уруш угуп турам. Кээде тала-тартышуу да болот. Талаштан тактык жаралат. Менин беттегеним, Жалал-Абад облусубуздагы жакшы саамалыктар негизги жаңылыктар учурунда калкка жетсе деген максатта. Жетекчинин сын-пикирин уккан учурда карама-каршы пикир айтпайм. Бирок талдайм. Эгерде мага айтылган сын-пикир негизсиз болсо, ордуна коюп тактоо жүргүзөм.

ЭлТР МТРКсынын башкы директору Айбек Мусаев аймактардагы кабарчыларга өзгөчөрөөк көңүл бурат. Качан болбосун түз байланышып, кеңешип турууга чакырат. 2 жылдан бери ар бирибиздин мүнөзүбүздү жаттап алган. Эң мыкты адискөй жетекчи. Биздин Жалал-Абаддагы кабарчылык бөлүмүбүзгө ар дайым колдоо көргөзүп келет. Жакынкы күндө техникалык шартыбызды дагы түп тамырынан жаңылап берди. “ЭлТР – элдин жүзү. Ал эми аймактарыбыз биздин негизги күчүбүз”- деп белгилеп келет.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача кеп козгосок…

-Өмүрлүк жолдошум Курбаналы Момунов менен баш кошконума 19 жыл болду.Тун уулум Эрлан ОГПИде 2 курстун студенти. Эржан, Актан аттуу балдарым мектепте окушат. Кенжебиз Искак 6 жашта, учурда балдар бакчасында тарбияланууда.

– Журналисттик кесибиңизге алгач кайын журтуңуз кандай караган?

– Кайын журтумда түшүнбөстүк болгон жок. Тескерисинче түшүнүп, ал тургай мен үйдө жок болсом кайын сиңдилерим келип, балдарымды кошо багышты. Кайын эжелерим апамдай мамиле кылышат. Алыскы райондордо жүрсөм, “аман-эсен келип ал”, “келдиңби, жеттиңби”- деп кабатырланып турушат. Менин ар бир ийгилигиме кошо кубанып олтурушат. Кайын журтум менин тирегим. Алардын колдоосу түшүнгөндүгүнөн Кыял Сабирахунова эфирде болуп келүүдө. Ал жагынан өзгөчөрөөк баалайм.

Бакыт сиз үчүн эмне?

-Тирүүлүктүн ар бир күнү- бакыт. Апам, бир туугандарым, балдарым, өмүрлүк жарым жакындарымдын бар экендиги мен үчүн бакыт.

Эгер сиз журналист болбогонуңузда, кайсы кесипти аркаламаксыз?

-Чарчаганда комузумду колума алып обон созуп, ырдап-ырдап чер жазам. Журналист болбосом, бир белгилүү ырчы болмокмун.

-Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ыракмат.

Жалпы теле кызматкерлерин келе жаткан 8-декабрь – радио жана телевидение күнү менен куттуктайбыз.  Сүйүктүү, түйшүктүү, сыймыктуу иштериңиздерге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

 

Маектешкен: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “АЙМАК”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17