Аймак

8-ДЕКАБРЬ-РАДИО ЖАНА ТЕЛЕВИДЕНИЕ КҮНҮ

8-ДЕКАБРЬ-РАДИО ЖАНА ТЕЛЕВИДЕНИЕ КҮНҮ

 3,559 Бардыгы /

1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Телевидение мезгил менен жарыша өз ордун жоготпой, коомчулукту маалымат менен камсыз кылып, жашоону жандандырып турат. Анда иштеген кызматкерлер теледе жаңы маалымат, программаларды чагылдыруу үчүн күнү-түнү талбай эмгектенишет. Ошондуктан алардын да орду чоң экенигин баса белгилебесек болбос. Анда ТВ кызматкерлеринин таржымалы жөнүндө кыскача сөз

Ырысбек ЗУЛУМБЕКОВ, ЖТРКнын баяндамачысы: ЖУРНАЛИСТ ӨМҮР БОЮ ДЕПУТАТ ДЕП ТАМАШАЛАГАМ

21 жашымда райондук гезитке жазганды билбесем да келгем. Терс көрүнүштөр менен такыр келише алчу эмесмин. Андай терс көрүнүштөрдү жазып чыгарып, тынбай күрөшүш керек экен. ошондо жазсам эле оңолуп кетеби? деп жазгым келип жүрчү. Ошондон улам кызыгып калгам. 1979-жылдан баштап журналистикада иштедим. 1991-жылы 2-сентябрда биринчи жолу “Жалал-Абаддан сүйлөйбүз” деп радио уюшулган. Радиого өз кабарчы болуп ишке кирип 2-октябрда гана ТВ  ачылып, 27 жылдан бери иштеп келе жатам. Өз кабарчыдан кийин редактор, башкы редактор , анан орун басар болуп, 2007-жылы жетекчи болуп дайындалып 2 жыл иштедим. Гезиттен келген үчүн радио менен теледен кыйналган жокмун. Теле менен гезитти салыштырсам. Гезитте интервью алсан сөздөрдү оңдош керек, катасын текшерип дегендей. Аны теледе оңдой албайсын чыныгы накта интерью болот, ал кандай сүйлөсө ошол бойдон эфирге чыгат. Мурун Оштон чыкканына байланыштуу жарым жылдай барып келип иштеп жүрдүк. Океандын ары жагына конкурстан жеңип алып, Америкага жана Сербияга  барып келдик. Көптөгөн  ийгиликтер болду, биз албаган сыйлыктар калган жок эмгек сиңирген дегенди гана албадык. Мен сынды көп жазган журналистмин да, гезитти баштаганда да сындан баштап, жетекчи болгонго чейин көп жаздым, “Чагылган” деген автордук программам аркылуу мен кийлигишпеген тармак калган жок. Түнү-күнү, кээде айтып, кээде айтпай тарткан күндөр болгон. Артка бир кылчайып карасам гезиттен баштап телеге чейинки 80% материалым сын боюнча экен. азыр эми жаш кез кетти. Элет турмушу” деген элеттик маселелер боюнча пргограммамды улантып жатам. Элден жүрөктү өйүгөн көйгөйлөрүн сурап, айтып ошондон чыгуу жолдорун изилдеп туура пикир көргөзүп берүү журналисттин милдети. 61 жаштамын 2 уул 2 кыздын атасы жана неберелердин чоң атасымын. Азыр ЖТРКда аксакал журналистмин жаштарга жумуштан гана эмес, жеке турмуштан дагы насаат айтып жүрөбүз. Мага бир депутат суроо берди ”журналист кандай болушу керек?” – Сен 4 жылга депутат болсоң журналист өмүр бою депутат. Элдин талабын талашып, маселесин, коомдук пикирди көтөрөбүз. Биз өмүр бою депутатпыз деп тамашалап айтканым эсимде.

Өткүрбек Рахманов, 7-каналдын кабарчысы: “ЭФИРГЕ ЧЫККАН КӨРСӨТҮҮДӨН МАЙНАП ЧЫКСЫН ДЕЙБИЗ”

-Биринчи жолу эмгек жолумду 2014-жылы январь айында 7- каналдан баштагам. Андан бери ушул каналда иштеп келем. Келгенимден тартып бир күн калбай иштегени аракет кылып маалымат, жаңылык, атайын чыгарылыш жасап иштеп жатабыз. Анын ичинде  “Турмуш мыйзам” деген турмушта болуп жаткан мыйзам бузуучуларды иликтөөчү автордук программа түздүм. Көбүнчө арыздар менен иштейбиз. Кайсыл жерде көйгөйлөр, мыйзамсыз иш болуп, укугу тебеленип жаткан болсо ММК аркылуу айтып тийиштүү органдарга жеткизели деп кайрылышат. Биз барып журналисттик иликтөө жүргүзүп коомчулукка алып чыгабыз. Телевидениеде иштегенде эптеп эле континент толуруп коеюн же эптеп эле чыгарып коеюн деген ой жок. Көрсөтүү чыкпай калса чыкпай кала берсин, чыккан көрсөтүүдөн майнап чыксын дейбиз. Эфирден кеткенден кийин эле болду кетти деп коюп калтырып коюш эмес. Видеону интернет тармактарына жүктөп, ссылкасын тийиштүү органдарга салып, көтөрүлгөн маселени акырына чейин жеткизгенге аракет кылабыз. Жыйынтык чыкпай калганда кыжаалат болобуз, жүрөгүбүз ооруйт, ийгиликтүү болгондо сүйүнөбүз. Бул кесипти өзүм тандагам.

Мен көбүрөөк илиттөөгө кызыккандыктан ата-энем каршылык көргөзгөн эмес. Айрыкча апам ойлонот, курчураак материалдар чыгып калганда коркуп:”Балам этият бол, душманың көбөйөт, иштебей эле койчу” деген учурлар болот. Бирок ата-эне үчүн биз дагы эле бала бойдон экенбиз да. Дүйнөлүк ТВларга иштегенге кызыгуум бар. Көбүнчө Роосиянын каналдарын көп көрүп калам. Бирок биз Кыргызстанда иштеп, Кыргызстандын ТВсын дүйнөлүк кылганыбыз жакшы. Азыркы маалда ТВнын орду азайды, интернет алып койду дегенге кошулбайм. Телевидение өзүнүн аудиториясынын эч качан жоготпойт

Осмон УЛАМСАДЫРОВ, КТРКнын Жалал-Абад облусундагы кабарчысы: СТУДЕНТ КЕЗИМДЕ ОПЕРАТОР-МОНТАЖЕР БОЛУП ИШТЕГЕМ

Эмгек жолумду ЖТРК телеканалынан баштап, ТВда иштеп келе жатканыма 7 жыл болду. Ошол кезде журналистика факультетинин  2-курсунун  студенти элем. Окуу менен ишти тең алып кетуу оной болгон жок. Сабак бүткөндөн кийин телеканалга барып, камера тартып,  монтаж кылып жүрдүм. Ошентип ЖТРК каналында 1 жылга жакын оператор-монтажер болуп иштедим. Кийин КТРК каналына Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө оператор-монтажер болуп кирдим. Жогорку окуу жайды бүткүчө ошол кызматта иштеп жүрдүм. Колума диплом алып, чыныгы журналистиканын адиси болгондон кийин Ала-Тоо каналынын Жалал-Абаддагы кабарчысы болуп иштеп баштадым.

Кабылбек КӨЧКӨНБАЙ уулу, “Ынтымак” КРТРКнын Жалал-Абад облусундагы кабарчысы: ТҮЗ ЭФИРДЕ ТЕЛЕФОНУМА ЧАЛУУ КЕЛИП КАЛГАН.

Мен бала чагыман эле бул кесипке кызыкчумун. Чынын айтыш керек менда башында башкалар сыяктуу эле, эфирден диктор же кайсы бир программанын алып баруучусу болуп чыгууну кыялданчумун. Мени элдер тааныса деп кыялданчумун. Анын үстүнө өзүм саясатка аябай кызыкчумун. Твдагы ар кандай журналисттик иликтөөлөрдү көрүп, мен да коомдун көйгөйлүү маселелерин алып чыгып, түрдүү маселелерге журналисттик иликтөө жүргүзгүм келчү. Анын үстүнө мен башка кесиптен өзүмү элестете алчу эмесмин. Мисалы дарыгер, мугалим катары өзүмү көрө алчу эмесмин. Биринчи журналистикага  ЖАМУнун телестудиясы аркылуу аралашкам. Биринчи курсумда 18 жашымда “Баян” телестудиясына оператор болуп киргем. А журналисттердин чоң чөйрөсүнө 19 жашыман аралашкам. Кызыктуу окуялар түз эфирге чыгып жүргөндө көп болчу. Анда ЖТРКда “Аткан таң” деген таңкы көңүл ачуучу программасында алып баруучу элем. Күндө таңга маал 4-5те туруп келчүбүз. Таңкы эфирге келгендерди атайын унаа менен жыйнап келчү. Анан бир күнү мен уктап калыпмын, телефонум да өчүк. Анан кесиптештерим, редакторубуз чалып,чалып акыры тажаганда мени таштап эле кетип калышыптыр. Ойгонсом саат 6:45. А түз эфир 7де башталчу. Анан жуунуп-таранып жолго чыксам ал маалда такси жок. Анан мен жашаган жерден 109, 108 деген маршруттар кетчү. Анан айла жок кичи автобусту жалдап ишке баргам. Так эсимде жок эфирдин башталышына 6 мүнөтпү калганда ишке барып, шаша-буша оңдонуп түз эфирге чыккам. Дагы бир жолу түз эфирге чыкканда уюлдук телефонуму чөнтөгүмө салып чыгып алгам. Бир маалда түз эфирде сүйлөп жатсам телефонум жарыша ырдап, чалуу келип калды. Не кылышты билбей секин өчүрүп коюп, телефон тууралуу маек кылып кеткем. Кесиптешим Роза чоң жардам берген. Тв мен үчүн жөн гана ишкана эмес, ал жер менин экинчи үйүм. Анткени менин бир аптамын 5 күнү, бир күнүмүн болсо дээрлик  10 сааты ошол жакта өтөт. Анан көпчүлүк ТВны жылдыз болуу, элге таанылуу максатында тандайт. А чыныгы журналист ТВ аркылуу кайсы бир деңгээлде элге пайдам тийсин деп тандайт

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17