Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,572 Бардыгы / Биргезде көптөгөн журналисттердин чыгармачылык тушоосун кескен айтылуу “Ош жаңырыгы” облустук гезити жарык көргөнүнө мына билинбей эле 80 жыл толуптур. Азыр деле бул басылманын Кыргызстандын басма сөз айдыңында ээлеген орду өтө салмактуу. Андыктан, аталган жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Маматазим ЖУМАНАЗАРОВду ат жалында кепке тарттык. – Маматазим мырза, мааракеңиздер кут болсун! – Рахмат! Тээ […]
2,573 Бардыгы / Биргезде көптөгөн журналисттердин чыгармачылык тушоосун кескен айтылуу “Ош жаңырыгы” облустук гезити жарык көргөнүнө мына билинбей эле 80 жыл толуптур. Азыр деле бул басылманын Кыргызстандын басма сөз айдыңында ээлеген орду өтө салмактуу. Андыктан, аталган жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Маматазим ЖУМАНАЗАРОВду ат жалында кепке тарттык. – Маматазим мырза, мааракеңиздер кут болсун! – Рахмат! Тээ […]
МАМАТАЗИМ ЖУМАНАЗАРОВ: “КАЛЫСТЫКТАН ТАЙЫЙ ЭЛЕКПИЗ”
06.12.2018 / Автор aymak

2,574 Бардыгы /
Биргезде көптөгөн журналисттердин чыгармачылык тушоосун кескен айтылуу “Ош жаңырыгы” облустук гезити жарык көргөнүнө мына билинбей эле 80 жыл толуптур. Азыр деле бул басылманын Кыргызстандын басма сөз айдыңында ээлеген орду өтө салмактуу. Андыктан, аталган жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Маматазим ЖУМАНАЗАРОВду ат жалында кепке тарттык.
– Маматазим мырза, мааракеңиздер кут болсун!
– Рахмат! Тээ Совет доорунда геосаясат таптакыр башка эле да. Азыркы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары агезде биригип жалгыз эле Ош облусу аталчу. Ошондо биздин гезитибиз такай 105 миң нуска менен басылчу экен. Азыркыга дейре биздин гезитибиз (агездеги “Ленин жолу”) Москва шаарында Бүткүл Союздук Айыл Чарба Көргөзмөсүнүн чоң залында дагыле илинүү турат. Бүгүнкү күндө мындай чекти – 105 миң нуска багындыруу биздин түшүбүзгө дагы кирбей калды го, чиркин!
– Ыркыраган рынок сиздердин дагы кендириңиздерди кеспедиби?
– Абдан эле туура баамдапсыз. Кыргыздар бекер айтышпайт да “Ким каржыласа, ошонун гана ырын ырдайсың”. Бирок, биз адатыбызча азыркы бийликтин гана ырын ырдап, камчысын бир жактуу чапкан жерибиз жок! Калыстыктан жана обьективдүүлүктөн дагыле тайый элекпиз, үкам!
– Сөз эркиндиги мамлекеттик гезитте деле жайында деңизчи?
– Ооба. Кыргыз эли эзелтеден Сөз эркиндигин жана Боштондукту туу туткан калк эмеспи. Ошондуктан, ушул адатыбыздан дагыле тайый элекпиз. “Ош жаңырыгы” гезити деле адаттагыдай эле абдан курч сын материалдарды байма-бай жарыялап келатат. Мансабына, даражасына жана байлыгына карабастан мыйзамсыз жоруктарды жасагандарды эл көзүнчө дагыле сындап жатабыз. Илгеркидей муну үчүн журналисттерди коркутуу жана куугунтуктоо таптакыр жок!
– Гезитиңиздерди илгеркидей эле ээңиздер – Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү туруктуу каржылайбы?
– Облустук бийликке каржылык көз карандылыктан биротоло кутулганбыз. “Ош жаңырыгын” Кыргызстандагы башка облустук гезиттердей эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана коммуникация департаменти каржылайт. Ошол себептүү үзгүлтүксүз жарык көрүп келатат да.
– Маматазим мырза, демек, аталган департамент гезиттин ички-тышкы саясатына дагы таптакыр эле кийлигишпейби?
– Жо-жок! Алар акыбалыбызды гана маал-маалы менен сураштырып турушат. Анткени, аталган департаментте маданияты абдан жогору, билими бийик инсандар иштешет. Ошол себептүү ишибизге жөнсүз кийлигишип, командалык дагы кылышпайт.
Биз дагы заман талабына аргасыздан баш ийебиз да. Жылдардын бир жылдарында гезиттер деле окулбай калат. Ошону үчүн бара-бара гезитибиздин өзүнчө сайтын ачсак деген аруу тилегибиз бар. Аман турсак, бул кыялыбыз дагы жакынкы жылдарда ишке ашып калаар…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖУМАЛЫК ЖҮРҮП ЖАТАТ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.