Аймак

ОКУУ ЖАЙДЫН СЫЙЛЫГЫ – ОБЛУСТУН СЫЙМЫГЫ

ОКУУ ЖАЙДЫН СЫЙЛЫГЫ – ОБЛУСТУН СЫЙМЫГЫ

 3,010 Бардыгы /

Президенттик стипендия – мыкты окуган жана ар тараптуу жаштарга каржылык көмөк көрсөтүү максатында тапшырылып келет. Окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жалпы республика аймагындагы 38 жогорку окуу жайдан 69 студент президенттик стипендиат аталды. Алардын катарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин да жигердүү 3 студенти да бар. Студенттердин айтымында президенттик стипендиат болуу алдыдагы максаттарына жетүүгө чоң стимул берген. Бул боюнча кабарчыбыз аталган студенттер менен пикирлешкен.

Самидин БЕГАЛЫ уулу, президенттик стипендиат: “АЛДЫДАГЫ ЭҢ ЧОҢ МАКСАТЫМ – КҮЧТҮҮ ВРАЧ БОЛУУ”

-Өзүм Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылынан болом. Азыркы учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 5-курста окуп жаткан кезим. Адистигим – дарылоо иши. Негизинен окуу жайга 1-курска келгенимде эле алдыма чоң бир максат койгом. Ал максат президенттик стипендиат аталуу эле. Ошондон тартып мен окууда, коомдук-маданий иш чараларда, конференция олимпиадаларда өзүмдүн ар тараптуу активдүүлүгүмдү көрсөтө алдым. Ошону менен бирге окууда да жакшы окуганга аракет жасадым. Кудай буйруп, быйылкы жылы документтеримди тапшырып, конкурстан өтүп бул сыйлыкты алып отурам. Президенттин стипендиясы 50 миң болсо, мен анын 15 миң сомун ата-энеме, 20 миң сомун контрагыма, 15 миң сомун өзүмө (жол кире, кийим-кечеге) иштеттим.

ЖАМУдан 5 студенттин документи министрликке кеткен болчу. Алгач укканымда чындыгында ишенген жокмун. Элестетип абдан сүйүндүм. Жашоомдогу бактылуу көз ирмемдердин бири болду десем болот. Алдыма койгон дагы бир максатыма жеттим. Албетте бул менин гана жеңишим эмес. Мунун артында мени колдоп турган ата-энем, мага билим берген мектептеги жана университеттеги мугалимдерим турат. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Президенттик стипендия алуум жашоомо чоң стимул берди. Алдыма мындан да бийик максаттарды коё алдым. Албетте алдыга койгон максатка жетүү үчүн тынымсыз аракетте болуу зарыл. Буйруса алдыдагы эң чоң максатым элибиздин керегине жараган күчтүү врач болуу, алардын ден соолугуна кам көрүү болуп саналат.

Президенттик стипендиат болууну эңсеген студенттерге айтарым, алдыга койгон максатка жетүүнүн ачкычы – бул талыкпай эмгек кылуу. Эмгектин акыбети эч качан жерде калбайт.

Курманжан СУЛТАНОВА, президенттик стипендиат: “ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫ АЛАМ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН”

 

-Мен азыркы учурда ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых адистигинде 4-курста окуп жатам. Негизи президенттик стипендия тууралуу 2-курсту аяктап жатып уккам, чындыгында ага чейин маалымат жок болгон. 3-курстан баштап алдыма президенттик стипендияны алышым керек деп максат койдум.  Андан соң кандай, кайсы документтер керектиги тууралуу маалымат жыйнай баштадым. Анан сынак жарыяланган соң,  2018-жылдын жай айында документтеримди тапшырдым. Биздин тайпадан 3 студент, ал эми факультеттен 10го жакын активдүү студенттер тапшырганбыз.Алгач документтерибиз деканаттан каралып, анан ректоратка берилген. Андан соң университеттен президенттин аппараттына жиберилип, ал жактан бизге кабар беришти.

Президенттик стипендияны алам деп ойлогон эмесмин, анткени жыл сайын бул сынактын жыйынтыгы октябрь айында чыкчу. Быйыл ал мөөнөтүнөн өтө кеч жарыяланды. Өтпөгөн окшойм деген ойдо калгам. Аталган стипендия менин окуудагы ийгиликтерим үчүн – аймактык олимпиадаларда орундарды багындырганыма, илимий конференцияларга, эң басымдуусу – бул коомдук иштерге ар дайым активдүү катышкандыгыма, анан да өз университетимде бир канча долбоорлорду ишке ашырып, көмөк көрсөтүп келгениме берилди деп айта алам.

Перизат БАРАТОВА, президенттик стипендиат: “БУЛ ЖЕРДЕ ДА КОРРУПЦИЯ АРАЛАШСА КЕРЕК ДЕП ОЙЛОГОМ”

-Мен Базар-Коргон районунун Шыдыр айылында чоңойгом. Жөнөкөй эле орто мектепте (гимназия же орус класста эмес) 11-класска чейин окугам. 5-классымдан тартып тогуз коргоол ийримине катышып, ошондон бери бул оюнду ойноп келем. 8-класстан баштап  волейболго катыштым. Андан сырткары комуз ийримин да бүткөнмүн. Мектеп убагында үйрөнгөндөрүм университетте мага чоң ийгиликтерди алып келди десем болот. Мисалы, университетте комуз ансамблине кошулуп, ЖАМУнун атынан фестивалдарга катышып келе жатабыз. Тогуз коргоол боюнча университетке келгенден тартып ушул күнгө чейин республикалык оюндарда ЖАМУнун атын коргоп келе жатам. Кесибим боюнча да олимпиадаларга катышып, жакшы орундарга ээ болгом. Ата-энем экөө тең мугалим. Алардан өрнөк алып, мен дагы география мугалими адистигине тапшырып калгам. Учурда 4-курста окуйм.

Алгач бул сынакка мен буга чейин президенттик стипендия алган ага-эжелеримдин кеңеши менен катышып калдым. “Сен дагы документтериңди тапшырып көр, сенде мүмкүнчүлүк бар, документтериң жакшы”- деп айтышкан. Алар менен катар мугалимдерим да түрткү берип колдошту. Аппараттан чалганда чындыгында кубандым, бир тарабынан ишенбедим. Саатты карасам 16:28 өткөн экен, жумуш убактысында чалышыптыр, демек өтүпмүн деп ишенгем. Мурун сыйлыкты октябрда эле алышчу. Быйыл биз декабрдын аягында алдык.

Бул сыйлыкты алганым жашоомо эң чоң деңгээлде стимул берди деп айта алам. Анткени аракет кылсаң, баары болот экен дегенге толук ишенип калдым жана өзүмө болгон ишеним артты. Чындыгында бул жерде да коррупция аралашса керек же тааныш-билиш болуп кетиши мүмкүн деп ойлогом. Мен бир сом деле берген эмесмин, анын үстүнө анчалык таанышым деле жок. Бирок үнүм кудайга жетиптир десем болот. Анткени көптөн бери ниет кылып келгем.

Бул стипендияны алам деген студенттерге кеңешим, биринчи жакшы окугула, аны менен гана чектелбестен ар түрдү иш-чараларга катышып, өзүңөрдү ар тараптан сынап көргүлө демекчимин.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА,  “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17