Аймак

“БАРБОЛ” ЭМИ  ЖАЛАЛ-АБАДДА

“БАРБОЛ” ЭМИ  ЖАЛАЛ-АБАДДА

 5,483 Бардыгы /

              Учурда Кыргызстанда жалпысынан 15ке чукул кондитер азыктарын чыгаруучу ири ишканалар бар. Алардын арасында “Барбол” кондитердик фирмасы өзүнүн азыктары менен элдин оозуна алынып, 10 жылдык тарыхка ээ болуп олтурат. Фирма бүгүнкү күндө өзүнүн азыктарын түштүктүн бардык региондоруна экспорттойт. Аталган ишкананын ишмердүүлүгү боюнча төмөндө кененирээк сөз болмокчу.

“Барбол” шириндиктери –  торт жана нан азыктарын өндүрүүгө багытталган  жергиликтүү Ата Мекендик өндүрүш компаниясы  2008-жылы, жеке ишкер Канатбек Акаев тарабынан негизделген.  Ишкананы ачууда Канатбек мырза жеке өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобостон миграциянын азайышына аз да болсо, салым кошуу максатында жумуш орундарын түзүүгө потенциалы чоң деп  эсептелген өндүрүш тармагын тандап алган. 

Адилет АРИНОВ, аткаруучу директор:

-“Барбол” кондитердик ишканасы учурда Ош шаарында жайгашкан. 7 фирмалык дүкөнүбүз бар. Түштүк регионунун борборлоруна да өз фирмалык дүкөндөрүбүздү ачуу ниетиндебиз. Эң биринчилерден болуп жакында Жалал-Абад шаарына аракет көрүп жатабыз.  Быйыл фирманын ачылганына 10 жыл болуп турат.10 жыл аралыгында “Барбол” элдин оозуна алынып, чоң ийгиликтерге жетише алды. Кондитердик жана нан азыктары менен бирге түрдүү тортторду чыгарууга жетишип, өзүнүн туруктуу кардарларына ээ болду. Ийгиликтерге жетүү зор мээнет жана убакытты талап кылгандыктан ачылары менен эле “Барбол” ишканасы ийгиликтерге дароо жете алган жок. Алгач ишмердүүлүгү өтө оор жана сыноолорго бай жылдар катары өттү. Аракетке берекет дегендей талыкпаган изденүүлөрдүн  натыйжасында Голландия, Россия, Украина, Казакстандын  тажрыйбалуу технологдору менен байланыш куруп, жаңы  технологияларды киргизип, ишкана тез арада кардарларды өзүнө  тарта алды.

Жарандарды туруктуу жумуш менен камсыз кылуу оңой эмес. 10 жылдан бери туруктуу иштеп келе жаткан бул ишканадагы кызматкерлердин негизги максаты – элге адал сапаттуу продукцияны даярдоо. Бул багытта айрыкча торт  даярдоо цехинде жумуш кызуу  жүрөт.

Базар шартында башка импорттоочу чет өлкөлүк гиганттарга туруштук  берүү оңой эмес. Бирок биз продукцияларыбызды сапатына басым жасап, өзүбүздүн элге жакшы сапаттуу өндүрүмдөрдү сунуштап, элдин ишеничине ээ болдук. Учурда азыктардын 40 тан ашуун ассортименти бар, нандын 12, торттун 15 түрүн чыгарып жатабыз. Алдыга коюлган максаттар менен бирге жумушчуларга мыкты шарттарды жаратуу ишкананын негизги приоритеттеринин бири.

Гулжан АБДЫВАСИЕВА, кондитердик жана нан азыктары боюнча  технолог:

-Бул ишканасы нан чыгарууга да адистештирилген. Ден соолукка пайдалуу кара нандары кардарларыбыздын сүймөнчүлүгүнө ээ. Нанды кардарлардын табитине жараша ар кандай кылып жасоого болот. Мисалы, бул өндүрүштүк цехте кара нандын бир канча түрү  чыгарылат. Курамына мейиз, күнжүт сыяктуу дан кошулуп жасалгандары да бар.

Кара нан ак нанга караганда ден соолукка пайдалуу. Албетте эң биринчи азыктардын тазалыгына көз салуу керек . Биздин фирма кардарларыбыздын буюртмасы менен улуттук даамдарды да даярдай баштаган. Дасторкон көркү болгон боорсок, бал боорсок, каттама жана чакчекей сыяктуу даамдар өз ишин мыкты билген адистердин колу менен жасалып даярдалат.

Гулбара АЛИЕВА, торт боюнча технолог:

 

-Негизи шириндиктер белектердин падышасы эмеспи. Башта торт дегенде тегерек же төрт бурчтук  формалар элестелчү. Азыр болсо техника, фантазиянын өнүгүүсү менен өз кебетеңизди, үйүңүздү жана машинеңиздин формасын торт кылып жасатсаңыздар болот.  Камырын да табитиңизге жараша ар кандай кылып жасата аласыз. Мисалы, биздин кардарлардын көпчүлүгү  быштак, бал кошулган тортторду жакшы көрүшөт.

Башка товарларга салыштырмалуу азык-түлүк продукциялары белгиленген убактысынан өтүп кетсе, сапаты начарлап тез эле бузула  баштайт. Ошон үчүн даяр болгон азыктарды шаардагы дүкөндөргө  жана соода түйүндөрүнө убагында жеткирип турушат. Эгерде белгиленген  убагынан өтүп баратса, аны дароо кайтарып алышат. Бул да болсо, кардарлардын талабы биринчи орунда деген принцип менен иштөөнүн ыкмасы. Натыйжада “Барболдун” шириндиктери рыноктогу атаандашууга туруштук  берип, көптөгөн кардарлардын дасторконунда жайнады. Ошол эле учурда Кыргызстанга кошуна өлкөлөр да миң түркүн кондитер азыктары күн сайын кирип келүүдө. Мындай учурда бизден тынымсыз изденүү жана аракет гана талап кылынат.

Өндүрүлгөн азыктар директор Канатбек Акаевдин демилгеси менен Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүү борборунун адистери тарабынан тыкыр текшерүүдөн өткөң соң, эл аралык талаптарга  жооп  берген “Адал” сертификатына ээ болгон. Продукциянын адал болуусу ишкананын эң негизги максатынын бири, анткени учурда тамак-аш индустриясында баш аламандык менен жасалган азыктар канчалык деңгээлде ден соолукка зыяндуу экендигин тиешелүү адистер эскертишүүдө. Адал принцибин бекем тутунган бул ишкана жыл сайын  “Адал индустриянын” адистерин чакырып тренинг, кеңештерин алып турушат.

 Албетте бизнесте тандоо ыктыяры болгондуктан көпчүлүк ишкерлер чет элдик продукцияларды ташып келип валютаны сыртка калтырып келе жаткан мезгилде Ата Мекендик өндүрүштү колго алып, өз жарандарыбызга сатып, кайрадан эле түшкөн  пайданы өз мекенине инвестиция жасоо нукура патриот ишкердин гана каалоосу. Сыртка агылып жаткан колунда күчү бар жаш адам ресурсун  өз мекенине тартып миграция агымын азайтууга көмөк көрсөтүп жатканын “Барбол” ишканасын мисалында көрсөк болот. Ишкана кардарларды ар дайым адал, сапаттуу жана даамдуу шириндиктер менен камсыз кылууда алдыга дагы бир топ максаттарды койгон. Ата Мекендик өндүрүштү жолго коюп, ынтымак  жана изденүү менен иштеп, Жалал-Абаддагы ачылуу алдында турган “Барбол” ишканасына ийгиликтерди каалайбыз.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17