Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,244 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 20-февраль күнү областтык масштабда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдык маарекеси белгиленди. Аталган иш-чара алгач Жеңиш эс алуу багында ардагерлердин эстеликке гүл коюусу менен башталып, Ооган согушунда курман болгондорго арналып куран окутулду. “Учурда Жалал-Абад областында 1009 Ооган согушунун ардагери калды. Бул жерге келгенибиздин эң негизги максаты мындан 30-40 жыл мурун […]
3,245 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 20-февраль күнү областтык масштабда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдык маарекеси белгиленди. Аталган иш-чара алгач Жеңиш эс алуу багында ардагерлердин эстеликке гүл коюусу менен башталып, Ооган согушунда курман болгондорго арналып куран окутулду. “Учурда Жалал-Абад областында 1009 Ооган согушунун ардагери калды. Бул жерге келгенибиздин эң негизги максаты мындан 30-40 жыл мурун […]
СОВЕТТИК АРМИЯНЫН ООГАН ЖЕРГЕСИНЕН ЧЫГАРЫЛГАНЫНА 30 ЖЫЛ
20.02.2019 / Автор aymak

3,246 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 20-февраль күнү областтык масштабда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдык маарекеси белгиленди.
Аталган иш-чара алгач Жеңиш эс алуу багында ардагерлердин эстеликке гүл коюусу менен башталып, Ооган согушунда курман болгондорго арналып куран окутулду.
“Учурда Жалал-Абад областында 1009 Ооган согушунун ардагери калды. Бул жерге келгенибиздин эң негизги максаты мындан 30-40 жыл мурун Ооган согушунда курман болгон куралдаш досторубузду эскерүү, аларга куран окутуу. Мындай иш-чара биздин областта жыл сайын өткөрүлүп келет”, – дейт Толубай Энназаров Жалал-Абад областтык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы.
Иш-чаранын кийинки бөлүгү Барпы театрында улантылды. Ага КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да катышып, ардагерлердин эбегейсиз эрдигин ар бир инсан эсинде бекем тутуп, сыймык менен эскерүүсүн баса белгилеп өттү.
“Быйыл Ооганстандан советтик аскерлеринин чыгарылган күнүнө 30 жыл толду. Тарыхта баш тамгалар менен эскерилчү бул күн-оңой олтоң унутулуп калчу окуя эмес. 1979-жылы башталып, 1989-жылга чейин созулган кандуу 10 жылдык апаат көптөгөн эр-азаматтардын өмүрүн алган. Энелердин көз жашын төгүп, таянар тоосунан айрыган. Учурда областта 1009 ооган согушунун ардагери бар. Алар азыркы күндө да мекенге кызмат кылып жүрүшөт.
Ооган согушунун катышуучулары жаш уландар үчүн жарандык коомдогу аскердик тарбия булагы экенин белгилеп айта алам. Алардын бизге калтырган эбегейсиз эрдигин ар бир инсан эсинде бекем тутуп, сыймык менен эскерүүсү кажет”-дейт К.Сатыбалдиев Өкмөттүн областтагы өкүлү.
Иш-чарага областтык мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, областтагы Ооган согушунун ардагерлери жана алардын жакындары катышышты. Жазуучу-драматург Ооганбек Стамбеков тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш Барпы театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан элге көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына арналып атайын концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, Ооган согушуна биздин областтан 1267 эр-азаматтар катышып, алардын 27си баатырларча курман болгон.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
























Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.