Аймак

27-МАРТ ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ

27-МАРТ ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ

 5,281 Бардыгы /

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театры 1921-жылы түптөлүп, 1992-жылы түзүлгөн. Ошол мезгилден тартып театрда 270тен ашуун кыргыз драматургдардын, дүйнөлүк, боордош элдердин чыгармалары сахналаштырылып коюлган. Келе жаткан 27-март эл аралык театр күнүнө карата театрга баш бактык.

ТЕАТР ТАРЖЫМАЛЫ

Жалал-Абад  областтык  Барпы  атындагы  кыргыз  драма  театры  Кыргызстандагы  алгачкы  театрлардын  бири  катары  жалпы  журтчулукка  белгилүү. 1992-жылы Жалал-Абад шаарында шаардык кыргыз театры түзүлүп, областтык мамлекеттик администрациясынын буйругу менен 1993-жылы областтык театр деген статус берилген.

1994-жылы Барпы апыздын 110 жылдыгына карата  улуу төкмө акын Барпы Алыкуловдун ысмы  ыйгарылган. Театр эл аралык, республикалык  деңгээлде  өткөрүлгөн фестиваль, сынактарга  катышып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келүүдө.

Учурда театрда 2 кызматкер Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алышкан. Алар Ш.Мамбетова, Б.Жумалиев, жаш кадрларга өрнөк болуу менен театрдын артисттик жамаатынын кесиптик, адистик деңгээлин практикалык жактан жогорулатуунун үстүндө эмгектенип келишүүдө.

 

Санжар БЕРИКБАЕВ, Барпы театрынын директору:

“ҮЧ МАКСАТ МЕНЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ УБАДА БЕРГЕНМИН”

-27-мартта белгилүү болгондой театр кызматкерлеринин кесиптик майрамы келе жатат. Биз бул күнү адатка айлантып алгандай сүмөлөк кайнатабыз. Кыргыздын унутта калган улуттук оюндарын ойнотуп, театр кызматкерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Жылда  4-5тен жаңы спектаклдерди коюп, район-шаарлардан бери кыдырып келе жатабыз. Азыр элде кыйла театрга кызыгуу пайда болуп калды. Бүгүнкү күндө элдер бизден сурай баштады “кандай жаңы спектаклдерди коёсуздар, быйыл дагы  спектаклдер коюлабы” деп сурай баштады. Элдердин сураганы биз үчүн жакшы жышаан болуп жатат.

Мен театрга жаңы келгенде үч максат менен кызматкерлерге убада бергенмин. Биринчиси, бизде штаттык бирдик аз болгондуктан аны көбөйтүп, артисттердин санын 40ка жеткиребиз дегенбиз. Экинчи максатым, театрда гастролго чыкканы машинебиз жоктугуна байланыштуу ал убакта президент болуп турган А.Атамбаевге 2017-жылдагы эл менен жолугушуусунда айтып, президенттик администрациясынын “Спринтер” автоунаасын алганбыз. Ошону менен райондорду аралап гастролдоп келебиз. Үчүнчү максатым, Орусия жергесинде миграцияда жүргөн мекендештерге да барып келүү болчу. Быйыл майдын аягында, июндун башында чыгып, июль айында Орусиянын 19 шаарын кыдырып, Мар Байжиевдин “Адашкан адам” чыгармасын тартуулап келебиз.

Ал эми биздин имарат театрга ылайыкташтырылбай маданият үйүнө ылайыкташтырылып салынып калган. Ошого байланыштуу сахнабыздан кичине мүчүлүштүктөр бар. Грим цех бул сатылбай турган нерсе. Бизде грим цех менен реквизитти бир цехте иштетебиз, профессионалдуу театрларда өзүнчө иштетилет. Бирок бардык жабдыктарды театрдын жеке эсебинен алып, бүгүнкү күндө жетишерлүү болуп калды.

Эске сала кетсек, 2014-жылы  I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында театр “Кыз узатуу” каадасын көргөзүп мыкты форма номинациясына ээ болгон. 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ооганбек Станбековдун “Курманбек” драмасы менен гран-при жана акчалай сыйлык, 2018-жылы аталган драматургдун  “Келин алуу” каадасынын сценарийи менен  3-орунга татыктуу болуп активдүү катышышкан.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17