Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,956 Бардыгы / Жөлөкпул мамлекет тарабынан берилген жардам акча. Кыргызстанда жөлөкпул ыйгаруунун эки тармагы бар. Үй-бүлөгө көмөк жана социалдык. Эгер сизде жөлөкпул алууда кандайдыр кыйынчылыктар же түшүнбөөчүлүктөр жаралса, анда биздин гезиттен толук окуп алсаңыздар болот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Гулмира Раимкулова жооп берди. “ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК” ЖӨЛӨК ПУЛУН КИМДЕР АЛУУГА УКУКТУУ? (Азыркы […]
3,957 Бардыгы / Жөлөкпул мамлекет тарабынан берилген жардам акча. Кыргызстанда жөлөкпул ыйгаруунун эки тармагы бар. Үй-бүлөгө көмөк жана социалдык. Эгер сизде жөлөкпул алууда кандайдыр кыйынчылыктар же түшүнбөөчүлүктөр жаралса, анда биздин гезиттен толук окуп алсаңыздар болот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Гулмира Раимкулова жооп берди. “ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК” ЖӨЛӨК ПУЛУН КИМДЕР АЛУУГА УКУКТУУ? (Азыркы […]
ЖӨЛӨК ПУЛДУ КАНТИП АЛАСЫЗ?
25.03.2019 / Автор aymak

3,958 Бардыгы /
Жөлөкпул мамлекет тарабынан берилген жардам акча. Кыргызстанда жөлөкпул ыйгаруунун эки тармагы бар. Үй-бүлөгө көмөк жана социалдык. Эгер сизде жөлөкпул алууда кандайдыр кыйынчылыктар же түшүнбөөчүлүктөр жаралса, анда биздин гезиттен толук окуп алсаңыздар болот.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Гулмира Раимкулова жооп берди.
“ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК” ЖӨЛӨК ПУЛУН КИМДЕР АЛУУГА УКУКТУУ? (Азыркы мыйзам боюнча)
Эгерде үй-бүлөнүн жан башына болгон орточо жалпы кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн 900 сомдон жогору болбосо, анда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул 16 жашка чейинки курактагы балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) берилет. Учурда Жалал-Абад шаарында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 926 үй-бүлөдөн 2783 бала 810 сомдон алат.
КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
Төмөндө аталган кагаздардын көчүрмөсү керектелет:
-ата-энесинин паспорту;
-баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү);
-иш жүзүндө жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
-үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жөнүндө маалыматтар.
АЛ ЭМИ СОЦИАЛДЫК ЖӨЛӨК ПУЛДУ ЧЕКТӨӨ ТАРТИБИ КАНДАЙ?
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга алар социалдык жөлөк пулдун бир нече түрүнө укуктуу болсо, социалдык жөлөк пулдун эки түрү – майыптык боюнча жөлөк пул жана ата-энесинин биринен/экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча жөлөк пул чектелиши мүмкүн. Мында ата-энесинин биринен/экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча жөлөк пул алар 23 жашка чыкканга чейин чектелет. Мындан сырткары социалдык жөлөк пулду бала кезинен I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсүнө карай 2700дөн 4000 миңге чейин), баатыр энелер (эки миң сом), улгайган адамдар (бир миң сом) ала алышат.
Жалпы Жалал-Абад шаары боюнча 1601 жаран социалдык жөлөк пул алат.
Керектелүүчү документтер:
-арыз ээсинин паспорту;
-баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү);
-иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;
-майыптыкты ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛЫП СҮЙҮНГӨНДӨР…
Сүйүнчү акча учурда бардык үй-бүлөлөргө (киреше-чыгашасына карабай) берилет. Жаңы төрөлгөн ар бир балага 6 айга чейин 4000 сомдон чегерилген. Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы 565 бала сүйүнчү пулун алды. Ал эми өткөн жылы жалпы 1 586 балага сүйүнчү пулу төлөнүп берилген. Сүйүнчү акча бала төрөлөрү же документтерди тапшырары менен дароо берилбейт. Ымыркай жарык дүйнөгө келген соң ата-энеси анын туулгандыгы тууралуу документин алып, ага кошуп тийиштүү документтерин Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө тапшырат. Андан соң аталган бөлүм документтерди бирдиктүү маалымат базасынан карап чыгып, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына электрондук вариантын жиберишет жана алар тийиштүү каражатты чектешет. Жергиликтүү социалдык башкармалыкта накталай акча жок болгондуктан сүйүнчү пулга каражатты финансы министрлиги почта аркылуу которот.
Керектүү документтер:
-ата-энесинин паспорту;
-ата-энесинин нике күбөлүгү;
-баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана банктан эсеп ачтыруу керек.
“ЖЕКЕ АССИСТЕНТ” АТТУУ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ ТҮЗҮЛДҮ
Өлкөбүздө үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык төлөнө баштады. Тийиштүү токтомду өкмөт 2018-жылдын 23-ноябрындагы №556 токтому менен кабыл алган. Документке ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлдү. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелер же жеке ассистенттерге 4900 сом өлчөмүндөгү айлык төлөнөт. Бул үчүн бюджеттен 420 млн. сом каралган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыр Кыргызстанда 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар, анын 6 миңи ар дайым көзөмөлгө муктаж.
54 ЖЕКЕ АССИСТЕНТ АЙЛЫК АЛУУДА
Он сегиз жашка чейинки майып балдардын ата-энелерине “ассистент” деп айына 4900 сомдон төлөнүп берилүүдө. Медициналык-социалдык экспертиза баланы көрүп текшерет. Эгер чын эле алар бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж болсо, алар “муктаж” деп жазып беришет. Алар жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышат.
Төмөнкү документтер керектелет:
-ата-энесинин паспорту;
-баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү;
-жашаган жеринен тактама;
-банктан эсеп ачтырылат;
-салык кызматынан патент ачтырат.
Эгерде ал баланын ата-энеси иштеген болсо, алар өздөрү бирөөнү (эжеси же сиңдиси, атасынын карындашы ж.б.) жалдап алышы мүмкүн. Алар 65 жашка чейинки туугандары деп жазылат. Ата-энесинен өзгөчөлүгү булар психикалык жактан оорусу жок жана соттолбогон деген тактамасы да болушу керек. Ошонун негизинде баланы баккан тууганына да акча төлөнүп берилет. 6 ай бою социалдык кызматкер баланын жашоо шартын текшерип турат. Анда алынган акча каякка жумшалууда, баланын жашоо шартында өзгөрүү барбы, аны кантип карап жатат – деген суроолорго көңүл бурулат. Ар бир баланын үйүндө дептерче ачылат. Ага соцкызматкер барган күндөрүн жазып, баланын жашоо шартын, абалын жазып коёт.
“ЖЕКЕ АССИСТЕНТ” ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
-Күн тартибин өз алдынча аныктоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
-Өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле КРдин мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык бөлүмдүн мыйзамсыз иш-аракеттерине даттанууга.
“ЖЕКЕ АССИСТЕНТ” ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багуу көндүмдөрү боюнча окуудан өтүүгө (аймактык бөлүмдүн сунуштары боюнча);
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы ак ниеттүүлүк менен камкордук көрүүгө;
– Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын дарыгер-эксперттери иштеп чыккан баланы реабилитациялоонун жеке планында көрсөтүлгөн медициналык талаптарды так сактоого;
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын өз убагында тамактануусун камсыздоого;
-Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын гигиена жана уктоо боюнча бардык керектүү талаптарын сактоого;
-Зарыл болгон учурда баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө.
Учурда Жалал-Абад шаарында 54 жеке ассистентке төлөнүп берилүүдө. Күндөн-күнгө жеке ассистенттердин саны көбөйүп жатканын жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери билдиришет.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында 1175 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катталган болсо, анын 445и 18 жашка чейинки балдар болуп саналат.
Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
20.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КМШ ЧЕКАРАЧЫЛАРЫ ЧОКТАЛДА МАШЫГЫШТЫ
-
-
01.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.