Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,465 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунун Кара-Дарыя айылында Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеби боюнча “Китеп- билим булагы” аттуу китеп окуу сынагы уюштурулду. Иш-чара 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жеке ишкер Исабек Закиров жана “Аннур Эдукаре” окуу борборунун колдоосунун астында Кара-Дарыя жаштар коому тарабынан өткөрүлгөн. Аталган сынак үч тур менен өтүп, алгач […]
3,466 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунун Кара-Дарыя айылында Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеби боюнча “Китеп- билим булагы” аттуу китеп окуу сынагы уюштурулду. Иш-чара 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жеке ишкер Исабек Закиров жана “Аннур Эдукаре” окуу борборунун колдоосунун астында Кара-Дарыя жаштар коому тарабынан өткөрүлгөн. Аталган сынак үч тур менен өтүп, алгач […]
ЖАКШЫЛЫКТА ЖАРЫШКАН ЖАШТАР (китеп окуу сынагында)
09.04.2019 / Автор aymak

3,467 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунун Кара-Дарыя айылында Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеби боюнча “Китеп- билим булагы” аттуу китеп окуу сынагы уюштурулду.
Иш-чара 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жеке ишкер Исабек Закиров жана “Аннур Эдукаре” окуу борборунун колдоосунун астында Кара-Дарыя жаштар коому тарабынан өткөрүлгөн.
Аталган сынак үч тур менен өтүп, алгач тест алынды. Экинчи шартында сүйлөм толуктоо болсо, акыркы шартында 3-турга өткөн катышуучулар билет тандоо менен суроолорго оозеки жооп беришти.
Жалпысынан 60тан ашуун окуучу катышып, эң алдыңкы 10 окуучуга сыйлыктар тапшырылды.
“Ачыгы мен дайым эле өзүмө ишенем. Жеңем деген ой да жок эмес болчу. “Аннур Эдукаре” окуу борборунан бир айлык акысыз окууга жолдомо алдым. Бул үчүн кубанычтамын. Китеп негизинен финдер жана Финландиянын өнүгүү сырлары боюнча экен. Анын негизги идеясында караңгы, өнүгүүдөн артта калган элдерге алар жашаган мамлекетти бир гана жогорку илим-билим менен өнүктүрүүгө болорун айтып турат.
Мени таасирленткен жери финдер алгач караңгы жана жашоосу чыдай алгыс начар болуп, бирок бардык сыноолорду жеңип, азыр Европадагы эң өнүккөн мамлекеттердин арасына кошулганы болду. Ойлоп карасам биз деле мурда финдердей аракет кылганыбызда, эртерээк ойгонгонубузда азыр Европа эле эмес дүйнөнү дүңгүрөткөн өлкө болмокпуз.
Бул китепти бардык кыргызстандык сөзсүз окуш керек. Себеби мында жумушчу, молдодон тартып президентке чейин эң сонун мотивация берүүчү аңгемелер камтылган” – дейт Нуриза Анарбаева аталган сынакта жеңүүчү.
Кошумчалай кетсек, мындай иш-чаралар аталган айылда Кара-Дарыя жаштар коому тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.






















Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУНА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
-
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.