Аймак

СААТБЕК ЭГЕМБЕРДИЕВ: «КӨЗ КАРАШЫ, ПРИНЦИБИ БАР АДАМ ЭЧ ЖЕҢИЛБЕЙТ!»

СААТБЕК ЭГЕМБЕРДИЕВ: «КӨЗ КАРАШЫ, ПРИНЦИБИ БАР АДАМ ЭЧ ЖЕҢИЛБЕЙТ!»

 3,462 Бардыгы /

Өлкө Президенти өзү эмгегин баалап, колуна мамлекеттик сыйлык тапшырган Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн башчысы Саатбек ЭГЕМБЕРДИЕВ район акими Баймурат Бекмуратовдун сунушуна ылайык жумушунан бошотулду. Эми бул мыйзамсыз кадамы үчүн ал акимдин үстүнөн сотко даттанды. Ошондуктан, мунун себебин Саатбек мырзанын өзүнөн гана сураштырдык.

 

– Саатбек мырза, эмне үчүн журналистиканы жыйыштырып элетке Айыл Өкмөт башчылыгына кетип калдыңыз, ыя?

– 2010-жылдагы Ош коогалаңынын кесепетинен Ош жана Жалал-Абад облустарынан башка жерлерде долбоорлор абдан солгундап калгандыгына байланыштуу айылга кетүүнү туура таптым. Анткени, элетте жүргөндө ой-пикирлерибиз туура келген жаштардан атайын топ түзүп, Айылдык Кеңешке депутаттыка талапкерлигибизди коюп, бактыбызды жана дараметибизди сынап көрөлү дегенбиз. Ошентип, баарыбыз тең Жаңы-Жер Айылдык Кеңешинин депутаттыгына шайландык. Ушинтип идеябыз андан ары өзү уланып кетти.

Журналистиканы биротоло таштай элекмин. Айылда үналгы ачтык. Азырынча ал эптеп дагыле иштеп жатат. Бара-бара муну туруктуу иштете турган жаштар дагы бийликке келет деген ишеним күч.

Деги өткөн жылдар аралыгында Сиз Айыл Өкмөтүнөн эмнелерди таптыңыз?

-Көп нерселерди жеринде көрүп-билдим. Эң башкысы эл менен ийиндеше иштөөнү дагыле үйрөнүп жатамын. Буга улай көйгөйлөрдү убагында жана кечеңдетпестен чечүүнү  дагы акыры жолго койдум. Эң башкысы баардык жоопкерчиликти ар кимге – кызматкерлериме чекесинен төңкөрбөстөн, өзүмө алууга гана батындым.

Ошентсе деле, кыйын жетекчи болуп кеттим дегенден таптакыр эле алысмын. Бирок, акыркылардан дагы эмесмин. Ооба, аман турсак, алдыда үйрөнө турган нерселерим дагыле көп.

Дегиңкиси, жетекчилик кызматты аркалоо, анан дагы эл тагдыры үчүн жоопкерчилик чындап эле кыйын бекен?

– Жетекчилик менен эл тагдырына жоопкерчилик деген түшүнүктөр Асман менен Жердей. Мен үчүн булар таптакыр башка, бири-бирине коошпогон аксиомалар. Бир жамаатты жетектеп жүрүү кыйын эмес. Бирок, ошол жетекчиликте дайыма элдин тагдыры турганын билип, сезип атканың – таптакыр башка. Уйку бетин көрбөйсүң. Түшүңө дагы жалаң жумушуң гана кирет. Чындап эле баарына тегиз түтүү абдан кыйын.

– Өзүңүздүн баамыңызда, жети жылда кайсыл ийгиликтерге жетиштиңиз? Дагы эмнелерди бүтүргөнгө үлгүрбөй калдыңыз?

–  Мунун баарына эл тараза. Ошондуктан, азырынча мен унчукпай эле коеюн. Менин ийгилигим – өз нугу менен сугат суу алып келе алганымда…

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен эмне себептен улам мынчалык катуу тирешип калдыңыз?

– Алишер мырза, бул жумуш. А иш маалында ар кандай жагдайлар жаралат. А жетекчи менен көз караш, принцип жана башкалар дал келбей калышы дагы толук ыктымал…

– Демек, эми аким Баймурат Бекмуратовду сөзсүз сотко берет экенсиз да. Бирок, бийликтин өкүлүн бул сапар утуп алаарыңызга деги үмүт барбы?

– Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун буйругун жокко чыгаруу гана талап кылам! Анткени, акимдин сунушуна ылайык Лейлек районундагы Жаңы-Жер Айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясына 21 депутаттын 11и гана катышып, баары тең менин жумуштан бошотулушумду кубатташкан. Мына, Сизге мыйзамсыздык!

Алишер мырза, үмүт акырында өлөт дешет ко. Демек, ар бир адамда өзүнө ишеним болушу кажет. Бирок, бардыгын, аман турсак, убакыт гана өзү көрсөтөт.

– Саатбек мырза, тагдыр насип этип, соттун чечимине ылайык Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына кайрадан дайындалып калганыңызда, командаңызды жаңылабайсызбы? Сиз менен чабышып жүргөн аким менен андан ары деги кантип иштешесиз?

– Жетекчи катары кызматкердин оңолуп, каталарын дароо түзөшүнө көп ирет мүмкүнчүлүк бергенге далалат жасайм. Жаңылоо – бул кайрадан үйрөтүү. Ал, албетте, көп убакытты талап кылат. Бардык кыймыл-аракеттерди солгундатат, жакпайт ошондой абал. Башка жагынан жаңылоо – жаңы кан, жаңы ой жана идеялар. Мүмкүн анча–мынча болоттур жаңылоолор, азырынча так айтуум кыйын.

Аким Баймурат Бекмуратов менен буга дейре иштешип эле келдик го. Анткени, азыркы кызмат баарыбызда тең убактылуу. Жетекчи – мен үчүн элдин убактылуу ишенимине татыган гана мандикер. Азырынча мен бошмун. Болгону элибиз менин жумуштан бошотулганымдын себебин таптакыр эле түшүнбөй калды.  Алар мени Айыл Өкмөтүнө жабышканымдай ойлошпосун, бирок эмгегиңди бир жактан мамлекеттин башчысы өзү баалап, анан сыйлап турса, капысынан эле район акими жумуштан бошотуп жатса, деги кайдагы чындык?

Маселен, Аймактарды өнүктүрүү жылында Лейлек районундагы Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүндотациядан араң бошоттук. Анан көрсөткүчтөрүбүз деле жаман эмес болчу. Канеткен күндө дагы, албетте, жумуш бар жерди анча-мынча кемчилик деле жылоолойт. Ошону үчүн менин бул кызматтан алынышымды сот гана биржаңсыл чечсе, дал ошондо чыныгы калыстык орнойт деп терең үмүттөнөм!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17