Аймак

ТАРМАКТЫК (СЕТЕВОЙ) МАРКЕТИНГГЕ ИШЕНҮҮ КЕРЕКПИ?

ТАРМАКТЫК (СЕТЕВОЙ) МАРКЕТИНГГЕ ИШЕНҮҮ КЕРЕКПИ?

 3,661 Бардыгы /

Азыркы учурда бардык жерлерде тармактык (сетевой) маркетинг боюнча жарнактар көзгө шак эле урунат. Ал гана эмес интернет айдыңында да байма-бай жарнамалоо иштери жүрүп келет. Буга байланыштуу коомчулукта сетевой маркетинг тууралуу ар түркүн терс пикирлер да жок эмес. А бирок ушул тармактык маркетингде иштегендер бул тууралуу эмне дейт? Тармактык маркетингде кээ бир жарандар алданып же чыгашага кириптер болсо, кээ бири укмуштай акчага кантип ээ болушат? Ушул суроолордун тегерегинде сөз кылмакчыбыз.

Ысхак МАДИМАРОВ, активист:

“МИЛЛИОНДОРДУ СҮЙЛӨШӨТ, БИРОК ӨЗДӨРҮ ЖУПУНУ ЖҮРӨТ”

-Сетевой маркетинг- бул жанды кыйнабай акча табуу. Адал дешет, бирок муфтияттан адал эмес деген фатва чыкты. Анткени сен ал жерде башка бирөөнүн акысын жеп жатасың. Изилдөөнүн негизинде сетевой маркетинг караңгы же сабатсыз элдерде тез жайылып кетери белгилүү болгон. Караңгы жерде деле кичине шам жаксаң жарык болот дегендей…

Мага да тармактык маркетингде иштегендер айтып, бир сааттын ичинде байытып жиберишти, өздөрү жупуну эле жүрүшөт. Миллиондорду сүйлөшөт, бирок өздөрү жүгүрүп жүрүшөт. Анан 6 айдын ичинде ай сайын 150 миң сомдон таап каласың деп айткандары бар. Президент да 120 миң алат, сен 150 миң айлыкка жетишесиң деп келишет. Мындай нерсе ишеничсиз. Мага 5 тармактык маркетинг өз сунуштарын беришкен. Мен китеп сатып иштейм, миллиондорду сүйлөгөнү менен 150 сомдук китепти сатып ал десем, алышпайт. Эмнеге? Акча жок дешет.

Бир окуяны айтып берейин “Smart Rich” компаниясында иштеген кыздар жолугуп калды. Мени бир саатта миллионер кылып, байытып да жиберишти. Жада калса контракт түзгөнү кол койдурганга чейин жетип калдык. Анан мындай жооп бердим. Бир бала кызды биринчи көрүп, бир саат сүйлөшкөндөн кийин эле үйлөнүү сунушун берди. Ал кызга ар түрдүү жылуу сөздөрдү айтты. Кыз дароо эле макул болбойт да туурабы?- десем өздөрү дагы күлүп жиберишти.

Канымбү ОРУМБАЕВА, “SkyWay” акционердик коомунун мүчөсү:  “СЕТЬ ЖАКШЫ НЕРСЕ, АДАМДАР ТУУРА ЭМЕС ИШТЕЙТ”

-Тармактык компаниялар менен 2005-жылдары “Вижин” деген компанияда иштеп калгам. Ошондо дарыларын ичип, бирөөлөргө дагы алып берип жүргөм. Вижиндин 60 капсуласы 800 сом эле, ошол жылдары ал жакшы эле сумма болчу. Көптөргө алып бергем, алар төлөбөй коюшуп, чыгымын өзүм төлөп кыйналган элем. Ошондон кийин мындай компанияларды жаман экен деп калгам.

Эгерде мен дагы аракет кылбай токтоп калганда негатив ойдо болмокмун. Бирок кылган ишиң ийгиликсиз болуп калса, ушундай болуп калды деп өткөн күн менен жашабаш керек. Негизи биздин жашообуздун өзү сеть.

2011-жылы Казакстандын “Асыл-Арман” компаниясы келди. Мага көп жолу айтты, мурун коркуп калган үчүн иштебейм дейт элем.  Адамдардан натыйжаларын көрүп, дарысын ичип көрөйүн дедим. Үй-бүлөм менен ичтик. Баламдын көзү ооруйт болчу. Ичип жүрүп көзүнөн курт чыккан. Башында шок абалда болдум. Мага жакшы баштоочу жолуккан экен. 6 айда бир баскычты жаап, 2013-жылы Малайзияга жолдомо алдым. Кийин Италияга барып 5 шаарын көрүп келдим. Казакстанга көп жолу окууга бардым. Индия, Монголия өлкөлөрүнө барып келгем.

Сеть деген жакшы нерсе, адамдар туура эмес иштейт. Аны мектепте окутпайт, ата-энелерибиз билбейт, билбесе кайсыл маалыматты берет. Мындай тармактар адамдар менен мамиле курганды үйрөтөт, билимибизди өстүрөт, ынтымакка чакырат.

Жайнак КУРБАНОВ, “Тянь Ши” компаниясынын консультант-дистрибьютору:

ИШТӨӨ ЖОЛУН БИЛБЕГЕНДЕРДЕ АР КАНДАЙ ОЙЛОР ТУУЛАТ

-Сетевой маркетингде натуралдык жактан таза продукциялар бар. Мыйзам чегинде социалдык фондду, салыкты төлөйбүз жана элдерге маалымат беребиз. Эртеңки күнү ден соолукту кантип сактап калыш керектигин үйрөтөбүз. Анткени экология начар, тамак-аштын сапаты жакшы эмес, адамдардын баары стресс менен жүрөт. Мыкты продукцияларды тармактык компаниялардан табып жатабыз.

Көпчүлүк учурда бул продукциялардын иштөө жолун билбегендерде ар кандай ойлор туулат. Сетевой маркетингде продукциялардын түзмө-түз колдонуучуга жеткирилиш маселеси каралган. Бул жерде адамды өз ыктыяры менен келсе маалымат берип, продукциялар менен тааныштырып коё алабыз. Адамдарды зордоп алып келгенге эч кимдин укугу жок.

Компаниялардын продукцияларында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилген сертификаттар жана критерийлер камтылышы керек. Анан ошолорго карап компанияны тандоо зарыл.

Ал эми бизде негизги максат акча болгондуктан “ал компания жакшы экен” десе, ага, башкага барып жүргөндөрдө жыйынтык болбойт. Жыйынтык жок болгондон кийин сетевой маркетинг жөнүндө негатив сөздөр көп болот.

Бакыт КОЙСАРИЕВ, “Smart Rich” компаниясынын менеджери:” СЕТЕВОЙ МАРКЕТИНДЕ АДАМДАР АЛДАНЫП КАЛБАЙТ

-Дүйнө жүзүндө сетевой маркетинг өнүгүп жаткан учуру. Сетевой маркетингде иштеш үчүн компаниянын продукциясы, маркетинг планы адал экенин билүү керек. Көпчүлүк билбестен көптөгөн компанияларга кирип алышат. Продукциясы элге кызмат кылбай, маркетинг план адал болбой жатат.

Компаниялардын түрү көп, каржы пирамидалары дагы бар, мында акча саласың, акча аласың. Структуранын акырында туруп калгандар болсо, акча албай калышы деле мүмкүн. Ошондон элдер чочулап калышкан.

Негизи компания алган акчаңа өз продукциясын берсе анда чыгашага учурабайсың.

Маркетинг план боюнча муфтияттан дагы фатвалар чыгып жатат.  Бирок Шамиль Аляутдинов Москва мечитинин имамы “Smart Rich” компаниясын изилдеп чыгып, фатва чыгарып берди. Продукциясы жана маркетинг планы адал деп кол коюп, мөөр басып берген.

Сетевой маркетингде адамдар алданып калбайт. Продукцияны алып пайдаланса ден соолук, иштесе акча болот.

 

Бактыбек ТҮНКАТАРОВ, Жалал-Абад областтык казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси:

“ЭЛ ЫРААЗЫ БОЛО ТУРГАН БОЛСО ШАРИЯТКА ДАЛ КЕЛЕТ”

-Учурда көп адамдар карьерам болсо экен дешет. Ал шариятка туура келеби, адамдар нааразы болбойбу аны көңүлүнө албайт. Акча тапса, жашоосун өткөрсө ошол максат болуп жатат. Соода-сатыктын кайсыл түрү болбосун шарияттын негизинде эл ыраазы боло турган болсо, анда шариятка дал келет.

Аалымдар кеңешинен тармактык маркетинг жөнүндө №5 фатва чыккан. Анда бир канча шариятка туура келбеген учурлары жазылган.

Адам салган акчасынын кайтарымын алыш керек. Кээ бир учурларда акчасын сарптайт, бирок кур калып кете берет. Шарият боюнча сарпталган акчасына адам акысын же товарын алышы керек. Мисалы, дүкөнгө барып бир нерсе сатып алат. Ал жерде башка бирөөгө өз акчасын берди дагы, анын буюмун алды. Бул белгилүү көрүнүп турган нерсе. Шариятта берүү жана дароо алуу керектиги айтылат.

Кээ бир учурда адамдар акчасын берип коюп, ала турган нерсени кийин алам деп калышы мүмкүн. Мисалы, 1000 сом берип, бирөөгө кайра 1 жылдан кийин 1100 кылып бересиң деп бериши сыяктуу. Бул көрүнүштөр дурус эмес, себеби алган адам да, берген адамда дагы нааразычылык болбошу керек. Шарияттын негизги талабы адамдар соода-сатыкта келишим түзүп жатканда бир келишим болушу керек. Бир келишимдин экинчи варианты болбош керек.

Хайрниса МАТМУРАТОВА, “Faberlic” компаниясынын мүчөсү: “БАРДЫК ЖЕРДЕ ЭЛЕ ИШТЕСЕҢ, ТИШТЕЙСИҢ ДЕГЕНИ ТУУРА”

-Сетевой маркетинг менен 4-5 жылдан бери иштешем. Азыр “Faberlic” компаниясында иштеп жатам. Ар бир нерсенин оош-кыйышы болот дегендей, жаңы баштаганда кыйналасың. Бирок бара-бара кыйынчылыктарды да жеңе баштайсың.

Азыр эл арасында тармактык десе эле чочуп кетишет. Бирок мунун да жакшы жагы бар. Мен Faberlic компанияда иштегенден бери үйгө керектелген тазалоочу каражаттарды, жуунчу жана косметикалык каражаттарды алып иштетем. Сапаты жакшы жана жеткиликтүү. Андан сырткары иштеп айлык алсаң да болот. Айлыкты иштегениңе жараша аласың, андан башка бонус, кэшбек жана жеңилдиктер каралган.

Мисалы, мен айына 3-4 миң эле айлык алам. Андан башка белектер, продукциялар берилип турат. Бекер олтурбайын деп пенсияда болгонума карабастан иштеп келем. Негизи бардык жерде эле иштесең, тиштейсиң дегени туура.

 

Кошумчалай кетсек, тармактык маркетингдин тарыхы 1945-жылдарга барып такалат. Lee S. Mytinger жана William S. Casselberry америкалык жеке ишкерлер  «Nutrilite Products» компаниясына дистрибьютор болуп ишке киришкен. Алар тармактык маркетингдин принциптерин ойлоп таап, иш жүзүндө колдоно башташкан. Ал эми Орусияда 1990-жылдардан баштап тармактык маркетингдин концепциялары колдонула баштаган.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17