Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
4,151 Бардыгы / Кыргызстандын түштүгүндө Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы кең-кесири белгиленип, жергиликтүү тургундарга жана конокторго ошо мезгилдеги Совет элинин жана советтик жоокерлердин каармандыгы театрлаштырылып көрсөтүлдү. – Айланайындар, эзели согуш бетин көрбөгүлө! Биз силердин бүгүнкү жаркын келечегиңер үчүн фашисттик баскынчылар менен аеосуз жана беш жыл бою салгылашканбыз. Жыл өткөн сайын катарыбыз улам эле суюлуп баратат. Эң башкысы […]
4,152 Бардыгы / Кыргызстандын түштүгүндө Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы кең-кесири белгиленип, жергиликтүү тургундарга жана конокторго ошо мезгилдеги Совет элинин жана советтик жоокерлердин каармандыгы театрлаштырылып көрсөтүлдү. – Айланайындар, эзели согуш бетин көрбөгүлө! Биз силердин бүгүнкү жаркын келечегиңер үчүн фашисттик баскынчылар менен аеосуз жана беш жыл бою салгылашканбыз. Жыл өткөн сайын катарыбыз улам эле суюлуп баратат. Эң башкысы […]
А АТАЛАР ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК БИЗ ҮЧҮН, КАЛА БЕРДИ ТАНК АЛДЫНДА ТЕПСЕЛИП…
10.05.2019 / Автор aymak

4,153 Бардыгы /
Кыргызстандын түштүгүндө Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы кең-кесири белгиленип, жергиликтүү тургундарга жана конокторго ошо мезгилдеги Совет элинин жана советтик жоокерлердин каармандыгы театрлаштырылып көрсөтүлдү.
– Айланайындар, эзели согуш бетин көрбөгүлө! Биз силердин бүгүнкү жаркын келечегиңер үчүн фашисттик баскынчылар менен аеосуз жана беш жыл бою салгылашканбыз. Жыл өткөн сайын катарыбыз улам эле суюлуп баратат. Эң башкысы тынч жана бакубат жашоонун кадырын билип жүргүлө? – деди Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ноокат районунун тургуну Касымбай ата ЖОЛДОШЕВ. – Мен согушка 1943-жылы аттанып, 1950-жылы гана Мекениме араң кайтып келдим. Анткени, Германияны жеңгенден кийин Жапонияда жана Кытайда дагы бекем тынтыкты орнотууга катыштым.
– А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип, – деп мектепте далай ирет канкакшап ырдачу элек. Анткени, биздин муундагылар дал ошол апаатка катышып, кийин айылына кайтпай калышкан далай энелердин муң-зарын угуп чоңойбодукпу. Мен Кыргызстанды эле эмес бүтүндөй Жер шарын мындан ары бейкуттук гана жылоолосун демекчимин, – деди Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургуну Максат ОМОНОВА.
– Жыл өткөн сайын согуш ардагерлеринин катары ула эле суюлуп баратат. Дагы он жылдан кийин булардын бирин дагы таппайбыз, эй! Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү мүмкүнчүлүгүн катуу караштарып, тирүү калган согуш ардагеринин ар бирине батир жана жеңил машина тартууласа деле жарашат жана аздык кылат. СССР урабай турганда, сөзсүз муну жасамак, – деп чырылдады Ош шаарынынын жашоочусу Рахим ЭШМАТОВ.
Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замирбек АСКАРОВ Улуу Ата Мекендик согушка биздин өлкөдөн 85 миң адам аттанып, булардын 25 миңи кан майданда курман болгондугун кошумчалады.
– Жыл сайын 9-майда өз өмүрүн аябастан согуш талааларында жана оорукта биздин жаркын келечегибиз үчүн Жеңишти камсыз кылгандарды сыймыктануу менен эскеребиз. Биз кайталангыс эрдик көрсөтүп, каардуу фашизмди жеңген баатырлардын жаркын элесине башыбызды терең ийип, терең ыраазычылыгыбызды билдиргенге милдеткербиз! 9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубаныч. Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине гана
өтүп, ошол жылдардын бүктөмүндө гана калды. Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө дагыле жашап келет жана сезимибизде түбөлүккө гана сакталат. Аталарыбыздын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, кийинки урпактарга дагы жетет. Улуу Жеңиш күнүн жыл сайын белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан дагы күчтүү экендигин даңазалайбыз! Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эңсегендерге, бир улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун максаттагандарга катуу эскертүү гана болуп саналат, – деди биринчи вице-премьер-министр Замирбек АСКАРОВ.
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына театралаштырылган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Анда немистик фашисттердин зулумдугу, советтик жоокерлердин эрдиги таасын айгинеленди. Атайын даярдыктан өткөн топ шаардыктарга уруш ыкмаларын дагы тартуулап, советтик жоокерлер жана Жеңиш жөнүндө ырлар үстөккө-босток жаңырды. Соңунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун катышуучуларына адаттагыдай эле аскер тамак-ашы тартылды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.