Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,431 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу максатында келген Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди өтүп кеткен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын ыкластан куттуктап, Кыргызстанда дагы «Өлбөс Полктун» жүрүшү өткөндүгүн, бул иш-чарага өзү […]
1,432 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу максатында келген Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди өтүп кеткен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын ыкластан куттуктап, Кыргызстанда дагы «Өлбөс Полктун» жүрүшү өткөндүгүн, бул иш-чарага өзү […]
ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ ОРУСИЯНЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ
15.05.2019 / Автор anarkan_kg

1,433 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу максатында келген Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушевди өтүп кеткен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын ыкластан куттуктап, Кыргызстанда дагы «Өлбөс Полктун» жүрүшү өткөндүгүн, бул иш-чарага өзү дагы катышканын эске салды. Ошондой эле жакында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары Кыргыз-Орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөргөндүгүн ачыктады. Ошондуктан, Орусиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын дагы билдирди. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз-Орус кызматташтыгын өнүктүрү ушул тапта абдан маанилүү.
– Орусия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын дагы куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар дагы берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөштү, ошондой эле аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү ого бетер арттырат, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал эми Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев жылуу кабыл алуусу жана туруктуу жолугушуулары үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди.Ал ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековду дагы Жеңиш күнү майрамы менен кызуу куттуктап, бул өлкөлөрдүн тарыхында абдан маанилүү күн болуп саналаарын, ал эми «Өлбөс Полк» жүрүшү дүйнө элдерин мындан дагы бириктирээрин баса белгиледи. А Николай Патрушев ошондой эле Эл аралык уюмдардын алкагында Орусиянын позициясын туруктуу колдогондугу үчүн Кыргызстанга бекем ыраазычылыгын дагы жашырган жок.
Президент С.Жээнбеков жана Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга, мунун ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча дагы ачык түрдө пикир алмашышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛГОН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.