Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
781 Бардыгы / Израиль мамлекетинин негизделгендигинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Израиль менен Газа секторунун чек арасында 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Израилдин Коргонуу армиясы нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышып жатканын билдирди. «15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израиль аскерлерин көздөй таштарды ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымдарында, аскерлер жооп катары согуштук […]
782 Бардыгы / Израиль мамлекетинин негизделгендигинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Израиль менен Газа секторунун чек арасында 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Израилдин Коргонуу армиясы нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышып жатканын билдирди. «15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израиль аскерлерин көздөй таштарды ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымдарында, аскерлер жооп катары согуштук […]
ГАЗА СЕКТОРУ МЕНЕН ИЗРАИЛДИН ЧЕК АРАСЫНДА 50 ПАЛЕСТИНАЛЫК ЖАРАКАТ АЛДЫ
16.05.2019 / Автор aymak

783 Бардыгы /
Израиль мамлекетинин негизделгендигинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Израиль менен Газа секторунун чек арасында 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Израилдин Коргонуу армиясы нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышып жатканын билдирди.
«15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израиль аскерлерин көздөй таштарды ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымдарында, аскерлер жооп катары согуштук жана желим октор менен атып, көздөн жаш агызчу газдарды колдонушту. Израиль анын бул операциясы коргонуу мүнөзүнө ээ экенин билдирүүдө», — деп жазды Reuters.
Мындан тышкары палестиналыктар Батыш жээкте дагы бир нече нааразылык акцияларын өткөргөнү кабарланууда. Ал аймакта израиль аскерлери менен олуттуу кагылышуулар болгондугу тууралуу маалыматтар жок.
Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын жаракаттары тууралуу так маалымат тарата элек.
Израиль менен Палестина автономиясынын ортосундагы жаңжал быйыл майдын башында кайрадан курчуган. Анда палестин көзгө атары эки израиль аскерин жарадар кылган. Жооп катары израиль аба күчтөрү ХАМАСтын позицияларына чабуул жасап, эки палестиналык каза болгон. Андан соң Газа секторунан Израилди көздөй жүздөгөн ракета учурулуп, төрт израилдик мерт болуп, ондогон киши жаракат алган. Израилдин соккуларынын жыйынтыгында 20га жакын палестиналык мерт болгон. Алардын арасында аскерлештирилген топтордун мүчөлөрү менен катар жай тургундар дагы болгон. Жалпысынан соккулар ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун 300дөн ашык объектисине жасалган.
1948-жылы май айында айрым араб өлкөлөрү Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү тууралуу БУУнун чечими менен макул болбой, израиль куралдуу күчтөрүнө каршы аскердик операцияларды башташкан. Израиль чабуулдун мизин кайтарып, араб аймактарынын бир бөлүгүн басып алган. Аскердик аракеттердин жүрүшүндө араб калкы Израилдин карамагына өткөн аймактардан массалык түрдө чыгып кете баштаган. Түрдүү маалыматтар боюнча палестин качкындарынын саны 600 миңге чейин жеткен. Кийин бул окуялар араб дүйнөсүндө Накба деген аталышка ээ болгон. 1949-жылы согуш аяктагандан кийин 800 миңден ашык еврей араб өлкөлөрүнөн Израилге жана башка өлкөлөргө качкан.
www.
Автор aymak
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН ӨТМӨГҮ КУРУЛА БАШТАЛДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.