Аймак

ЛѲЛҮ ТЕКТҮҮ ЖАРАНДАР ТЕКШЕРҮҮГѲ АЛЫНДЫ

ЛѲЛҮ ТЕКТҮҮ ЖАРАНДАР ТЕКШЕРҮҮГѲ АЛЫНДЫ

 1,900 Бардыгы /

Акыркы учурларда Жалал-Абад шаарынын аймагында лѳлү тектүү жарандардын кѳбѳйгѳндүгү байкалган. Алар базарлардын ичинде жагымсыз жагдай жаратып, кесилишкен кѳчѳлѳрдүн ортосуна чейин чыгышып, кайыр сурашып, автотыгын пайда кылып жаткандыгы боюнча арыз даттануулар Жалал-Абад ШИИБне келип түшкѳн.

Милиция тарабынан жүргүзүлгѳн операциянын алкагында 73 лѳлү тектүү жарандар аныкталып, Жалал-Абад ШИИБне жеткирилди. Алардын 26сы жаш балдар.

Текшерүүнүн натыйжасында бардыгы ижарага алынган үйдѳ жашап жатышкандыгы белгилүү болду.  Буга байланыштуу Жалал-Абад ШИИБи лѳлү тектүү жарандарга үйүн ижарага берген жаранга чара кѳрүү боюнча сунушун Жалал-Абад шаардык мэриясына жолдоду. Рейд Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурган.

Тиешелүү тактоо иштеринен соң алар мэрия тарабынан каралган автобус менен Ош шаарынын аймагына жеткирилди. Себеби алардын кѳпчүлүгүнүн жашаган дареги ушул аймакка тиешелүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17