Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,082 Бардыгы / БИШКЕК. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков буга дейре борбор калаабыздын бир катар маанилүү маданий обьектилерине баш баккан. Маселен, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына сапарлган. Эми минтип Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын дагы кыдырды. Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм […]
2,083 Бардыгы / БИШКЕК. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков буга дейре борбор калаабыздын бир катар маанилүү маданий обьектилерине баш баккан. Маселен, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына сапарлган. Эми минтип Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын дагы кыдырды. Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм […]
ПРЕЗИДЕНТ Т.САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН АЛ-АКЫБАЛЫ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ
27.05.2019 / Автор aymak

2,084 Бардыгы /
БИШКЕК. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков буга дейре борбор калаабыздын бир катар маанилүү маданий обьектилерине баш баккан. Маселен, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына сапарлган. Эми минтип Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын дагы кыдырды.
Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов кенен-чонон айтып беришти. Ал эми айлана-чөйрөсүн жакшыртуу жаатындагы маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жасады. Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү. Фойе жана сахна толук реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуу түйүнү, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдолуп-түзөлдү. Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, Опера жана балет театры, Кыргыз жана Орус драма театрларынын ремонтуна тендер дагы жарыяланды. Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты бир сыйра кыдыргандан кийин борбор калаанын маданият обьектилерине мындан ары мамлекеттик даражада өзгөчө көңүл бурулаарын убадалады. Бул жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры бүтүндөй ремонттолот.
Ошентип, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, аталган драма театрларынын имараттары 1970-1972-жылдары пайдаланууга тапшырылган. Ошондон бери бир дагы жолу толугу менен ремонттолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы гана ремонттолгон экен, 2016-2017-жылдарда жарым-жартылай оңдолуп-түзөлгөн. Филармония акыркы жылы 2007-жылы гана ремонттолгон.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКАДА ЫЗАР АЙМАКТЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.