Аймак

ПУТИН ЕВРОБИРИМДИККЕ КАРАТА САНКЦИЯЛАРДЫ УЗАРТТЫ

ПУТИН ЕВРОБИРИМДИККЕ КАРАТА САНКЦИЯЛАРДЫ УЗАРТТЫ

 936 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путин Евробиримдикке киргизилген санкцияларды узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. ЕБга мүчө өлкөлөрдөн азык-түлүк ташууга кийинки жылдын аягына чейин тыюу салынды. Путин кол койгон жарлыкта бул “өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалганы” белгиленген.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан кийин батыш өлкөлөрү Москвага чектөөлөрдү киргизген. Кремль буга контрсанкциялар менен жооп кайтарган. Орус бийлиги дүкөн текчелериндеги “санкцияга илинген” тамак-ашты коомчулук алдында жок кылып же чек арада конфискациялоодо.

Төрт жыл аралыгында трактор алдына же мешке ондогон тонна азык-түлүк жөнөтүлдү. Акыркы айларда тамак-аштын “кара тизмесин” кеңейтүү чакырыктары жаңырууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17